Жээнбековдун чоң басма сөз жыйыны: эң негизги суроолор

Published
Окуу убактысы: 6 мүнөт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков экинчи ирет басма сөз жыйынын өткөрүүдө. Президенттин расмий сайты жалпысы болуп 188 журналист каттоодон өткөнүн билдирди.

Алардын жыйырма сегизи Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү. Басма сөз жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Өмүрбек Бабановго 25 суроо качан берилет?

Президенттик шайлоодогу дебаттарда Сооронбай Жээнбеков "коррупция менен күрөштү сенден баштайм" деп, "2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем, сага 25 суроом бар",- дегени бар.

"Элдик медиа" басылмасы президентке Бабановго ошол суроолор бериле электигин эсине салды.

"Ө.Бабановдун таржымалы чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткендигинин накта үлгүсү. Мурда иш козголгон экен. Экономикалык иштери бар экен. Ага шарт түзүлдү, өзүнүн чындыгын көрсөтсүн. 25 суроону менин бергеним туура эмес го. Аны тергөө берет. Менин билишимче ар кандай суроо бар дейт. Аны убакыт көрсөтөт",-деди Жээнбеков.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы болгон. Шайлоо жарышы учурунда анын коңшулаш Казакстандын президентине барып жолукканы, кыргыз-казак мамилесин бир топ чыңалткан. Ошондон кийин расмий Бишкек бул эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп жатат деп казак элчисин чакыртып, каршылык нотасын тапшырган. Көп өтпөй үгүт маалында шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзү коомчулукта катуу талкууларды жаратып, кийин "улут аралык кастыкты козуткан" сөз сүйлөдү деп, кылмыш иши козголгон.

Өмүрбек Бабанов шайлоодо 33 пайыздан ашуун добуш алып, айрым облустарда жеңишке жетишкен эле. Шайлоодон кийин, саясаттан кеткенин айтып, Орусияга чыгып кеткен. Бабанов Кыргызстанга август айында кайтып келген. Апта башында эле "Республика" партиясынын лидерлигинен кеткенин жарыялады.

Коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жаткан жокпу?

"Жетинчи каналдын" кабарчысы коррупцияга каршы күрөшкө жамынган саясий репрессия болуп жатканы жөнүндө коомчулукта сын пикирлер болуп жатканын козгоду.

"Окуп атам ар кандай сөздөр бар, тандалма күрөш байма бай, окуп атам. Мен жооп берет элем. Тандалма жүргөн жок,-деп жооп берди президент. - Баштаганда эле биринчи эң чоң маселе болуп коопсуздук кеңешинде коррупция каралган. Мен өзүм региондо иштеп жүрүп, жакшы билип калгам. Коррупция боюнча укук коргоо органдарына, сот бийлигине чоң доомат айтылган, бир топ тапшырмалар берилген. Жакында үч коопсуздук кеңешинин жыйынтыгын кайра карайбыз. Тоо кен, фискалдык саясат боюнча, анын баарын январда карайм, баарынан сурайбыз. Ɵткөндө Германияга барганда мага эки суроо беришти. 1 саат 20 мүнөт жакшы сүйлөшүү болду, жакшы колдоо болду. Биринчи суроо паспорт тендериндеги коррупциялык иштер жөнүндө болду. 274 миллион сомго аз берген компанияга бербей, көп берген компанияга берип коюшкан. Азыр Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Шайыкова качып жүрөт, аты таанымал компания катышкан экен. Жаман акыбалда калдым. Экинчи суроо болду. Силерде өткөндө АКШнын коомдук уюму саясий өңүттө камоолор болуп жатат деп айтканы тууралуу. Мен актанган жокмун, эгерде бир мамлекеттин бир проект менен беш пайыз бюджетин уурдап алып чыгып кетсе эмне кылат элеңер дедим. Мына биздики 2 миллиард 200 млн доллар. Беш пайызы 111 млн доллар болот. Ушуну саясий куугунтук деп айтабы. Корруция менен күрөшүү оңой эмес, мынча кыйын экенин азыр жон терим менен сезип атам, буга команда керек, таза орган керек. Азыр бир эле ал эмес, НДС боюнча бир миллиард алып чыгып кеткендердин иши каралууда. Бир эле ТЭЦ эмес, соттор, прокурорлор кармалып атат. АКСка ылдый түшпөгүлө, укук коргоо, сот органдарындагы коррупция менен күрөшкүлө деп багыт бергем, иштер жүрүп атат. 102 млн сомду бажыдан чыгаргандар кармалды".

