"Ачык өкмөт": бажалар байланышы талкууда

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Өкмөт өкүлү Эрмек Нурбеков "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчылыгын убактылуу жетектемей болду. Мурунку катчы Иманкадыр Рысалиев "КТ Мобайл" чуусунан улам кызматынан кетип, бүгүн жаңы жетекчини дайындоо жол-жобосу талкууланды.

Өкмөт башчынын бажасына байланыштуу ызы-чуудан кийин коомдо буга чейин анча көп элеске алынбаган "Ачык өкмөт" долбооруна кызыгуу артты.

"Бажагейт"

Улуттук форумдун бүгүнкү жыйынына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келбей калып, бул жарандык коом өкүлдөрүндө нааразылык жаратты:

"Өкмөт башчы келем деп убада берип, келбей койду. Ал бул жерде айтылгандарды угушу керек эле. "Бажагейт" деген чуудан кийин, форум мүчөлөрү бизге катчылыктын кереги барбы деген суроону коюп жатабыз" - деди "Прецендент" коомдук уюмунун жетекчиси Нурбек Токтакунов.

Буга чейин Абылгазиев өзүнүн бажасын - "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиевди кызматынан чакыртып алууну сунуштап, долбоордун донору катары ЕККУнун өкүлчүлүгүнө кайрылган.

Абылгазиев бул чечимди "Рысалиевдин тегерегинде түзүлгөн коомдук резонанстан улам" кабыл алганын айтты. Бирок премьер "КТ Мобайлдын" артында бажасы Иманкадыр Рысалиев турат деген дооматтар ырастала электигин да баса белгиледи.

ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү кыргыз өкмөтүнүн бул кайрылуусуна 19-майда жооп кайтарып, катчыны Улуттук форум тандашы керектигин билдирди.

Убактылуу катчы

Улуттук форумдун бүгүнкү жыйынында форумдун катчысын ким шайлайт жана ал кандай тартипте шайланат, аны караган жол-жобосу буга чейин такталбаганы ачыкка чыкты.

"Жободо ошондой кемчилик болуп калыптыр. Катчылыкта канча киши иштеши керек, аларга карата квалификациялык талаптар кандай болуш керек, кызматкерлер эмне иш кылат баары бул жерде так жазылган. Ошонун баарын биз Улуттук форум бекитебиз. Бирок катчылыкты ким шайлайт көрсөтүлбөй калыптыр", - деди вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова.

Форум мүчөлөрү катчылык жетекчисин шайлоо боюнча маселе талкуудан өткүчө катчылыкты убактылуу жетектөөгө киши дайындоону, талапкерди дароо эле өкмөттүн аппаратынан коюуну сунушташты.

Вице-премьер министр катчылыкты убактылуу жетектөөгө Өкмөттүн коргоо, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Коррупцияга каршы саясат секторунун жетекчиси 35 жаштагы Эрмек Нурбековду көрсөттү.

Форумда "Ачык өкмөттүн" катчылыгынын функцияларын мындан ары өкмөттүн аппаратына жүктөө маселесин добушка коюлуп, ал сунуш да колдоо тапты.

"Катчылык жарым жыл иштегенден кийин түшүнүктүү болуп калды. Улуттук форум алкагында катчылыктын иштеши эффективдүү болбойт экен. Өкмөт жоопкерчилик алып, өзү демилге алып, долбоор башында турганы жакшы экен. Себеби берки тараптан да маселе чыгат экен да. Эмнеге кайдагы бир жарандык форумдун катчылыгы өкмөткө келип алып, жыйындарды өткөрөт деп.

Катчы менен премьер-министр бажа болуп калган үчүн да, эмнеге мамлекеттик органдарга келип өзүн даңазалап атат деген маселе чыгып атат. Эгер, тууганы болбосо, андай маселе, балким, чыкмак эмес", -деди Улуттук форумдун мүчөсү, жарандык активист Рита Карасартова.

"Ачык өкмөт" деген эмне?

2011-жылы Бразилия, Индонезия, Мексика, Норвегия, Филиппин, Түштүк Африка, Улуу Британия жана Кошмо Штаттар баштаган сегиз өлкө "Ачык өкмөт" Декларациясын кабыл алган. Учурда ага 75 өлкө жана 15 өкмөт мүчө.

Кыргызстан бул өнөктөштүккө Борбор Азия өлкөлөрү ичинен биринчилерден болуп, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда кошулуп, 2017-жылдын ноябрь айынан бери мүчө.

Келишимге ылайык, "Ачык өкмөткө" мүчө бардык өкмөттөр өз өлкөсүндө бюрократия менен коррупцияны азайтуу үчүн жаңы технологияларды колдонуусу керек.

"Мамлекеттик органдардын маалыматы жеткиликтүү жана ачык-айкын болушу эл менен бийликти жакындатат, өкмөттүн ишине ишеним арттырат. Санариптик экономика жана бизнестин жаңы форматы үчүн ачык маалымат маанилүү" ,- деген эле экс-премьер-министр ошол маалда.

Исаковдун тушунда бул багытта "Таза коом", "Акылдуу шаар" долбоорлору башталып, ал эми азыр "Коопсуз шаар" жана "Түндүк" электрондук маалымат системасы иштеп жатат.

Президент Жээнбеков 2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялап, бул багытта дагы иш-чаралар болору белгилүү.

Бирок катчылыкка байланыштуу соңку "бажагейт" окуясы "Ачык өкмөт" долбооруна көлөкө түшүргөн жокпу деген суроонун башы ачык.