You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Аткезчилик жасагандар кутулат, аны айткандар тутулабы?"
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Аскердик прокуратура Оштогу Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Талгат Алановдун коррупция боюнча айткандарын териштирүүгө киришти. Аланов өзү коркутуп-үркүтүү, кызматтык опузага кабылганын айтып жатат.
Ал тапта Чек ара кызматы журналисттерге коррупция тууралуу маалымат берген эки кызматкерин издөөгө берди.
Жемкорлук тууралуу айтып чыккандардын коопсуздугу тууралуу маселе чыгууда.
"Этият бол"
Ошто Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов жакында эле өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан эле.
"Коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат, "этият бол" таризинде жашыруун телефондук чалуулар болуп атат. Жумушумдан болсо, кызматтык куугунтуктарга кабылдым. Эмгек өргүүсүнө да чыгарбай жатышат. Мени каралоо максатында айрым аскерлерден түшүнүк каттарды алып жаткандай", -деди ал бүгүн Би-Би-Сиге.
Аланов ал иштеген мекемеде тааныш-билиштик, кызматка дайындоодо жең ичинен чечишмейлер бар экенин билдирген.
Чек арадагы коррупция
Талгат Алановдун маселеси бүгүн парламентте "Республика - Ата Журт" фракциясынын өкүлү Максат Сабиров тарабынан көтөрүлдү:
" Улуу офицер Талгат Аланов бир топ кызматтар, адамдар тууралуу айтып атат, ошолор боюнча иш козголдубу?".
Баш прокуратура өкүлү бул боюнча иш териштирилип, тергөө жүрүп жатканын айтты.
Депутат чек арадагы коррупцияга байланыштуу журналисттерге нак акча "Манас" аба майданы аркылуу кантип ташылып турганын айтып беришкен майор Айбек Камчыбеков жана улуу лейтенант Марлис Осмонбеков тууралуу да кызыкты.
"Ошол жерде алтындардын, акчалардын кетип атканы боюнча жогору жакка маалымат берип турганбыз деп атышат. Кийин ал материалдардын баарын, телефондорунан бери алышыптыр. Жумуштан да кетирип атышыптыр. Бул боюнча катуу чаралар керек, болбосо, биздин погончон, ант берген адамдарыбыз ушинтип атышпайбы. Бул деген мамлекеттик коопсуздук тууралуу да маселе да", -деди депутат.
Күч органдарына жооп берүүчү вице-премьер Жеңиш Разаков учурда тергөө жүрүп жатат деп, бул боюнча депутатка өзүнчө маалымат берилет, деди.
Чек арадагы коррупцияга байланышкан бул окуялардан улам коомдук сайттарда "аткезчилик жасагандар кутулат, аны айткандар тутулабы" деген суроолор көтөрүлүп жатат.
Сөз менен иш
Коррупцияга каршы күрөш - президент Жээнбековдун эң башкы урааны. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө коомдук колдоого муктаж экенин дайым айтып келет.
Ал тургай, коррупциялык кылмыштар тууралуу билдирген жарандарды коргоо жана аларга сыйлык жөнүндө мыйзам да кабыл алынып, быйыл 29-январда күчүнө кирген эле.
Би-Би-Си ага ылайык коррупцияны ашкерелөө боюнча канча киши кайрылды деп, Баш прокуратура, ИИМ жана УКМКга кайрылып, бирок алардын даяр жообу жок чыкты.
Буга чейин мамтехинспекция (Анара Мамбеталиева), темир жол (Алия Асанбаева) тармагында паракорчулук, жең ичинен жемей тууралуу коомго кайрылуулар болгон.
Мамбеталиева алгач кызматынан четтетилип, бирок президент анын арызын Коопсуздук Кеңешке тапшырып, кийин кызмат ордуна кайтып келгени эсте.
"АКС жоюлсун"
Коррупциялык иштердин бетин ачуу, аларды тергөө функциясы негизинен атайын кызматта.
Бирок талдоочулар бул Коррупцияга каршы күрөш кызматы өзүнүн тикелей функциясынан четтеп, коррупция менен күрөшүүнүн эмес, саясаттын куралына айланганын айтып жатышат.
"Кандай укуктук өзгөрүүлөрдү киргизибиш керек? Бүгүн президенттин (Атамбаевдин )таасиринин күчөшүнүн бир шарты бар. Бул репрессия. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын алдында АКС деген бар. Бул конституцияга да туура келбейт. Ал кызмат жоюлуп, туздөн түз премьер-министрдин кароосуна өтүшү керек", -деди саясатчы Өмүрбек Текебаев.
Президент Сооронбай Жээнбеков өзү деле былтыр коррупцияга каршы кызматтын өзү жемкорлукка чалынганын Коопсуздук кеңешинде катуу айтканы бар. Бирок укук коргоочулардын талабына карабай, бул жаатта реформа жасалбай келет.
Жемкорлук тууралуу жеке адамдардын кайрылуусу азырынча мамлекеттик органдардан колдоо таап жатканы бирин-серин, бирок бул иште жарандык коом колдоо көрсөтүп, "Адилет" укуктук клиникасы андай жарандарга бекер юридикалык кеңеш берүүгө даяр экенин айтып келет.