Көмүскө экономиканын көрсөткүчү

Сүрөттүн булагы, Tazabek
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргыз бийлиги өлкөдөгү көмүскө экономиканын 2017-жыл үчүн көлөмүн аныктап, ИДПга карата дээрлик 24%ды түзгөнүн жарыялады. Экономика министри Олег Панкратов соңку жылдары көмүскө экономиканын көрсөткүчү 1-2%га болсо да азайып жатканын айтып жатат.
Ал арада эл аралык уюмдар былтыртан бери өлкөдөгү көмүскө экономиканын реалдуу көрсөткүчтөрүн иликтеп, алдын ала маалыматтары менен бөлүшүү алдында турат.
Ишкерлерди муунткан салык
Экономика министри Олег Панкратов парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында көмүскө экономиканын көлөмү 2017-жылы өлкөнүн ички дүң продуктысына карата 23,6%ды түзгөнүн айтты. Акчалай алганда бул - 125,2 миллиард сомду түзөт.
Өлкөдө көмүскө экономиканын негизги бөлүгү - соода жана автобиль оңдоо, курулуш өңдүү кызмат көрсөтүү тармактарына туура келет.
Соңку кезде патент системасы да көмүскө экономиканы шарттаган негизги факторлордун бирине айланып барат, дейт министрдин орун басары Элдар Абакиров:

Сүрөттүн булагы, AP
"Эгер бир жыл ичинде сегиз миллионго чейин оборот болсо, 12% НДС төлөнбөйт да. Патент менен иштеген соодагер менен ишкерлердин көбү сегиз миллиондон ашырбаш үчүн счет-фактура бербей, ошол жерден чоң көмүскө жүгүртмөлөр пайда болуп атат".
Кыргызстанда ишкерлердин көбү салык, социалдык төлөмдөрдөрдөн качат. Себеби, өлкөдө социалдык төлөмдөр жалпы айлыктын 35% түзүп, бул иш берүүчүгө да, жумушчуларга да оордук келтирип келет.
Бул себептүү Кыргызстанда иштеген жеке компаниялардын көбү кош бухгалтерия жүргүзүп, кирешенин бир канча бөлүгүн жашырууга аргасыз, дешет байкоочулар.
Туруктуу көрсөткүчтөр
Кыргызстанда соңку жолу көмүскө экономиканын реалдуу көлөмү 2012-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосунда иликтенип, өлкөдө сегиз миллиард доллар көмүскө айланып жүрөөрү айтылган. Бул өлкө бюджетинен бир канча эсе көп сумма.
Андан кийин абал канчалык өзгөрдү? Улуттук статистикалык комитетинин эсептөөлөрүн келтирсек:
2013-жылы көмүскө экономиканын көлөмү - 19,8%, 2014-жылы - 23,2%, 2015-жылы - 23,8%, 2016-жылы - 24,5%, ал эми 2017-жылы - 23,6% болгон.

Сүрөттүн булагы, Tazabek
Көмүскөдөгү акчалар көлөмү 2018-жылы канчага жетти иликтөө үчүн Европа реконструкция жана өнүгүү банкы былтыр августта чет элдик PricewaterhouseCoopers (PwC) компаниясын жалдаган. Иликтөө жыйынтыгы февралдын этегинде жарыяланганы жатат.
Аталган банктын өкүлү Анастасия Родина Би-Би-Си радиосуна билдиргендей, иликтөө жыйынтыкталып калды, учурда бизнес коомчулукта жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы иштелип жатат.
" Экономика министрлигинин көмүскө экономиканы иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу демилгесин колдойбуз. Иликтөөгө эл аралык жана жергиликтүү эксперттерди тарттык. Долбоордун бир бөлүгү бизнес өкүлдөрү арасындагы сурамжылоого да таянат, учурда ал маалыматтар иштелип жатат", - деп билдиришти ЕРӨБден.
Коррупция менен саясий туруксуздук
Экономика министрлигин тапшырмасы менен 2012-жылы жүргүзүлгөн иликтөөгө катышкан ишкерлердин көбү салык жүгүнүн оордугунан сырткары, өлкөдөгү коррупция менен саясий туруксуздук бизнестин ачык иштөөсүнө жолтоо болоорун айтышкан.
Эми эл аралык уюмдардын жаңы иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде кыргыз өкмөтү 2019-2020-жылдарга карата көмүскө экономикага каршы жаңы чаралар көрөт деп күтүлүүдө.
"Бул жерде эң негизгиси - фискалдаштыруу. Товар жүгүртмөнүн барын электрондук форматка өткөзсөк, ошондо көмүскө экономикага каршы күрөшүү болот. Эң негизги иш-чара ошол. Калган чаралар анчалык эффективдүү таасир этпейт. Ошентсе чаралар көрүлүп атат", - деди Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Official
Көмүскө экономикага каршы туруунун дагы бир чарасы Катары жаңы салык кодексиндеги өзгөртүүлөр аталат.
Расмий маалыматтар көмүскө экономиканын көрсөткүчүн 25%дын тегерегинде дегени менен, көз карандысыз эксперттер бул көрсөткүч андан алда канча ашарын, 70%га чейин жетиши мүмкүндүгүн белгилеп келет.

































