You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сүрөт баян: Европадагы кургакчылыктан Гарда көлү жана Рейн дарыясы соолуп калды
Published
Европаданы ысык күндүн аптабы адамды алсыратып, жамгырдын аздыгы бүт континентте кургакчылыкты күчөтүүдө.
Германияда Рейн дарыясынын суу деңгээли төмөндөп кетти, Италияда Гарда көлү соолуп калды, ал эми Францияда дыйкандар кургакчылык быйыл жайда түшүмдүн үчтөн бир бөлүгүн жок кылышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда.