Төраганын сөзү саясатчылардын деңгээлин көрсөттүбү?

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Жогорку Кеңештин төрагасынын 24-сентябрда Нур-Султан шаарында сүйлөгөн сөзү коомдук тармактарда талкууга түштү. Ал орус тилиндеги кыска текстти кагаздан шар окуй албады деп сын айтышууда. Айрымдар "жумурткадан кыр издөө" катары баалап, чет тилин мыкты билбөө уят эмес дешүүдө. Бул дегеле эл башындагы лидерлердин компетенттүүлүгү боюнча маселени козгоду.
"Мен кандай кысым болбосун парламенттин Төмөнкү палатасынын кызыкчылыгын коргойм. Бийлик "менин кылымды кыйшайта албайт"! Алар каалашынча орой мамиле кылсын, мейли коркутсун, мейли каалагандай жалган маалымат таратсын. Бул мага кымындай да таасир этпейт!".

Бул британ парламентинин Төмөнкү палатасынын спикери Жон Беркоунун депутаттар алдындагы сөзүнөн үзүндү.
Ал эми төмөндө Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин кеңешмесинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун сүйлөгөн сөзү.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
24-сентябрдагы жолугушуудан кийин коомдук тармактагы активдүү жарандар менен маалымат каражаттары анын эмне тууралуу сүйлөгөнүнө эмес, кантип окуганына көңүл бурушту.
Америкада жана Британияда окуп келген юрист Жоомарт Жолдошев саясатчылар мамлекеттин жүзү болууга татыктуу болуш керек дейт.
"Чет өлкөдө саясатчылардын сөзүнөн таасирленүүчү учурлар болот. Ал эми акыркы учурларда кыргыз саясатчылары арасында, айрыкча Жогорку Кеңештин төрагасы сабатсыздыкты көрсөткөнү абдан эле өкүнүчтүү. Муну коом айтыш керек, сындаш керек. Алдыда болтурбоо аракетин көрүш керек. Бул коомдун милдети, ал кандай талап кылса, ошондой болот", - деди Би-Би-Сиге Жолдошев.
Мурдагы депутат Алишер Мамасалиев спикер деген сөздүн өзү кызыл тил, чечен дегенди түшүндүрөт деп жазды Фейсбуктагы баракчасына. Ал кызыкчылыктардан сырткары тандалган мурунку мезгилде Жогорку Кеңештин төрагалыгына эң билимдүү, тажрыйбасы мол, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев өңдүү лидерлер шайланчу деди.
Ал эми дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талантбек Кушчубековдун баамында, төраганын Нур-Султанда сүйлөгөн сөзү катуу сынга алына турган жагдай эмес.
Анын айтымында, эл аралык чоң жыйындарда Бириккен Улуттар Уюмунун расмий алты тилинен гана түз которуу шарты болгондуктан орусча сүйлөөгө туура келет жана бөтөн тилди билбей коюу анчалык уят эмес.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
"Мына ошол жерден байланып калабыз. Акцент менен же тигиндей-мындай сүйлөө - бул, боло журчү көрүнүш. Бирок чоң эл аралык жолугушууларда теманы билүү - бул башка маселе. Делегациянын башчысы даярданыш керек. Күн тартиби алдын ала белгилүү болот. Эмне тууралуу сөз болот, кайсы темада, кандай сүйлөйт билиш керек. Керек болсо жазышат. Алдын ала окуп алыш керек. Маселени терең түшүнүш керек, кээде пикир алмашуу болуп кетсе, жооп берет", - деди Би-Би-Сиге Кушчубеков.
Ал эми Мамасалиев КМШ, Евразия экономикалык биримдигинин, ЖККУнун тили орусча болгондуктан орус тилин сабаттуу билүү өлкө жетекчилери үчүн маанилүү деп эсептейт.
Бул окуя саясатчылардын колдонгон тили гана эмес, жалпы интеллектуалдык деңгээли, саясаттагы тажрыйбасы жана эл башкаруудагы компетенттүүлүгү тууралуу маселени козгоду.
Коомдук ишмер, публицист Эсенбай Нурушев элдин алдында жүрчү билими терең, иш жүзүндө да маселени чече алган лидерлердин өзү сейрек болуп жатат дейт.

"Биздин мурдагы саясатчылардын, жалпы эле интеллектуалдык деңгээлибиз аймактагылардан беш сөөм өйдө болчу. Ошондуктан Борбор Азиядан Айтматов чыкты. Азыр андай интеллектуалдардын өкүлдөрүн "Кызыл китепке" киргизгенге туура келип калды. Мисалы, "Легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов бардык мектептерден өткөн, ар тараптуу билим алган, саясатчыга коюлган талаптарга жооп берүүгө умтулган. Эки тилде мыкты сүйлөгөн, дипломатиялык маселелерди да чечкен. Андайлар азыр саясатта жок десе болот", - деген оюн бөлүштү Эсенбай Нурушев.
Нурушев өнүккөн мамлекеттерде бир эле сөзүнөн жаңылган бийлик өкүлдөрү кызматын тапшырып кетүудө деди. Ал Германиянын мурдагы президенти Хорст Кёлердин "куралдуу күчтөрдү экономикалык кызыкчылык үчүн пайдаланыш керек" деген жаңылыш сөзү үчүн өзү кеткенин мисал келтирди.
Публицист ал эми Кыргызстанда оркойгон катасына карабай креслосуна жабышкандар четтен чыгат деди.
































