Кытайды кыйнаган сел. Климаттын өзгөрүүсү кандай таасир этти?

Published

Быйыл Кытайдын жай мезгили куйкалаган аптап жана талкалаган сел менен коштолду. Бул жолу суу ташкыны мурда мындай аба ырайын эч качан көрбөгөн аймактарды каптады, илимпоздор буга климаттын өзгөрүшү себеп болууда деп, эң жаманы али алдыда экенин эскертишти.

"Мен биздин аймакта суу каптаганын мурда эч качан көргөн эмесмин. Биз жөн гана мындайды күткөн эмеспиз." - дейт, 38 жаштагы Чжан Жунхуа. Анын эгин талаасы таптакыр жараксыз болгон.

Чжандын айтымында, үй-бүлөсү жана достору учурда коопсуз жайда, анткени аларга бийик жерге чыгуу керек деп көп жолу эскертүү берилген, бирок анын айылдаштарынын баарын алдыда оор айлар күтүп турат.

Анын үстүнө Кытайдын түндүк-чыгышындагы Хэйлунцзян провинциясындагы кыйроо бүтүндөй өлкөнүн азык-түлүк менен камсыздалышына чоң таасирин тийгизди.

Бул айда аймактын атактуу Вучанг күрүчүнүн кырк пайызы жок болуп, аны суунун көлөмү жана ылдамдыгы тегиздеп кеткен. Жайкалып турган жапжашыл жерлер бүгүн боз ылайга чыланып, кыйрап жатат.

"Биз эгин эккен талаалардын баары суу астында калыптыр. Быйыл эми кайра эге албайбыз." - дейт, дагы бир фермер Чжао Лижуан жылмайып туруп. Ал өз жамаатынын башына түшкөн апаатка философиялык көз карашта болууга аракет кылууда.

"Эсепсиз жоготуулар болду. Бул жерде миңдеген гектар күрүч талааларыбыз бар эле. Суу каптаганын көргөндө ыйладым. Ал баарын жок кылды. Мындай тайфундар кайра кайталанабы деп коркуп жатам", - дейт.

Акыркы суу ташкынынан кеминде сексен бир адам набыт болду, анын ичинде айрымдары башкаларын куткарууга аракет кылып каза болгондор.

Ковидди көзөмөлдөөгө киргизилген катаал чаралар үч жылдан кийин алынган соң экономиканы калыбына келтирүү өлкө үчүн оор болууда.

Ал эми өкмөт климаттын өзгөрүүсүнө чукул реакция кылбай жатканынын натыйжасын билгиси келсе, анда ал өзүнүн статистикасын караса болот.

Он жылдан ашык убакытта өлкөдө катталган суу ташкындарынын саны он эсеге көбөйдү.

2011-жылдын жай айларында Кытайда алтыдан сегизге чейин суу ташкындары катталган. Былтыр июль айында жүз отуздан ашуун суу ташкыны болуп, август айында сексен экиге жеткен.

Гринпис Чыгыш Азия уюмунан доктор Чжао Линин айтымында, селдердин санынын көбөйүшүн жарым-жартылай Кытайдын суу ташкындарын көзөмөлдөө системаларынын өнүгүүсү менен түшүндүрсө болот.

Бирок глобалдык жылуулануу дагы эле негизги фактор болуп саналат, дейт ал.

"Жылуу температура буулануунун ылдамдыгын жогорулатат, натыйжада атмосферада нымдуулук көбөйөт. Бул көбөйгөн нымдуулук катуу жаан-чачынга, бороон-чапкын жана циклондорго, анын ичинде тез-тез кайталанчу катуу бороондорго алып келиши мүмкүн." – деп кошумчалаайт Чжао Ли.

БУУнун климаттык панелдик картасын колдонуу менен жүргүзгөн Гринпистин эки жыл мурунку изилдөөсү, Пекин менен Шанхайдын тегерегиндеги провинцияларда аптап жана жаан-чачындын көп болушу ушул кылымда жай мезгилин бир айга узартаарын көрсөттү. Чжуцзян дарыясынын айланасында болсо жай кырк күнгө көбүрөк созулат.

Кытай өкмөтүнүн өзүнүн Метеорология башкармалыгынын кызматкерлери 1990-жылдардын ортосунан бери өтө ысык температура жана экстремалдуу жаан-чачындар чын эле көбөйгөнүн билдирди.

Бирок, доктор Чжао Ли адамдар келе жаткан катастрофаларга даяр эмес экенин эскертет.

"Биз аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө даяр эмеспиз. Суу ташкындарынын акыркы окуялары муну баса белгилейт", - дейт доктор Чжао.

