Мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга көбөйтүлдү

Мектеп
Published

Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысы, мурда убада берилгендей, 1-октябрдан тарта отуз пайызга көбөйтүлдү. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ɵкмөттүн соңку чечимине ылайык, адис диплому бар мугалимдердин эмгек акысы магистрлердики менен теңделе турган болду. Ошондой эле мамлекеттик бала бакча, мектеп, баштапкы жана орто кесиптик окуу жайларындагы кызматкерлердин баарынын эмгек акысы 30% көбөйөт. Бул көбөйтүүгө билим берүү системасынын жер-жерлердеги метод борборлордун, кошумча билим берүү борборлорунун педагогдору да кошулганын айта кетели.

«Эмгек акысын мынчалык көтөрүүгө каражаттарды табуу кыйла кыйын болору тууралуу бардык скептикалык божомолдорго карабастан, биз аларды таптык. Жыл аягына чейин бул кошумча 1,7 млрд сомду талап кылат, кийинки жылы - 7 млрд сом. Өкмөт билим берүү тармагынын 120 миңге жакын кызматкеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн бюджеттен зарыл каражаттарды тапканын баса белгилеп кетким келет. Мамлекет жарандарыбыздын билим алуусуна жана саламаттыгына байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурат жана мындан ары карай дагы бул чөйрөлөргө колдоо жана каржылоо көрсөтүү үчүн аракет көрөт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр М. Абылгазиев өкмөт мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү үчүн керектүү каражатты тапканын баса белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр М. Абылгазиев өкмөт мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү үчүн керектүү каражатты тапканын баса белгиледи.

Мугалимдердин эмгек акысы көп жылдан бери биринчи жолу көбөйүп жатат. Бул убакыт ичинде жашоо деңгээли өзгөрүп, мугалимдердин тапканы керектөө деңгээлине караандабай калды. Ошол эле убакта мугалимдерге жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде социалдык колдоо дагы талаптагыдай эмес.

Мамлекет мугалимди коомдогу эң абройлуу кесиптин катары урматтап, камкордукка алуу керек деген менен чынында алардын түйшүгү түмөн, кечке мектепте жүрөт, бирок тапкан ташыганы жагынан тырмак боеп же чач жасагандарга караандабайт дагы.

Мугалимди колдоо үчүн мурда совет заманында мамлекет үй алууга жардамдашып, отун-суудан жеңилдик берип келген. Эгемендик доордо мугалимдерге баштагыдай жеңилдиктер жок, ал эми ипотека менен үй алганга чамасы жеткендер чанда.

Мугалимди социалдык жактан колдоо чаралары "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамда каралган, бул иштер жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Бирок жергиликтүү бийликтин көбү өздөрү республиканын дотациясында отурат.

Ошого карабай, өмүр бою ушул кесиптин ысык-суугуна чыдаган кесипкөй мугалимдер мектепти кармап турат. Алардын арасында бала окутууну акча үчүн эмес, өзүнүн жашоодогу миссиясы катары карагандар арбын.

Быйылкы жылы мектепке педагогикалык окуу жайын бүтүргөн бир жарым миңден ашык жаш мугалим бөлүндү. Алардын канчасы мектепке туруктуу байырлайт, айтыш кыйын. (КС)