You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкты
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Президенттин бир тууган иниси, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков партиянын катарынан чыкканын билдирди.
Партиянын катарында Асылбек Жээнбеков узак жылдардан бери келе жаткан. Аталган партиянын лидери өлкөнүн мурдакы президенти Алмазбек Атамбаев саналат. Бирок соңку учурларда партия үч топко бөлүнүп, ажырым күчөдү.
Бүгүн "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы курултайга чогулуп жатат. Андан эки күндөн кийин Атамбаев өзү баштаган социал-демократтардын курултайы болот. Эки тарап тең "жаңылануу, уурулар менен саткындардан арылуу" - курултайдын башка максаты деп жатышат.
Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматка алып келгенден кийин партия кризиске кабылды. Анткени мурдакы президент Алмазбек Атамбаев менен аракеттеги президенттин ортосунда пикир келишпестиктер болду. Анын негизиги себептеринин бири - Асылбек Жээнбеков экенин экс-президент белгилеп жүрөт.
КСДП: Тагдыр чечер курултайлар
"Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын эртеңки жыйынына үч жүздөн ашуун делегаттын катышуусу күтүлүүдө.
"Делегаттардын алды келе баштады. Күн тартибине бир топ маселе кирди. Эң негизгилери болуп партия лидеринин отчетун угуу. Партиянын уставын өзгөртүү. Саясий кеңештин курамын аныктоо сыяктуу маселелер каралат. Жыйынга Алмазбек Атамбаевди дагы чакырдык. Ал киши келип 25-жылдык юбилейлик отчётун берсин",- деди курултайды уюштуруу тобунун өкүлү Нурбүбү Кененбаева Би-Би-Сиге.
Экс-президент менен калган социал-демократтар өз кезегинде "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын жүрүшүн куру кыйкырык катары баалап жатат. Анткен менен тирешүүлөрдүн курчушу Атамбаевдин командасын туңгуюкка кептеп жаткандай.
Саясий кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү учурда партия төрагасы Атамбаевге каршы маанайда экенин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Ошол себептүү "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын съезди легитимдүү болуп калышы да ыктымал дейт ал.
Аналитик Алмазбек Акматалиевдин айтымында, эгерде окуя ушундай нукта өнүгө турган болсо, КСДПнын чатагы саясаттан укуктук жаңжалга айланат.
"Партиянын келечеги кандай болот? Бул бүдөмүк. Балким КСДП 2020-жылы парламенттик шайлоого дагы катыша албай калат. Эгер булар легитимдүүлүктү талашып соттошо турган болсо, процесс узакка созулат. Ал эми БШК соттун чечими жок эки тарапты тең каттоодон өткөрбөйт. Тилекке каршы Кыргызстанда өзүнүн тарыхы бар, абройлуу партиянын доору өтүп бара жатат"
КСДП мындай кризисти бир нече жолу башынан өткөргөнүн маалымдаган эле. Андыктан социал-демократтар баары бир өлкөдө күчтүү партия катары кала берет, дейт Би-Би-Сиге берген маегинде партия катчылыгынын жетекчиси Таалай Усубалиев.
"Булардын партияны алууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок, бирок мыйзамсыз мүмкүнчүлүктөрү болушу мүмкүн. Алардын артында таасири күчтүү бийлик адамдары турат деп угуп жатабыз. Ошондуктан бардык нерсени күтсө болот. Эгер "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы партияны алып кое турган болсо, муну биз саясий рейдерлик деп так кесер айта алабыз".
Партия көйгөйлөрү
Кыргызстанда партиялар негизинен бир идеянын эмес, бир лидердин астында түзүлгөн. Талдоочулар социал-демократтардын ич ара бөлүнүп-жарылуусунун башкы себеби дагы ушунда экенин айтышат.
"КСДПнын эң чоң көйгөйү анын бийликтин партиясы болгонунда эмес. Анын Атамбаевдин менчигине айланганында. Кыргызстанда партиялар идеологиялык институт катары калыптанган эмес. Көпчүлүк партия саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн иш алып барат. Ал эми ошол саясатчынын туруму, кызматы өзгөргөн сайын партиялардын тагдыры дагы өзгөрүп жатат",-деди саясат талдоочу Эмил Жураев.
Кандай болгон күндө дагы эртеңки жана 6-апрелде өтчү курултайлар партиянын тагдырын чечет. Айрым саясат талдоочулар бул жыйындар партияны ого бетер алсыратат деп жатышат.
Социал-демократтарда бөлүнүп-жарылуу Атамбаев өлкөнү башкарып турганда эле башталган. Сагынбек Абрахманов жана Ринат Самудинов баш болгон партиянын айрым мүчөлөрү Атамбаев партияны узурпациялап алганын айтып, ага каршы чыгышкан.
Ал кезде азыркы президент Жээнбеков менен Атамбаев экөө бир муштум болуп турган. Президенттик шайлоодон кийин эки саясатчсынын кайчылаш пикири башкаруучу партиянын ынтымагын ого бетер ыдыратты.