Токиодогу Олимп оюндары жөнүндө эмнелерди билишиңиз керек?

Токио 2020 олимпиада оюндары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токио 2020
Published

Былтыр өтүшү керек болгон дүйнөлүк мелдешке бир жылдай кошумча убакыт даярданган 207 өлкөнүн 11,300дөн ашуун спортчусу алдыдагы эки аптада өз дараметин көрсөтөт. Алардын баары көптөн бери кылган эмгегинин түшүмү катары медал алуу үчүн күч сынашат.

Жайкы оюндар 23-июлдан 8-августка чейин болмокчу. Ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин болуп өтөт.

Олимпиада 2020-жылдын март айында келерки жылга жылдырылганда уюштуруучулар Олимп оту “туннелдин акырында жанып турган жалын болмокчу” деп айткан эле. Коронавирус пандемиясы азыркы күнгө чейин дүйнө жүзүн каптап атса дагы метафоралык туннелден дале өтүп баратабыз. Бирок бүгүн, жума күнү, өтө турган ачылыш салтанатында ошол жалындын бир бүлбүлдөп жанган отун көрө алабыз.

“Менин оюмча, стадионго киргенде ал кубаныч тартуулаган жана жеңилдөө көз ирмеми болот. Айрыкча спортчулар үчүн бул кубаныч тартуулаган көз ирмем болот. Себеби алар ошол учурду канчалык күтүп жатканын билем”, — деген Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах.

“Кийин алар акыры ошол жакка барышып, бул көз ирмемден аябай өзгөчө шарттарда ырахат ала алышат”.

Пандемия учурундагы Олимпиада

Беткап, карантин, шилекей анализи. Ката кетирбеш керек, анткени мындай Олимп оюндары буга чейин болуп көргөн эмес.

Коронавирус учурлары көп катталып, Токио шаары Жайкы оюндар өтө турган убакыт аралыгында өзгөчө кырдаал абалында болгондуктан Олимпиада жапон коомчулугунун курч сын-пикирине туш болду. Алардын көпчүлүгү Олимп оюндарын токтотуп туруу же болбосо кайрадан кийинкиге жылдыруу керек экенин айтып жатышат.

Бирок уюштуруучулар үчүн коопсуздук маселеси биринчи орунда тургандыктан жана сактык чаралары өтө жогорку деңгээлде көрүлгөндүктөн Оюндар жабык эшик артында өткөрүлүп, оюн аянтына бир дагы жергиликтүү жана чет элдик күйөрмандар киргизилбей жатат.

Ал эми спортчуларга карата дагы катуу чектөөлөр киргизилген. Алар ар дайым — тамак жеп, суу ичип, машыгуу, күч сынашуу жана уктагандан башка убактарда — беткап кийип жүрүүгө милдеттүү. Ошондой эле алар башкалар менен физикалык байланышты азайтуусу жана күн сайын коронавируска тест тапшырып туруусу керек болот.

Бирок, тилекке каршы, Жайкы оюндар расмий түрдө баштала элек болсо дагы коронавирус эбак эле Олимпиаданы аралап кетти.

Кандай жаңылык киргизилди?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) тарабынан спорттун 33 түрү боюнча рекорддук 339 медал ойнотулат. Алардын ичинде спорттун жаңы беш түрү бар жана жалпысынан жаңы 34 иш-чара өткөрүлөт. Жайкы оюндарга катышкан спортчулардын 48.8% кыз-келиндер түзөт — бул дагы рекорддук сан.

Спорттун жаңы беш түрүнө каратэ, скейтбордиң, спорттук альпинизм, бейсбол/софтбол жана сөрфиң кирет. Бейсбол менен софтбол Олимпиаданын программасында негизинен “жаңы” деле эмес, бирок аталган оюндар боюнча Бээжинде 2008-жылдагы Олимпиададан бери мелдеш өткөрүлө элек болчу.

Жаңы иш-чаралар бокс, кайык слалом, кайык спринт, веложарыш, калак менен кайыкта жарышуу жана сууда сүзүү боюнча программаларга киргизилген. Андан тышкары аялдар менен эркектер аралаш күч сынашкан 4x100м аралаш сууда сүзүү эстафетасы жана триатлон боюнча аралаш эстафета да бар.

Бул спорттун түрлөрү жаш аудиторияны тартуу үчүн киргизилген жана “спорттун урбанизация болуп баратканынан” кабар берет.

“Биз спортту жаштарга да жеткиргибиз келет. Жаштардын колунда болгон мүмкүнчүлүктөрдү эске алганда, алар бизге түз эле келип кошулат деген ойдон алыс болушубуз керек. Биз аларга барышыбыз керек”, — деп билдирген ЭОКтун президенти Бах.

Быйыл өтүп жаткан Олимп оюндары туруктуу өнүгүү багытына дагы салым кошуп жатат. Медалдар мурда колдонулган мобилдик телефондордон жасалса, Олимпиада факели болсо 2011-жылы Жапония катталган ири жер титирөөдөн кийин салынган убактылуу үйлөрдөн калган алюминден жасалган.

Мелдеш өтүүчү болгону сегиз гана жер жаңыдан салынган. Ал эми Токиодогу Жайкы оюндарды камсыз кылган энергиянын көпчүлүк бөлүгү калыбына келүүчү булактардан берилүүдө.

Кыргыз спортчулары олимпиадада

Каныкей Кубанычбекова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныкей Кубанычбекова

Жайкы оюндарга Кыргызстандан 16 спортчу катышмакчы. Токио Олимпиадасында байгелүү орундарды багынткан спортчуларга кыргыз бийлиги беш миллион сомдон он миллион сомго чейин акчалай сыйлык убадалады. Коло медал уткан спортчуларга беш миллион сомдон, күмүшкө жети миллион сом, ал эми алтын медалды багынткандарга он миллион сомдон берилмекчи.