"Бул согушту токтотушубуз керек". Трамп Путин менен жолугууга даярдык жүрүп жатканын айтты

Сүрөттүн булагы, AFP
Саналуу күндөн кийин ант берип АКШнын президенти кызматына кирише турган Дональд Трамп учурда анын Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусуна даярдыктар жүрүп жаткандыгы тууралуу айтты.
"Ал жоолуккусу келип турат жана биз даярдык көрүп жатабыз",- деди Трамп. Ал мындай маалыматты Флоридадагы Мар-а-Лагодогу резиденциясында республикачыл губернаторлор менен жолугаар алдында журналисттерге айтты.
"Президент Путин жолугууну калаап жатат. Ал бул тууралуу эл алдында ачык эле билдирди жана биз бул согушка чекит коюшубуз керек",- деди Трамп. Ал Украинадагы согуш тууралуу кеп кылып жатат. Ал буга чейин дагы согушту токтотуу боюнча бир нече жолу убада берген, бирок аны кантип пландап, кандай кылып ишке ашырганы жатканы тууралуу айткан эмес.
Reuters агенттиги жолугушуу качан боло турганы боюнча Трамп тактап айтпаганын белгиледи.
Кремль Трамптын бул сөзү боюнча азырынча комментарий бере элек. Бирок жакында эле Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, эгерде Трамп 20-январдагы ант берүү аземинен кийин орусиялык лидер менен байланышуу ниетинен жанбаса, Москва ал ниетти кош колдоп колдой турганын журналисттерге айткан эле.
"Эгерде кызматка киришкенден кийин эң жогорку деңгээлдеги байланыштарды кайрадан жандандырууга саясий эрк сакталып кала турган болсо, анда албетте Путин мындайды колдоп алат",- деген Песков.
Трамп жакында эле Путин менен сүйлөшүү өзү кызматына киришкенден кийин алты айдан соң болушу мүмкүн деген.
Песков бейшемби күнү америкалык тараптан азырынча андай сунуш түшпөгөнүн айтты.
Путин өзү декабрь айында өткөн түз байланыш учурунда ал Трамп менен жолугушууга даяр экендигин айткан.
Washington Post ноябрь айында өткөн президенттик шайлоону Дональд Трамп жеңип чыккандан бир апта узабай эле шайланган президент Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышканын жана Украинадагы согушту талкуулаганын жазып чыккан.
Кремлде болсо бул маалыматты "ойдон чыгарылган" кеп деп деп атаган.
Трамптын шайлоодогу жеңишинен кийинки сүйлөшүүлөр боюнча учкай маалымат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Былтыр ноябрь айында АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамп шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккан тушта NBC News каналына маек курган. Анда ал шайлоодон кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшпөгөнүн, бирок украин лидери Володимир Зеленский менен байланышканын айткан эле.
"Менимче, биз сүйлөшөбүз",- деген Путин тууралуу. Зеленский менен эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнүн чечмелеп айткан эмес.
Ал шайлоо аяктагандан көп өтпөй эле жетимишке жакын дүйнөлүк лидерлер менен сүйлөшкөнүн, алардын арасында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху да бар экенин билдирген. Аны менен сүйлөшүүнү "абдан жакшы пикир алышуу" деп атаган болчу.
7-ноябрда Владимир Путин шайлоодо Трамптын жеңиши жөнүндө алгачкы жолу комментарий берип, аны куттуктаган элеп.
"Учурдан пайдаланып мен аны АКШнын президенттик кызматына шайланышы менен куттуктайм. Мен Америка эли ишеним көрсөткөн бардык мамлекет башчылары менен иштей турганыбызды буга чейин эле айткам. Иш жүзүндө да, чындыгында да ошондой болот",- деп билдирген Путин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйынында.
Путин ошондой эле Трамптын "украин кризисинин бүтүшүнө далалат кылам" деген билдирүүсүн эске салган эле.
"Ал эмне кылат деген суроо ага бериле турган суроолор. Бирок буга чейин эл алдында эмне айтылды, Орусия менен мамилелерди калыбына келтирүүгө умтулуу боюнча эмнелер сүйлөндү, украин кризисин бүтүрүүгө жагдай түзүү жөнүндөгү сөз менимче көңүл бурууга арзыйт",- деген Путин.
Украин президенти Володимир Зеленский Будапештте өтүп жаткан Европанын саясий коомчулугу саммитинин жыйынтыктоочу пресс-конференциясында Трамптын согушту тез арада бүтүрүү тууралуу каалоосуна ишене турганын, бирок Киевге адилеттүү дүйнө керектигин айткан.































