Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева кызматтан алынды

Гульмира Кудайбердиева министр кызматында эки жылдан ашык иштеди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гульмира Кудайбердиева министр кызматында эки жылдан ашык иштеди.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиеваны кызматынан бошотту. Анын алдында Нарын районундагы Кеңеш айылында мектеп авариялык абалга келгендиктен окуучулар контейнерде окуп жатканы коомчулуктун чоң нааразылыгын туудуруп, өкмөт коомдук сайттарда катуу тил угуп жаткан эле.

Президенттин расмий сайтында Кудайбердиева Гүльмира өзүнүн берген арызына ылайык бошотулганы айтылат.

Гүльмира Кудайбердиеванын ишине коомчулукта ансыз деле көп сын айтылып келаткан. Анын ичинде окуу китептеринен, дипломдор менен аттестаттан чыккан оркойгон каталар, окуу китептерин басуудагы мыйзам бузуулар биринчи кезекте айтылып жаткан эле.

Контейнер мектеп жөнүндө какшык пикирлер коомдук сайттарда жайнап чыгып жатат

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Контейнер мектеп жөнүндө какшык пикирлер коомдук сайттарда жайнап чыгып жатат

Министр өзү дагы өкмөт жыйынында премьер-министрден тил уккан болчу. Министрдин кызматтан кетишин талап кылып коомдук сайттарда петицияга кол топтоп жатышкан. Нарындын Кеңеш мектебиндеги контейнер мектептер өкмөт менен министрдин ишине элдин нааразылыгын ого бетер күчөтүп жиберди.

Ошону менен катар бүгүн Бишкекте бир катар басмалардын ээлери басма сөз жыйынын өткөрүп, Билим берүү министрлигин "Аркус" басмасы менен жең ичинен сүйлөшүп алып, окуу китептерин басуу боюнча миллиондогон акча турган заказды мыйзамсыз берип жатат деп айыптап чыгышты.

Коомдук сайттар Кеңеш айылындагы контейнер мектепти ачууга барган жетекчилерди көп мыскылдап жатышат

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдук сайттар Кеңеш айылындагы контейнер мектепти ачууга барган жетекчилерди көп мыскылдап жатышат

Жергиликтүү бийлик башчылары Кеңеш айылындагы балдардын мектепте окуп жатканы арга кеткендеги иш экенин айтып жатышат. Бирок ошол эле учурда өз маалында чара көрбөй, иш ушундай кейиштүү абалга жеткичекти карап турган тийиштүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароо жөнүндө талап коюлууда. Бул жерде бир эле билим берүү министри эмес, эң оболу өзгөчө кырдаалдар, каржы министри, мамкурулуштун башчысынын да жоопкерчилиги жөнүндө сөз болуп жатат.

Бир эле учурда министрдин артынан анын орун басарлары менен кеңешчилерин да кызматтан алып, жетекчилик курамды бүтүндөй жаңыртып, анын ордуна стратегиялык көз карашы жана планы бар, потенциалы чоң ишмерлерди алып келүү керек деген сунуштар айтылууда.

"Министр отставкага кетти. Эми аны менен бирге кеңешчилери, эки орун басары, структуралык бөлүмдөрдүн башчылары да кошо кетиш керек. Ошондо гана шайлоочулардын алдында жоопкерчиликти көтөрүүгө жана саясий маданиятты курууга болот. Ал эми жаңы министр өзүнүн командасы менен келиши керек",-деп жазды "Перемена" инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси Алмаз Тажыбай.

Ал ортодо коомдук сайттарда бир катар активисттер Кеңеш айылына мектеп курууга акча чогултуп баштады. Каражат топтош үчүн атайын банктык эсеп ачылды. (КС)