Бажыдагы уурулук жана коррупция

Бажыдагы уурулук жана коррупция маселеси, Кыргызстандан уурдалган миллиондор, ага Бажы кызматынын мурдакы жетекчилеринин бири Раим Матраимовдин катышы жөнүндө басма сөз жыйындын эң башкы суроосу болот деп күтүлүп жаткан. Президент дагы бул суроого катуу даярданып келген болушу керек.

Айткандай эле журналисттик иликтөө жасаган "Азаттык" үналгысынын кабарчысынын президентке берген суроосу бажыдагы уурулук, Матраимов жөнүндө болду.

"Айткан кишилер далилдеп берсе, анан кийин иш башталат".

"Раим Матраимовдун маселеси мага чейинки жылдары, биздин элибиздин коррупцияны жек көргөнүн билип туруп, ошол коррупционерлердин саясий технологдору Раим Матраимовду коррупциянын символу кылып туруп, аны мага жабыштыргысы келип атышат. Мен да кызыкдармын ушуна аягына чыгарганга. Митинг да болду, силер да бердиңер. Улуттук коопсуздук комитетинин алдында атайын тергөө тобу түзүлдү. Тапшырма берилди, убакыт керек. Сотко беришти. Берген жүйөөлү фактылар боюнча укук коргоо органдары иштей баштады. Айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек. Сен айтып койсоң эле дароо кармагыдай азыр 37-жыл эмес да. Аны бекемдеш керек. Айткан кишилер далилдеп берсе чогуу отуруп, анан кийин иш башталат. Ошол процесс жүрүп атат, ошонун үстүндө иштеп атышат. Менин маалыматым боюнча эки депутат келип кетти суракка, Матраимов, Ширин Айтматова келип кетти. Мамлекеттерге жөнөттү анын мүлкү боюнча. 13 мамлекетке кетти. Мен бажыдагы коррупцияга күрөш жүргүзүп атам. Раим Матраимов 23-ноябрда кетти, мен 24-ноябрда кызматка келдим. Бирок, мурун-кийин болгонбу, мен президентмин, мен жооп беришим керек. Бажы кызматын толук фискалдаштырып, санариптештирүүгө өткөзүп атам РФ президентинин жардамы менен. Мурда бажыны көзөмөлдөй турган органдар, ошол жетекчилер, президенттер өздөрү чогуу болгон схеманын башында турган. Азыр "кошелек", "капчык" деген жок. Эркечтам, Торугарт, андан сырткары алты жерге сканер коюлду. Премьер артынан кубалап жүрүп, күч менен киргиздик. Эки күндө, эки саатта өткөн жүк азыр беш-он мүнөттө өтөт, сканерден баары көрүнөт. Ар бир жаран сайтка кирип көрсүн, баары айкын",-деди Сооронбай Жээнбеков.

Чек ара маселеси качан чечилет?

Президентке чек ара маселеси качан жайгарылат деген суроолор берилди.

"Өзбекстан менен тез-тез жолугушуулар өтүп жатат. Иштин жылып жатышы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эмгеги. Беш пайыздай талаштуу жерлер калды. Аны дагы олтуруп чечебиз. Тажикстан менен маселе оор болуп жатат. Мурун сүйлөшүүлөр токтоп калган. Биз аны жанданттык, Эмомали Рахмон менен бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Биздин позициябыз даана, так. Келгиле, сүйлөшөлү, алмаша турганын алмашалы, эл менен ачык-айкын сүйлөшөлү деп айтып жатабыз. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок ачык айтыш керек, биз ойлогондой жүрбөй жатат. Бул эми эки тараптуу чечиле турган маселе да. Анан бул маселеге этият мамиле кылышыбыз керек. Мен күн сайын Баткендеги абалды сурап турам. Ачык айтканда, кээде ийнеде отургандай отурабыз, чек арабыз тынч болсо экен деп. Эки тарапта тең кызуу кандуу кишилер бар. Таш ыргытылып, ок атылып кетип жатат. Мунун баарын этият кылышыбыз керек. Албетте, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек. Анын үстүнөн иштеп жатабыз, чек ара боюнча биздин дагы ойлорубуз бар",-деди Жээнбеков.

Тажикстан менен чек ара маселеси курч бойдон кала берди. Сентябрь башында эле кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, тараптар бири-бирин айыптаган ноталарды жолдоду. Соңку жаңжал өткөн аптада катталып, Кыргызстандан эки киши октон жаракат алды.

