Кыргыз экономикасы: бир кадам алдыга же арткабы?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда былтыр экономикада өсүш бир пайызга төмөндөдү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өкмөттүн былтыркы ишинин жыйынтыгын чыгарып, отчет жакында өкмөт отставкага кетиши мүмкүн деген талкууларга туш келди.

Өлкөдөгү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр соңку жылы канчалык жакшырды жана премьер-министрдин отставкасына негиздер барбы?

"Жөндөмдүү өкмөт"

Премьер-министр 2018-жылды оңой эмес жылдардан болду деп, буга карабастан өкмөт экономикалык милдеттерин натыйжалуу аткарууга жөндөмүн көрсөттү деди.

"Экономикада, өндүрүштө абдан чон үлүшү бар Кумтөр кенинин үлүшүн кошпогондо 3,5%га чыктык. Социалдык төлөмдөрдү карызы жок, өз убагында төлөп туруу бул биздин башкы милдетибиз болду ",- деди Мухаммедкалый Абылгазиев

2017-жылы экономикада өсүш 4,5% түзгөн эле, ага салыштырганда былтыр экономикада бир пайыздык төмөндөө болду.

Бирок Абылгазиев акчалай алып келгенде, ИДП көлөмү 557,1 миллиард сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 37,5 миллиард сомго жогорулады деп жатат.

Ошондой эле салыктык түшүүлөр былтыр 12,3 миллиард сомго жогорулады.

Инфраструктурага инвестициялардын көлөмү 150,8 миллиард сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу беш миллиард сомдон ашуун көлөмгө жогорулады делип жатат. Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү колдоого алуу максатында беш жарым миллиард сом суммасындагы жеңилдетилген кредит берилген.

Бирок быйыл көпчүлүк дыйкандар картошкаларын Өзбекстанга экспорттой албай, чыгым тартып, картошка баасы беш сомго түштү.

Экспортерлор менен импортерлор ассоциациациясы январдын этегинде кыргыз дыйкандарында дагы 100 миң тонна экспорттолбогон картошка бар экенин билдирген.

Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргизилгенин да ийгилиги катары баса белгиледи. Ошондой эле өткөн жылы өлкөдө 246 ишкана ишке киргизилип, 77 миңден ашуун жумушчу орду түзүлдү.

"Канаттандыраарлык эмес"

8-февралда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн инвестиция тартуу тармагында өкмөттүн ишине канаттанбай турганын айтышкан. Депутаттар, өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы учурда бозгунда жүргөн Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендиги айтышып, өкмөттүн ишин "канааттандырарлык эмес" деп табышкан.

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөдөн келген түз инвестициянын жалпы көлөмү 345 миллион доллар болгон. 2017-жылы өлкөгө тартылган инвестиция суммасы 503 миллион долларга жеткен.

Бийликтеги фракциянын мындай "баасы" өкмөттүн отставкасы тууралуу талкууларга жем таштады.

"Чийки кодекстер, чабал коммуникация"

Анын үстүнө жаңы жылдан кийин күчүнө кирген жаңы кодекстердеги кемчиликтер дагы коомдо өтө кызуу талкууланып, Абылгазиевдин өкмөтү колдоонун ордуна көп жемеге калды.

Саясий серепчи Эмилбек Жороев кыргыз өкмөтүнүн башынан эле коммуникациялык дарамети чабал экенин айтып, бул сын учурдагы өкмөткө өзгөчө тийиштүү экенин айтты:

"Кыргыз өкмөтү дайым өз демилгелерин, жаңычылдык идеяларын түшүндүрө албай келет. Элге жеткире албайт. Системалык түрдө саясий маданиятыбызда ушундай калыптанып калган окшойт. Бизде чечимдер кабыл алынат, бирок андай чечимдер кабыл алынганы, кимге пайдалуу болору, эмне үчүн эл аны кабыл алышы керектигин түшүндүрүү жагынан иштер болбой келет. Абылгазиевдин өкмөтүндө бул өзгөчө байкалып атат".

Өкмөт башчынын былтыр июнда "мамлекетке жардам берүүнү каалагандарга" банк эсебин ачуу, ал эми июлда Бишкекте таза сууга тарифтерди беш сомдон жети сомго көтөрүү демилгелери сынга калган. Ошол эле июль айында сим картаны алмаштыруу үчүн 100 сомдук төлөм киргизүү сунушуна да нааразылыктар айтылган эле.

Кумтөр: создуккан чечим

Абылгазиевдин өкмөтүнө коюлуп жаткан негизги сын - бул өлкөдөгү ири алтын кени "Кумтөр" долбоору боюнча маселе болууда.

Кыргыз өкмөтү "Центерра" менен "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык келишимди кайра карап чыгуу зарыл деп, бир нече жылдан бери бүтпөгөн сүйлөшүүлөр менен келатат.

ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн мурдагыдай эле мигранттардын акчасы жаап жатат. Улуттук банктын билдиришинче 2018-жылы Кыргызстанга мигранттар эки миллиард 685 миллион доллар которгон.

Абылгазиевдин өкмөтү былтыр жазында Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишеним көрсөтпөй отставкага кетиргенден кийин келген. Башында учурдагы өкмөт атайы даярдыксыз, программасы жок келгени сындалып, анын отставкасы тууралуу маал-маал талкуулар болуп келди.

Буга чейинки саясаттагы тажрыйбаны алганда, өкмөттөр орто эсеп менен тогуз айга кармаларын байкоочулар айтып келишкен. Экономикасы чабал Кыргызстанда жазында митингдер курчуп, бийлик өкмөттү "садага чаап" келгени белгилүү.

Мыйзамсыз кытай мигранттарына каршы соңку митингдер өлкөдө жазында саясат курчушу мүмкүндүгүн көрсөттү.