You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жээнбековдун Орусияга сапары, “Биримдик” лидеринин элди кыжырданткан сөзү
Кремлдин Кыргызстандагы шайлоого таасири тууралуу талаш-талкуулар күчөп жаткан чакта президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Москвага жөнөп кетти.
Анын басма сөз кызматы Жээнбеков Путин менен Сочи шаарында жолуга турганын билдирди.
“Эркиндик жакшы, бирок үйгө кайталы” деген “Биримдик” партиясынын лидеринин интернетте тараган видеосу саткынчылык, чыккынчылык катары бааланып, көчө акциялары күчөй баштады.
Бишкектин Горький паркында айрым улутчул күчтөр “саткындарга каршы” жана шайлоодо “баарына каршы” урааны менен акцияга чыгышты.
“Мындай болбойт, кулдук аң-сезимде жүргөн адамдардын ой-жүгүртүүсү болуп жатат. Соңку кезде Орусиядан оолак, эгемендүү, көз карандысыз ой жүгүртө турган президент болбой жатат. Маселенин баары ошондо. Буга такыр каршы чыгыш керек, саясий партиялардын мындай ой-жүгүртүүсүн чыккынчылык деп эсептеш керек”, -деди “Кыргыз эл” саясий партиясынын лидери Айбек Бузурманкулов.
Жарандык коом өкүлдөрү, бир катар партиялар Ак үй алдында жекшембиде “Кул болбо” акциясын өткөрүшүп, БШКдан “Биримдикти” маарадан четтетүүнү талап кылышты.
“Биримдик” партиясынын өкүлүнүн Орусиянын Думасында сүйлөгөн сөзү кыргызстандыктарды ачуулантып, сынга кабылды. Бул партиянын позициясы, программасы буга чейин эле белгилүү болгон. Ал дагы бир жолу тастыкталды. БШК көзүңөрдү жумбагыла, кулагыңарга кебез тыгып алып калп эле укмаксан, көрмөксөн болбогула! Бул бузуку партия, аны шайлоого катыштырбаганга силердин акыңар бар”,- деди жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.
“Биримдик” партиясы муну саясий партияны атайын каралоо максатында жасалган чагым деп жатат.
“Бул видео чагым болуп саналат. Ал 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чара болчу. Ошол иш-чарада жалпы евразиялык цивилизациялык мейкиндикти жана калктардын тарыхый-маданий байланыштарын эске алуу менен тарыхый-маданий маселелер боюнча кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланган”,- делет партиянын бул тууралуу расмий түшүндүрмөсүндө.
Боршайком бийликчил аталып жаткан партияга тийиштүү бул чууга карата көңүл бура элек.
Бирок бул окуя дагы бир жолу кыргыз бийлигини Москвага карата күнкарама саясаты тууралуу талаш-талкууларга жем таштады.
Кыргызстан КМШ, ЕАЭБга мүчө өлкөлөр ичинен соңку жылдары Орусияга көбүрөөк ыктаган мамлекет болууда. Айрым серепчилер расмий Бишкек Кремлге сателлит позициясына өткөнүн да белгилеп жатышат. Канттагы орусиялык авибазасынын макамын чыңдап берип, ЕАЭБдеги экономикалык интеграциянын пайдасыздыгына көз жумуп, Кыргызстан Орусия менен кайчылаш маданий жыл белгилеген биринчи өлкө болду.
Маанилүү чечимдер кабыл алынарда кыргыз саясатчылары Кремлдин алдынан өтүп келиши да кадыресе көрүнүшкө айланып бара жатат.
Өзгөчө былтыр Алмазбек Атамбаевдин Кант аба базасы аркылуу Москвага учуп кеткени, андан кийин Путин өзү расмий Москва аракеттеги кыргыз бийлигин колдоору тууралуу түшүндүрмө бериши, көп өтпөй Кой-Таш окуялары орун алганы эгемендикке байланыштуу бир топ суроолорун башын ачты.
“Советтер союзу ураганына отуз жылдай болуп калса деле, Орусия биздин чөлкөмдө инерция менен өзүнүн таасирин жана күчүн көргөзүп келет. Бул нерсени үч-төрт фактор менен түшүндүрсө болот. Совет доорунда тарбияланып калган саясий элита, ал Москванын айтканын кылат. Экинчиси, бул Орусиянын агрессивдүү тышкы саясатынан корккондон улам ушундай болуп атат. Мурдагы Советтер союзуна кирген Грузияда 2008-жылы өзүнүн эгемен саясатын жүргүзө баштаганда Орусия интервенция кылып, согуш баштап Грузиянын 20% жерин басып алган. Андан кийин Крым аннексия болду, Украинаны Донецк-Луганск кылып бөлүп, тышкы саясатын эгемен жүргүзгөнгө бөгөт кылганга аракеттенди”, -деди саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.
Буга чейин экс-элчи Раимкул Аттакуровдун Орусияга кошулуу тууралуу берген маеги талкууда калып, бирок аткаминер анын сөзү бурмаланып калганын айтып чыккан.
Коомдук сайттарда президент Жээнбеков Путин менен жолугушуу учурунда сөзсүз Кыргызстандагы парламенттик шайлоо талкууланары тууралуу пикирлер жазылууда.
Шайлоого бир аптадай калып, партиялар арасында атаандаштык курчуду, “Биримдикке” тийиштүү видеону саясий күчтөр Москванын кол астына кайтууга чакырык катары катуу сындап, дээрлик бардык партиялар шайлоочулар менен жолугушуда бул темага кайрылып жатышат. EKa