"Мендеги жана айылдык жаштардагы ишеним": элеттик балдарды шыктандырган Акмарал

президент жана Акмарал

Сүрөттүн булагы, official

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Published

Тоолуу Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Акмарал президенттин колунан "Алтын сертификат" алган окуучулардын бири. Ал жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен өлкө боюнча окуучулардын ичинен эң жогорку баллды алды. Элеттеги мектептен чыккан окуучунун ийгилиги миңдеген өспүрүмдөрдү шыктандырууда.

Би-Би-Си Акмарал менен байланышып, анын келечек максаттары тууралуу сурады.

Акмарал: Бул ийгилик менин максаттарыма таасир этти. Бирок ой-максаттарымды өзгөрттү деп айта албайм. Анткени мурдатан эле АКШ, Европадагы окуу жайлардан билим алсам деп кыялданып, максат кылып жүргөм. Бирок бир аз коркуу сезимдери болгон. Ал жакта окуй аламбы, кандай болот деп түйшөлөт элем. Азыр коркуу сезимдерим жоголуп, ишеним пайда болду. Буга чейин көпчүлүк айылдагы мектептерде "Алтын сертификатты" шаардык мектепти бүткөндөр, лицейде, гимназия гана алат деген түшүнүктөр болчу. Айылдык жаштар биз ага жете албайбыз деп көп айтышчу. Азыр мага көп айылдык балдар кеңеш сурап жазып, өздөрүнө ишеним жаралып калганын айтууда. Бул мени сыймыктандырды.

Би-Би-Си: Мен дагы ошол сен окуган мектептен билим алгам. Айылда чоңдорго эле эмес, балдарга деле түйшүк көп эмеспи. Керелден кечке үйдүн түйшүгү менен болуп, көп учурда сабакка даярданганга мүмкүн болбой калчу. Шаардагыдай кошумча билим алган борборлор, курстар жок.

Акмарал: Талбаган аракет, мээнеттин арты менен жеттим деп айта алам. Кээ бир нерселерден баш тартканга туура келди. Мисалы, телефондон, социалдык тармактардан баш тарттым. Айылдагы жашоонун мындай ийгиликке эч кандай тоскоолдугу жок деп айта алам. Ата-энем экөө тең мугалим болгон үчүн тестке даярданып жатканда мага шарт түзүштү. Мурда дагы Олимпиадага даярданып жатканда дагы ушундай мамиле кылышты. Үйдө эле камалып алып, китеп окуп, издене берген деле туура эмес. Ошон үчүн мен деле үй жумуштарына аралашып кетчүмүн. Ийгиликке жетиш үчүн түйшүк тартуунун кереги жок. Негизгиси ишеним экен. Үч нерсе маанилүү болду - өзүмө болгон ишеним, аракетим, анан менин кудайдан тиленген дубаларым.

Акмарал ата-энеси менен

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ата-энем экөө тең мугалим болгон үчүн тестке даярданып жатканда мага шарт түзүштү

Би-Би-Си: Сенин алдыңда азыр чоң тандоо турат. Кайсыл окуу жайына тапшырууну чечтиңерби?

Акмарал: Келечегиме чоң таасирин тийгизе турган тандоо алдында турганымды сезип жатам. Ата-энем менен макулдаштык, өзүм дагы интернет аркылуу окуу жайларды карап чыктым. Тандоом - Эл аралык Ататүрк-Алатоо университети болду. Буюрса келечекте мыкты IT адиси болуп чыксам деген тилегим бар. Бул жерде англис тилинде билим берет экен. Тилди жакшы өздөштүрүп алган соң, билим алуумду чет өлкөдөн улантам.

Акмарал

Сүрөттүн булагы, Social media

Би-Би-Си: Жаздан бери эле коронавирус илдетинен улам бүт дүйнө түйшүк тартып жатат. Силер болсо жаздан бери мектепке барбай, онлайн окуп калдыңар. Анан мынтип окуу жайга тапшырып жатканда дагы мунун силерге таасири болдубу?

Акмарал: Коронавирус, ооба таасирин тийгизди. Окууга тапшырганда дагы муну сездик. Чет жактагы окуу жайларга өтүп кетет элем. Бирок кооптонуп тапшыра албадык. Классташтарым дагы ушундай эле түйшүк тартты.