You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кол тийбестик: мыйзам жана саясат
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
23-октябрда Конституциялык Палата Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени карайт. Атамбаевдин тарапкерлери чечим оңунан болот деп үмүттөнүшүүдө.
Айрым укук коргоочулар бул чечим экс-президенттин эле эмес, өлкөнүн тагдырын аныктарын айтып жатышат.
"Мыйзам артка иштебейт"
Конституциялык Палата шаршембиде "Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы Баш мыйзамга каршы келеби же жокпу өзүнүн бүтүмүн чыгарат.
"Атамбаев 2017-жылдын 24-ноябрында эле экс-президент макамын алган. Ал эми азыр ага быйыл 27-майда күчүнө кирген президенттин ишмердиги тууралуу мыйзамды колдонуп атышат. Ал мыйзам 27-майдан кийин экс-президент макамын алган президенттерге колдонулушу керек эле. Мыйзам артка иштебейт деген Конституциянын 28-беренеси бузулуп жатпайбы", - КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков.
Ал Конституциялык Палатага кайрылууга жети адам кол койгонун билдирди.
Алардын бешөө -Жогорку Кеңеш депутаттары: Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков, Карамат Орозова жана партиянын эки юристи.
"Тарыхый адилеттүүлүк орносун"
Атамбаевдин тарапкерлери мурунку президентке айып коюу үчүн Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүү да мыйзамсыз болгон деп эсептешет:
"Экс-президент макамы Жогорку Кеңештин токтому менен эле алынды. Токтом мыйзамдан күчтүү болбойт да. Тийиштүү мыйзамда жазылып турат: экс-президенттен "экс" деген макам мурунку президенттин кылмышы сотто далилденип, соттун өкүмү чыккандан кийин гана алынат деп. Эми Конституциялык Палата жакшы чечим чыгарат деп үмүт кылып жатабыз. Бирок андай болбой калса, анда мамлекетибиздин укуктук талаасында абдан чоң катачылык болот",- деди парламенттеги КСДП фракциясынын өкүлү Карамат Орозова.
Алмазбек Атамбаев "экс-президент" макамынан быйыл 27-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан ажыратылган. Депутаттык комиссия ага каршы алты айып койгон.
"Батукаев, көмүр, ЖЭБ боюнча көрсөтмө берип атышат. Ага унчукпай койсок тарыхый адилеттүүлүк кайда? КМШ мамлекеттеринде эң көп жоопко тартылган чиновниктер Кыргызстанда болуп жатат. Себеби, алар президенттин тапшырмасын аткарышкан. А башкы адам жоопко тартылабы?", -деген эле атайын комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев .
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ИИМ Атамбаевди суракка үч жолу чакырып, бирок ал баш тартып келбей койду. Бул тирешүү Кой-Таштагы 7-8-августтагы тополоң окуялар менен аяктады. Учурда райондук сотто Батукаевдин иши каралып, Атамбаев баштапкы сот жыйындарына келүүдөн да баш тартып келет.
Сынактан сынбайсыңбы?
Быйыл экс-президент маселесинде Конституциялык Палатага кайрылуу түшкөн чакта аталган органдын жетекчилиги алмашып, бул жарандык коомдо шектенүүлөрдү жаратты.
Жаңы төрага Карыбек Дүйшеевдин кезинде Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштегени да көп талкууларды жаратып, эми Конституциялык Палата Атамбаев маселесинде канчалык калыс болот деген суроо жаратууда.
"Конституциялык Палатаны көз карандысыз деп айтса болбойт. Себеби анын табияты ошондой да, кандай болбосун ал сөзсүз түрдө саясатка киришет да. Элестетип көрсөнүз, ошол жердеги 11 судья килтейген бир парламент чечимин же президенттин указын бир күндө эле жокко чыгарып койсо...Бийликтегилер анын ишмердигине кийлигишүүдөн эч качан баш тартпайт. Бул жерде Конституциялык Палата ошондой басымдарга туруштук бериши керек", -деди ушул эле палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова.
Эмнеси болсо да, Конституциялык Палатанын төрагасы катары Карыбек Дүйшеевдин тушоосу экс-президент макамы маселесине чекит коюу менен кесилет өңдүү.
"Жээнбековго сабак"
Экс-президенттин макамы тууралуу бул Конституциялык Палатага биринчи кайрылуу эмес экенин эске сала кетели.
Былтыр 3-октябрда Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырган болчу.
Анда Конституциялык палата "кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын" деген мааниде бүтүм чыгарган эле.
Бирок эми жыл айланбай ошол эле укук коргоочу Конституциялык Палата 23-октябрда Атамбаевге эле тийиштүү чечим чыгарбайт, ал чечимден өлкө мындан ары кандай нукта өнүгөт ошону баамдаса болот, деп жатат:
"Эгер Конституциялык Палата талаштуу мыйзамды өткөн чакка карата да колдонсо болот деген чечим чыгарса, Сооронбай Жээнбеков президент катары анда кол тийбестик жок экенин түшүнөт. Ал бийлигин жоготор замат, анын саясий оппонеттери ошол эле замат андан өч алганга өтушөрүн, куугунтукка алышарын, кылмыш жоопкерчиликке тартарын түшүнөт. Мыйзам туруксуз болуп жатса, кайдагы бир президенттик кол тийбестиктен көрө, ал үчүн эң эле жакшы иммунитети - бийликти колдо кармап калуу экенин аңдайт, -деген Нурбек Токтакунов "Апрель" телеканалына.
Конституциялык Палата жыйыны ачык өтөбү же жабык, азырынча белгисиз. Анын чечими тууралуу кагаз түрүндө маалымат берип коюушу да мүмкүн делип жатат.