You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштери эмне болду? Адвокаттын жообу
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кармалып, камалган айрым саясатчылардын бошотулушу талкуудан түшө элек. Жакында саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан чыгары сөз болууда. Ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы абактан чыгабы, соңку ирет анын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү эмнеден кабар берет деген талкуу кызыды.
Би-Би-Си Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын бири Замир Жоошевди кепке тартты.
Би-Би-Си: Соңку маалыматтардан баштасак
Замир Жоошев: 21-декабрда Калыс-Ордодогу мектепке байланыштуу иш боюнча бөгөт чарасы жокко чыгыптыр. Себеби жаңы Жазык процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, бир жылдан ашык камакта кармаса болбойт. Ошондон улам сот ошондой чечимге келиптир. 22-декабрда болсо Батукаевге байланышкан иши Жогорку сотто каралмак, бирок ал башка күнгө жылып калыптыр, мен барган эмесмин башка жактоочу катышкан эле.
Би-Би-Си: Маалымат каражаттарында Алмазбек Атамбаевге байланышкан эки иш боюнча баш коргоо чарасы өзгөргөнү айтылууда
Замир Жоошев: Калыс-Ордодогу мектеп жана түрк жарандарына Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча эки иш бир өндүрүшкө бириктирилип, бир иш болчу.
Би-Би-Си: 22-декабрдагы сот иши эмне үчүн болбой калды?
Замир Жоошев: Ошол Батукаевдин иши деп аталган иш бар эмеспи, ошол боюнча сот отуруму болмок. Болбой калыптыр, мен барып катышкан жокмун. Себебин так билбей калдым. Мен так билбегендиктен катышкандардан сурап көрүш керек. Башка жактоочу барган эле. Мен башка бир иш боюнча кеткен элем.
Би-Би-Си: Жалпысынан Алмазбек Атамбаевге кайсы иштер боюнча айып тагылып жатат?
Замир Жоошев: Так маалыматым жок, анткени айыптоолор жана иштер дагы көп. Тергөөчү, прокурорлор өздөрү деле адашып калды окшойт. Эсимде калгандары Кой-Таш иши боюнча “массалык башаламандыкты уюштурган”, октябрь окуялары боюнча дагы “массалык башаламандыкты уюштурган” ошондой эле “бийликти күч менен мыйзамсыз басып алууга даярдык көргөн” деп айыпталган. Мындан сырткары Батукаевдин иши боюнча коррупция беренеси, андан сырткары Калыс-Ордодогу мектепке байланыштуу “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси коюлган.
Кезинде мурдагы баш прокурор Өткүрбек Жамшитов депуттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кой-Таш боюнча Алмазбек Атамбаев күнөсүн моюнунан алып жатат деген эле...
Би-Би-Си: Жалпысын бириктиргенде прокурорлор кандай жазаны сурап жатышат?
Замир Жоошев: Сураган жок эч ким, ага жете элекпиз.
Би-Би-Си: Соттун эрежеси, мыйзам боюнча эми мындан ары эмне болушу керек?
Замир Жоошев: Бүгүнкү күндө бир дагы сот болгон жок. