Данияр Аманалиев: Бизде жакырлар салыкты көп төлөйт, бул кызык парадокс
Назгүл Мурат, экономика боюнча баяндамачы
Бизнес коомчулукта бир топ талкууну жараткан жаңы салык кодекси ишке киргенине бир айдан ашты. Бирок ишкерлердин көбү жаңы шарттарды дагы деле толук түшүнө албай албай, бирлери катуу сынга алып, ал турсун митингге чыгып жатса, ошол маалда документтин бир топ прогрессивдүү жактарын белгилегендер дагы бар. Жаңы салык кодекси эмне үчүн ишкерлердин нааразылыгын жаратууда? Салыктар толук төлөнүш үчүн кандай стимул керек? Түз салык менен кыйыр салыктын кандай айырмасы бар жана кайсыл системада салык акыйкат чогултулат? Бул суроолорду ишкер Данияр Аманалиев менен талкууладык.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Н. Мурат: Чогултулган салыктар мамлекеттин пайдасына иштеп жатканын мамлекет ачык-айкын көрсөтүп турса, экономика ошончолук ачык болуп, коомдун салык төлөөгө мотивациясы жогору болот эмеспи?
Д. Аманалиев: Кыргызстан бул жылы коррупция боюнча рейтингде жыйырма орун төмөнгө түштү- демек бул, баарыбыз түшүнүп тургандай эле акчалар ачык эмес колдонулуп жатканын, алар уурдалып жаткандыгын түшүндүрөт. Эгер менин мамлекетим мурдагы жылга караганда көбүрөөк уурдай баштаган болсо, анда менин салык төлөөгө болгон каалоом да ошончолук азаят. Бул табигый нерсе, ошондуктан биринчи кезекте каржылоонун эффективдүүлүгүн көтөрүү керек.
Эгер биз ачыктык көбөйүп жатканын көрсөк, эгер акчалар коомдун пайдасы үчүн жумшалып атканын көрсөк, эгер мамлекет биз менен байланыш түзүп, чогулган акчалар кандай жумшалып атканын көрсөтсө, отчет берсе, биз мамлекетке ишенсек, анда биз салыктарды да кубануу менен төлөйбүз.
Биз азыр Каржы министрлигинин сайтынан 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча эч кандай маалымат таба албайбыз, кварталдык отчеттор да жок. Статкомдун сайтында да акыркы жыл үчүн жарытылуу отчеттор жок, анан ошол эле учурда негизги максаты салыктарды көбөйтүү болгон жаңы салык кодексинин кабыл алынгандыгын көрүп атабыз. Ошондуктан биз азыр көрүп аткан чоң каршылыктар, мисалы, ошол эле ККМ колдонбогондугу үчүн 30 миң сомго чейин чон штрафтар салынып жаткан базардагы сатуучулардын, мурда митингге чыкпаган бизнес чөйрөнүн митингге чыгып баштаганын көрүп жатабыз.
Бул салыктар чоңбу-кичинеби деген маселе эмес. Бул биз бири-бирибизге канчалык ишенебиз, ошол эле сатуучулар мамлекетке салык төлөөнү маанилүү деп эсептейби деген маселе. Муну аларга эч ким жеткиликтүү деңгээлде түшүндүргөн эмес десек болот. Көбүрөөк агартуу иштерин, маалымдоо иштерин жүргүзүү керек, коомчулук менен чогуу иштеш керек. Ошондой болгондо, мүмкүн, коомчулук салык төлөөнүн маанисин жакшыраак түшүнмөк.
Мага бизнесмен катары коомчулуктун салыкты көп төлөгөнү пайдалуу, себеби азыр кээ бирлери төлөйт, кээ бирлери төлөбөйт. Ошол төлөгөндөр төлөбөгөндөр үчүн да салык төлөп аткан болуп калып атат. Ошондуктан, салыкты баары төлөгөн системаны адилеттүү деп атаса болот. Бирок, ошол эле учурда бул салыкты кантип чогулта тургандыгын көрө албай жатам.

Сүрөттүн булагы, President.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Н. Мурат: Салык төлөөнү байлардын эсебинен башкаларды багуу деп түшүнгөндөр бар. Бирок салыктар барып келип эле сатып алуучулардын, элдин чөнтөгүнөн төлөнөт да. Себеби ишкерлер салыкты өздөрү өндүргөн товарынын баасына кошуп коет.
Д: Аманалиев: Салыктарды топтоонун эки системасы бар: түз салыктар анан кыйыр салыктар. Кыйыр салыктар - бул ишкерлер толугу менен кардарга жүктөп койгон салыктар. Бул салыктын эн чоңу кошумча нарк салыгы, экинчиси сатуудан түшкөн салык. Ошондой эле акциздик салыктар да бар, мисалы сиз сигареттин пачкасын сатып алсаныз, ал пачкада чон акциздик салык бар. Эгер арак сатып алсаныз, анда да акциз бар. Эгер чет өлкөдөн алынып келинген товарларды сатып алсаңыз, анын ичинде бажы төлөмдөрү да камтылган. Мамлекет кыйыр түрдө колдонгон салыктардын баары, акыр аягында келип, баанын бир бөлүгүн түзөт.
Азыр, мисалы, салыктын эки негизги түрүн, бирдиктүү жана кошумча нарк салыгын бөлүүгө басым коюлууда. Бирдиктүү салык кирешеден алынган үчүн ал автоматтык түрдө кыйыр салык болуп калат. Мындан кача албайбыз. Ал мүмкүн мурдагыдай товардык чектерде көрүнбөшү мүмкүн, бирок мурда салык төлөбөгөн бардык бизнесмендер 4 же 6% төлөшү керек, аны ал баага кошот. Бул эмнени билдирет? Бул машинадан, мүлктөн, же байлыкка болгон салыктардан айырмаланат. Көп өлкөлөр кимдин байлыгы көп болсо, ошол көбүрөөк салык төлөй турган системага негизинен ыкташат.
Андан айырмаланып, кыйыр салыктарды сатып алган бардык кишилер төлөйт. Бул, мисалы, эгер сиз бир колбаса сатып алсаныз, айрыкча бардык салыктарды төлөгөн "Газпром", "Глобус", "Фрунзе" же "Народный" сыяктуу жерлерден сатып алып, салыктар байлардан алынып кедейлерге бөлүштүрүлөт десеңиз, бул туура эмес. Эгер биздин система түз салыктарга басым кылсак, ошентип айтсак болмок. Азыр биздин бюджеттин 70% ашууну салыктардан куралат, ал эми анын 79 % ашууну кыйыр салыктардан куралат.
Азыр жаңы системада кыйыр салыктардын көлөмү андан да көп болот. Ошондуктан, эгер сиздин компания салыктарды толугу менен төлөсө да, андан сырткары ар бир сатып алууңузда сиз дагы, мен дагы ошо салыктарды төлөйбүз. Мамлекет эгер көбүрөөк салык чогулткубуз келет десе, бул сиздин акчаныздын көбүрөөк бөлүгүн алабыз дегени. Ошондо биз да суроо беришибиз керек: “Макул, силер көбүрөөк акча алгыңар келет, анын ордуна биз эмне алабыз ?”. Эгер мамлекет бизге жооп бербесе, анда күч колдонууга, курал колдонууга, түрмөө отургузууга барат, соттору бар. Бирөө бизге келип : “биз эч нерсени түшүндүрбөйбүз, жөн гана көбүрөөк акча бер” дегендей болуп жатпайбы. Бул кимдир бирөөгө карактоодой эле көрүнүшү мүмкүн.
Мамлекет кайсы бир салыктык системаны киргизип атканда, анын жалпы экономика үчүн аябай маанилүү мыйзам экенин түшүнөт. Андай учурда коомчулук менен чоң-чоң талкуулар болушу керек. Тилекке каршы, жаңы киргизилип жаткан салык кодекси жөнүндө мындай талкууларды көргөн жокпуз. Биз мамлекет коомчулуктун пикирин сураганын көргөн жокпуз, закондор да, окуулар да бир күндө өткөрүлүп жатканын көрдүк. Биз Салык кодексинин долбоорун көрүүгө да мүмкүнчүлүк болгон жок. Салык кодексине президент 19-январда кол койсо, ал эми биринчи январдан ишке киргендигин көрдү, 19-январга чейин президент бул законго кол коебу-койбойбу деген так маалымат да жок болчу.
Негизи, салык артка иштебейт, бирок бизде ушундай болуп калды, бул дагы мамлекет бул кодекс боюнча элдин пикири менен эсептешпей тургандыгын көрсөттү десек болчудай. Ошентип, көпчүлүк элдин пикири маанилүү эмес экендигин түшүндү. Бул дайыма жаман бүтүп келген, тарых эч нерсеге үйрөтпөйт окшойт.
Н. Мурат: Дагы бир жагдай, бизде чиновниктер Европаны мисал келтиргенди жакшы көрүшөт эмеспи. Ооба, өнүккөн өлкөлөрдө салык көлөмү алда канча чоң, бирок андай салык төлөш үчүн ишкерлер бутуна бекем туруп, аларга өнүгүүгө шарт түзүлүш керек да.
Д. Аманалиев: Бизде салыктар жогору болгон Европа менен салыштырганды жакшы көрүшөт, мисалы пропорционалдуу салык системасы болгон Финляндия же Швеция. Ал жакта жарандар кирешесинин 70% чейин салык катары төлөшү мүмкүн. Бизге да айтышат бизде киреше салыгы болгону 20 эле пайыз, сүйүнүшүңөр керек деп. Аларга бир эле жооп, Европада да же башка рыноктук экономика күчтүү өнүккөн бардык өлкөлөрдө башында андай эмес болчу. Аларда салык аябай аз болуп, ошол убакыт экономиканын өнүгүшүнө жардам берген.
Экономика өсүп, кишилердин курсагы тойгондо алар инфраструктура, тышкы таасир, экология жана башка нерселер сыяктуу жогорураак турган маселелер жонундо ойлоно башташкан. Бул суроолорду чечүү үчүн мамлекетте көбүрөөк акча болушу керек, ошондо алар салык системасын кайра карап чыгышкан, бирок ошондо да алар негизги басымды түз салыктарга койгон. Мисалы, 50-70% киреше салыгы же же кишинин кирешеси дегенде бул түз салык, ал сенден, сенин канча акча тапканындан көз каранды.
Ал эми бизде болсо, Раим Матраимов бир колбасаны сатып алып, канча салык төлөсө, мен да ошончо төлөйм, ошондой эле пенсиядан башка кирешеси жок адам да ошончо төлөйт. Башкача айтканда, бул система бай кишилерге кедейлерге караганда салыкты аз төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин системада жакыр кишилер көп салык төлөйт, бул кызык бир парадокс.
