"Жүздөгөн жылдардагы эң оор суу ташкынына туруштук берүү үчүн бардык инфраструктураны жаңылоо эбегейсиз чоң, балким ишке да ашпай турган милдет. Бирок бир кылымда бир жолу болчу алааматтар климаттын өзгөрүшү менен тезирек кайталанып жатат. Демек, жакында дагы бир кырсыктын алдын алуу керек болот.”

Кытай расмийлери акыркы суу ташкындарынын таасирин азайтуу үчүн суу жолдоруна дамба системаларын орнотуп, анын багытын өзгөртүүгө аракет кылышкан.

Ошончо суунун баары бир жакка кетиши керек болчу. Бардык соккуну Хэбэй провинциясындагы Чжуочжоу шаары алды.

Өкмөт үчүн мындай чечимди кабыл алуу оор болду, көпчүлүктүн жыргалчылыгы үчун кимдир бирөөлөр азап чегиши керек эле.

Чжуочжоудагы көптөр үчүн жаркын келечек али көрүнбөйт.

Ошол шаарда эки чакан бизнести иштеткен Чжан мырза: "Бул жоготууларды калыбына келтириш үчүн мага он жылдай убакыт керек болот" дейт. "Өкмөт бизге компенсация төлөп берерин айта элек. Мен эки дүкөн иштетем, бирок азыр эмне кылышымды билбей турам."

Бир нече жума мурун, негизги көчөдө унаалар акырындык менен селдин суусун жиреп, баткакты аралап өтүп жатышты. Суу капыстан ушунчалык катуу күч менен көтөрүлгөндө алдынкы айнектери талкаланып кеткен ылай баскан унаалар жолдун эки тарабында турушат.

Күрөң сызык суу канчалык бийик көтөрулгөнүн көрсөтүп турат, сел имараттардын биринчи кабатындагы ар кандай буюмдарды көчөгө алып чыгып жайып салган.

"Биз чоң жоготууларга учурадык: жүк ташуучу унаалар жана башка техника; товарларыбыз; эмеректерибиз; үй-оокатыбыз талкаланды", - дейт күйөөсү менен кампа иштеткен Хан айым.

Ал 3 метрден жогору турган текчелердеги товарлардын талкалангандыгын көрсөтүп берди.

Андан соң аялы алардын жакын жердеги үйүнүн эшигин ачты – үйдү калың баткак каптаган.

"Биз күн сайын ылайды тазалоого аракет кылып жатабыз. Муну көргөндө кандай сезимде болгонумду сөз менен айтып бере албайм, жашообуз бүтүп калгандай сезилген.” - дейт ал.

Климатты изилдеген илимпоздор аба ырайынын экстремалдык кубулуштарын өз өзүнчө кароо мүмкүн эместигин биринчилерден болуп билдиришкен.

Июнь айында Кытайдын түндүгүндө күн куйкалап жатты, абанын температурасы жума сайын кырк градустан жогору көтөрүлүп, андан кийин бир ай жаай турган жамгыр жыйырма төрт сааттын ичинде токтоп калган.

Профессор Каскад Тухолске: "Аба ырайынын мындай кубулуштары климат өзгөргөнгө чейин деле болуп келген. Ушул жайда Кытайды каптаган ысык толкундар жана суу ташкындары сыяктуу окуяларды жана жекече учурларды татаал механизмдер козгогон, бирок климаттын өзгөрүшү экстремалдык аба ырайын кеңири жайылтып, курчутуп жатат."

Монтана мамлекеттик университетинин профессору, географ: "Кытайдын калкы жыш жайгашкандыктан, жана өлкө негизги дүйнөлүк экономика болгондуктан климатка байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүшү Кытай үчүн чоң көйгөй болуп саналат" - деп кошумчалайт.

Ал ошондой эле "ар бир тонна көмүр кычкылтек газынын жерде калуусу - келечекте Кытайда адамдар азыраак зыян тартаарын билдирет" дейт.

Кургакчылыкпы же капыстан келген суу ташкындарыбы, эмнеси болсо да экстремалдуу аба ырайы климаттын өзгөрүшүнүн Кытайга тийгизген таасирине кайрадан көңүл бурдуруп жатат. Ошол эле кезде, аны менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар учурда жетиштүүбү же жокпу деген олуттуу суроолор пайда болууда. Анткени, абал өзгөрбөсө ал катастрофалык кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Бирок бул глобалдуу көйгөй, аны бир гана өлкөдө чечүү менен токтотуу мүмкүн болбойт. (ДО)