You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кол тийбестик: Конституциялык палатанын жыйыны
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Конституциялык палата Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени карап баштады. Бүгүнкү жыйында кайрылуучу жана жоопкер тарап Конституциялык палатанын аракеттеги жана мурдагы төрагалары: Карыбек Дүйшеев менен Эркинбек Мамыровго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.
Кайрылуучу тараптын өкүлү, укук коргоочу Нурбек Токтакунов төрага Карыбек Дүйшеев кезинде парламенттин мурдагы спикери Асылбек Жээнбековдун кол алдында иштегенин жүйөө кармап, ага ишенбөөчүлүк көрсөттү:
"Карыбек Дүйшеев президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеген. Бул жерде жеке мамилелер болгон деп эсептейм. Ошондой эле башка жагдайлар анын бейтарап болушуна таасир этиши мүмкүн".
Буга Конституциялык палатанын коллегиялык чечими төмөндөгүдөй болду:
"Конституциялык палата Токтакуновдун жана төрага Дүйшеевдин жүйөөлөрүн угуп, төмөндөгүдөй бүтүмгө келди. Жогорку Кеңеште бирге иштегени судьялардын бир тараптуу болушу үчүн салмактуу жагдай боло албайт. Каралып жаткан маселенин предмети менен Дүйшеевдин спикердин кеңешчиси болуп иштегендиги кызматтык мамилеринин байланышы жок. "Конституциялык палата жөнүндө" мыйзамдын 36,46,47, 51-беренелерине ылайык Нурбек Токтакуновдун сунушу четке кагылды",- деди судья Эмил Өскөнбаев.
Бүгүнкү жыйында жоопкер тараптан да сотко өтүнүч келтирилип, Жогорку Кеңеш аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Бердимуратов Конституциялык палатанын судьясы Эркинбек Мамыровго ишенбөөчүлүк көрсөттү.
"Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясына Мамыров жыл башында баа берип, тийиштүү регламентти бузуп, ал үчүн Соттор кеңешинен эскертүү алган, деди юрист:
"ММКларга Конституциялык Палатанын ишмердиги тууралуу жыл башында интервью бергем. Журналисттер анда Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоору тууралуу кызыгышкан. Азыр эми ал мыйзам Конституциялык палатада каралып жатат. Бирок ал басма сөз жыйынында мен комментарий берген эмесмин. Мен Баш мыйзамдагы принцип нормаларына гана токтолгом. Бирок алар аны ошол мыйзам долбооруна комментарий катары кабыл алышыптыр", -деди буга Конституциялык палатанын өкүлү Эрнис Мамыров.
Бирок коллегия жоопкер тараптын сунушун жүйөөлүү деп таап, судьяны жыйындан четтетти.
Быйыл 24-майда күчүнө кирген жана анын негизинде Атамбаевден "экс-президент" макамы алынган "Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясы Баш мыйзамга каршы келеби же жокпу каралууда.
Атамбаевдин тарапкерлери мурунку президентке "экс-президент" макамы 2017-жылы эле берилгенин жүйөө кармап, жаңы мыйзам артка иштебейт деп Конституциялык палатага кайрылган.
"Экс-президент өтө маанилүү мамлекеттик сырларды билет. Президент болуп турганда ал айрым адамдардын же топтун кызыкчылыгына туура келбеген чечим кабыл алышы мүмкүн. Бул себептүү мыйзам аны куугунтуктан коргошу керек. Конституциялык палата 2018-жылдын 3-октябрында Баш мыйзамга ылайык бардык президенттер, эгер кызматынан четтелбеген болсо, "экс-президент" макамын алып жүрө алат деген. Бул макам мыйзам менен бекитилет", -деди КСДП юристи Нурбек Касымбеков бүгүнкү жыйында.
Конституциялык палатанын 2018-жылдагы "экс-президент" маселесинде бүтүмү бүгүн жыйындан четтетилген, мурунку төрага Эркинбек Мамыровдун тушунда кабыл алынган.
Жогорку Соттун Конституциялык палатасы он бир судьядан турат. Конституциялык палата конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу өз алдынча жогорку сот органы болуп саналат.