Эколог активисттер таза бензинге өтүүнү талап кылууда

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Экологиялык активисттер бензин боюнча Евразия экономикалык биримдиктин нормаларын тезирээк киргизүүнү талап кылууда. Быйыл күчүнө кирген шарттар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн өтүнүчү менен 2023-жылга чейин жылдырылып жаткан. Активисттер тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн шаарлардын эли түтүн менен дем албаш керек дешет.
Бишкекте абанын кирин айрым активисттер өлчөп, суткада орточо көрсөткүч нормадан эки эсе ашкан учурларды белгилешкен. Кыргызстандын мыйзамына ылайык, бир метр куб абада 35 микрограммга чейин зыяндуу заттардын болушуна жол берилет.
Ал эми эл аралык норма PM 2.5 - 25 мкг/м куб.
Аны PM 2.5 көрсөткүчү менен өлчөшөт.
Аллергия жана башка оорулардын себеби булганган аба
Түтүн менен оор металлдарды жана башка зыяндуу заттарды жутуу түрдүү илдеттерге алып келет. Алардын башкы сабында дем алуу органдарынын илдеттери жана жүрөк-кан тамыр оорулары келет деди "Профилактикалык медицина" илимий бирикмесинин директору Омор Касымов.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Анын айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларынын динамикасы өлкө боюнча бирдей болгон менен Бишкек жана башка шаарларда өсүүдө.
"Жүз миң кишиге 2015-жылы 14600 оору туура келсе, 2017-жылы 15100 оорулуу катталып жатат. Бул Бишкек шаары боюнча", - деди Касымов.
Саламаттык сактоо тармагынын өкүлү билдиргендей, абанын булганышы адамды ооруга дароо чалдыктырбайт. Ал иммунитетти акырындан начарлатып, жыйынтыгында түрдүү ооруларга алып келет. Анын ичинде аллергия да өсүүдө.
Дүйнөдө жылына жети миллион адам абанын булганганынан көз жумуп жатат.
Касымов саламаттык сактоо бюджеттин чектелүү каражатын көйгөйдүн кесепети менен күрөшүүгө жумшаганга аргасыз болууда дейт.
Ошондуктан абанын таза болушу экономикалык жактан да пайдалуу.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Касымов адамдын чарба жүргүзүүсү боюнча нормативдик база алдыңкы ондогон жылды эске алып түзүлүш керек деди.
Анткени жакынкы жылдары ишке кирген мунай заводдору ЕАЭБдин нормаларына туура келбегендиктен, аны кайрадан оңдоо зарылдыгы тур
Абаны булгоого уруксат сураган өндүрүшчүлөр
ЕАЭБдин бензин боюнча техникалык регламенти Кыргызстанда 2019-жылы 12-августта күчүнө кирген.
Жергиликтүү мунай заводдору К2 жана К3 классындагы май чыгарат. Бул техникалык регламенттин талабына жооп бербейт.
Өндүрүшчүлөр К4 жана К5 жогорку класстагы бензинди, дизелди чыгара албагандыктан заводун жаңылаганга чейин техникалык регламентти эки жылга жылдырып берүүнү суранган. Өткөөл мезгилге 2021-жылга чейин эки жыл берилген болсо, Кыргызстан үчүн 2023-жылга жылдырылып жатат.

Экологдордун айтмында, Бишкектин абасы 80-90 пайыз машиналардан, андан кийин жеке сектор чыгарган түтүндөн булганат.
Мына ошондуктан алар Евразия экономикалык биримдиктин бензиндин сапаты боюнча техникалык регламентин учурунда кабыл алууну талап кылышууда.
"ЕАЭБге кирген жылдан тарта эле биздин өкмөт ыкчам, натыйжалуу иштесе ошол техникалык регламентти эмдигиче кабыл алмакпыз. Биримдиктин бардык мүчө өлкөлөрүндө иштеп, Кыргызстан эле калды. Бирок бензин бизнесинде биздин бийлик өкүлдөрүнүн, депутаттардын кызыкчылыгы болгондуктан регламентти жылдырып жатышат деген пикирлер бар", - деди Би-Би-Сиге Green Energy коомдук бирикмесинин башчысы Анаргүл Султангазиева.
Экономика министрлигинин айтымында, жаңыланууга компаниялардын каражаты тартыш.
"Мунай иштеткен заводдор токтоп калбасын деп жатабыз. Ал жерде эл иштейт, социалдык төлөмдөрдү, салыкты төлөшөт. Өндүрүш ансыз да аз болуп жатканда сактап калыш керек. Заводдор жаңыланса кеңейип, дагы көп кишини иш менен камсыз кылганы жатат", - деди Би-Би-Сиге экономика министрлигине караган башкармалык башчысы Бакытбек Шабданов.
Абаны таза кармоого көп түрдүү чара зарыл
Бирок таза бензинди колдонуу абаны таза кармоонун бир гана чарасы.
Эски унааларды чектөө, алардын санын азайтуу, жашыл энергиянын булагын колдонуу сыяктуу бир топ иш чаралар өкмөттүн өнүгүү стратегиясына кирген менен алгылыктуу жылыш жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
БУУнун Өнүктүрүү программасынын энергетика боюнча консультанты Кумар Кылычев абаны таза кармаш үчүн таза бензин колдонуудан сырткары жашылдандыруу жана энергияны натыйжалуу колдонууну сунуштайт.
"Эмне үчүн жолдо чаң көтөрүлүп, дем ала албай жатабыз? Анткени шибер чөптөр жок. Жолдун жээгине шибер чөптөрдү сепсек, ал чаңды кармап калат. Андан сырткары электр энергиясын сарамжал пайдалануу маанилүү. Шаарда көмүр жагып абаны булгап жаткан үйлөр көп. Керек болбогондо электр жарыгын улам өчүрүп, натыйжалуу электр приборлорун колдонуп аны сарамжал колдонсо болот. Беш эсе үнөмдөлгөн токту же акчаны үйүн жылытууга коротсо болот деп ишенем. Биз эсептеп көрсөк, чакан төрт бөлмөлүү үй бир жылда 4500 сомдой үнөмдөй алат экен", - деди Би-Би-Сиге Кылычев.
К2 бензини бир килограммга 500 милиграмм, К3 - 150 милиграмм, К4 - 50 милиграмм, К5 - 10 милиграмм күкүрт бөлүп чыгарат. ЕАЭБдин башка мүчөлөрү К5ти гана колдонууга жана мүчө өлкөлөргө экспорттоого милдеттүү. Ал эми үчүнчү өлкөлөргө төмөнкү класстагы бензинди экспорттой алат. Бирок Кыргызстанда күйүүчү майдын 70 пайызы Казакстан менен Орусиядан импорттолот. Расмий маалыматка ылайык, ар бир төртүнчү литри аткезчилик жол менен келгенин эске алганда Кыргызстанда жүгүртүлгөн сырткы бензин да жогорку класстагы деп айтуу кыйын.