Июль айында катталган жаңжалдан кийин президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушкан эле. Алар чек ара тилкелериндеги айылдардагы коопсуздукту камсыздоо, чатакташууларды болтурбоо убадаларын берген. Андан кийин дагы ок атышууга жеткен жаңжал бир нече ирет кайталанды.

Феминналеге президенттин жообу

"Ата-бабаларыбыз илгертен аялзатына абдан аяр мамиле кылып келген. Тарыхый сүрөттөрдө апаларыбыз ак элечек менен, өзүбүздүн каада-салттын негизинде шариятка туура келген ыйман менен жүрүшкөн эмеспи. Музейдеги аялдарды жылаңачтап, коомчулукка чыгаруу - аялзатын кемсинтүү деп ойлойм. Кээ бир саясатчылар, эксперттер чыгып алып, бул кыргыздын салтында болгон "төө чечмей" болгон дешти. Бул ачык айтканда, мазактоо. Сүймөнкул Чокморовдун көргөзмөсү ачылганда музейде баргам. Мира Жангарачева музей ремонт талап кыларын айткан. Жертөлөсүнө чейин кирип көргөм. Ремонт керек деген сунушун колдогом. Анан ушундай иш болуп кетти. Эми жаңы жетекчи шайлашыптыр. Эми ишти жасашат деп ойлойм",-деди президент.

Ноябрь соңунда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде феминнале иш-чарасы өткөн. Үч апталык көргөзмөгө аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлуп, чоң талкуу жараткан. Сойкулук менен иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял курч талкууга жем таштап, жарандык активисттер нааразылык билдирип чыккан. Ушундан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, өкмөт музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткенин билдирген. Аялдар укугу менен иш алып барган уюмдар, экс-президент Р.Отунбаева музей директорунун жумуштан кетишин катуу сынга алганы бар.

"Өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келип койду"

"Кактустун" кабарчысы мурдакы президент Атамбаев кызуу кандуулукка салып, ар кандай күтүлбөгөн ишке барышынан президент коркпойбу деп сурады.

С. Жээнбеков: "Албетте, мен да кайдыгер эмесмин. Чогуу болдук кыйын жылдарда. 2005-жылы, 2010-жылдары режимдерге каршы бирге күрөштүк. Бул оңой маселе эмес. Мен президент болгондон бери да сөз айткан жокмун. Мамлекеттин, элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү менин тагдырыман бийик турат. Кантип айтса дагы, эмне кылып атса дагы мен көңүл бурган жокмун. Өзүңөр баа бергиле, эмне деген сөздөр айтылып атты. Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барып атышты. Мамлекеттик бийликти басып алганга чакырып атышты. Мен чыдадым, күттүм, токтоор деп. Акырында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келип койду. Азыр менин эмес, сот бийлигинин, укук коргоо органдарынын колунда. Парламент да саясый баасын берди, мен ага кошуп айта албайм. Ачык айтканда, мен бир ууч топтун эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргогонго өттүм. Мени келечекте эмне күтөт, анын баары кудайдын колунда. Келечекте мыйзамдын, кудайдын алдында жооп берем деп аракет кылып иштей берсек, баары жакшы болот".

Борбор Азиядагы суу пайдалануу маселеси

Би-Би-Си Борбор Азияда суу колдонуу маселеси боюнча Кыргызстандын позициясын сурады.

"Суу ресурстары Борбордук Азиядагы маанилүү маселелердин бири. Биз чогуу иштетели, Кыргызстандын дагы кызыкчылыгы эске алынсын дейбиз. Биз сууну сактап берип жатабыз. Бирок Казакстанга жеткенге чейин элүү пайыз жок болуп кетет. Анткени шагылга сиңип кетүүдө. Мен ошол маселени койдум. Силер бизге айтып жатасыңар, бизге келишимде каралган көлөмдө суу келбей жатат деп, каналды биз эле курбайбыз. Кимдин канча үлүшү болсо, чогуу куралы деп жатабыз. Нарын дарыясында жайгашкан гидроэлектростанцияларыбыз бар. Биз ал жерден электр энергиясын чыгарабыз. 1998-жылы кол коюлган келишимдин негизинде биздин кеткен чыгымдарды алар күйүүчү май же газ, акчалай түрүндө төлөп берип келген. Ошол 2006-жылы токтоп калган. Ошону кайра жандандыралы, бекер болбойт деп маселе коюп жатам. Ким канча суу алса, ошол деңгээлде акча төлөсүн деген маселени коюп жатабыз. Жылыштар бар",-деди С. Жээнбеков.