Билим берүүгө жаңы министр келатат

Каныбек Исаков

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Билим берүү жана илим министри кызматына ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин комитети жактырды. Эксперттер кризиске кептелген тармакка реформатор, чечкиндүү министр керек дешүүдө.

Каныбек Исаковду министрликке премьер-министр сунуштады.

Билим берүү министринин алмашуусу бул жолу чоң талкуу жана кызыгуу менен коштолууда. Анткени министрди дайындоо алдында контейнер мектеп, китептердеги жана аттестаттардагы каталар коомдук тармактарда катуу сынга алынды.

Министрликке талапкер Каныбек Исаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, билим берүүгө тиешелүү бардык тармакка көңүл бөлүү ниетин билдирди.

"Мугалимдердин деңгээлин көтөрбөй туруп биз бүгүнкү күнү билим берүү системасын өнүктүрө албайбыз. Ушуга басым жасайлы деген ниеттерим бар. Ал эми университтер боюнча өзүмүн конкреттүү көз караштарым бар. Менимче азыр эң маанилүүсү - мектеп, бала бакчалары жана кесиптик лицейлер болуп жатса керек", - деди трибунадан Исаков.

Акыркы сегиз жылдан бери ири окуу жайлардын бирин жетектеген Каныбек Исаковду тапкыч менеджер катары баалагандар менен катар бул тармактагы кризистин себеби министрде эмес дегендер болууда.

Кандай министр реформа жасай алат?

Билим берүү тармагында эксперт Асылбек Жоодонбеков билим алуу өзгөчө актуалдуу, кимди болбосун кыйгап өтпөйт жана эл тармакты жаңылоону талап кылып жатат дейт. Ал мына ошондуктан министрдин алмашуусуна көпчүлүк кайдыгер эмес деп ойлойт.

Кыргызстан эл аралык университети

Мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова министрдин алмашуусу көп нерсени чечпейт деп эсептейт. Айтымында, тармактын маселеси экономиканын чабалдыгына такалууда.

Болжурованын билдиришинче өнүккөн 34 өлкөнүн катарындагы Финляндияда бир окуучуга 2018-жылы он эки жарым миң доллар бөлүнгөн. Ал эми Кыргызстанда болжолдуу 250-300 доллар болуп жатат. Жалпысынан тармакка бюджеттен болжол менен 30 млрд сом жиберилген.

"Билим берүү жана илим министрлигине берилген каражат кандай бөлүштүрүлөт? 16 млрд сому мугалимдердин маянасына кетет. Үч млрд сомго чукулун Социалдык фондго беришет. Мугалимдер бул фондду кармап турат. Ремонт, курулуш иштерине жана башкаларга кетет. Ал эми билимдин сапатын түздөн түз көтөргөнгө акча бөлүнбөй калууда. Мисалы, лаборатория куруп, реактив, техникаларды сатып алыш керек", - деди Би-Би-Сиге Болжурова.

Билим берүүнүн сапаты жогорулап, кадрлар мыкты даярдалса, жалпы өлкө өнүгөөрү турган иш.

Жоодонбеков министрдин жеке өзүнөн көп маселе көз каранды болбосо да, чечкиндүү кадамдарга барбаска аргасы жок дейт. Антпесе системалуу кризистен чыгуу мүмкүн эмес деди ал.

"Жетекчи эмес командасы менен иштеген лидер керек болуп жатат. Жоопкерчиликти алган адам команда түзүп, чечкиндүү иш-аракеттерди көрүш керек. Буга чейин министрлер тез-тез алмашып реформанын түпкү маңызы, жыйынтыгы көрүнбөй жатат. Азыр келчү адамга командасын түзүүгө, системалуу көйгөйдү чечүүгө убакыт жана мүмкүнчүлүк беришибиз керек", - деди Жоодонбеков Би-Би-Сиге.

Асылбек Жоодонбеков да жаңы министр жумушун каражатты туура бөлүштүрүүдөн башташ керек дейт. Ал ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлдөө милдетин гана аткарып келерин белгилеп, адегенде өзүнүн аппараты реформага муктаж экенине көңүл бурду.

Жогорку окуу жайы

Ишенгүл Болжурова билим берүү тармагы такыр эле артка кетти дегенге кошулбайт.

"2002-жылы Жалпы республикалык тестирлөө киргенде мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн орточо баллы 80-90 болсо, азыр жүздөн ашты. 1990-жылдардан кийин он беш-он алты миң мугалим жетишпейт эле", - деди ал.

2018-жылдын эсеби боюнча болжол менен 760 мугалимге муктаждык бар.

Профессор Алмаз Бейшеналиев билим берүүнүн келечегин көрө билип, стратегия жүргүзгөн министр керек деген оюн ортого салды.

"Дүйнө жүзүндөгү мектептерде, жогорку окуу жайларда өсүү кандай болуп жатат? Кадрларга талап кандай? Базар экономикасында кандай ишкерлерге, адистерге муктаждык бар? Кимдер нан таап жеп кетип жатат, мамлекетке канткенде салым кошот? Ушул суроолордун тегерегинде стратегия керек болуп жатат. Жыйырма же отуз жылдан кийин кайсы кесиптер керек болот деген иш жүргүзүлгөн жок", - деди Би-Би-Сиге курган маегинде өкмөттүн билим берүү тармагында мурда иштеген Алмаз Бейшеналиев.

Мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматынан кеткен. Ал 2016-жылдан бери иштеп келаткан. Жай айларында мектеп аттестаттарында жана окуу китептеринде табылган каталар коомчулукта катуу сынга кабылса, окуу жылы башталгандан бери Нарында ишке берилген контейнер мектеп боюнча шакабалардын аягы тыйыла элек.

50 жаштагы Каныбек Исаков өзү окуган Ош мамлекеттик университетинде көп жылдан бери эмгектенет. Андан мурда жергиликтүү гезитте редактор болуп иштеген.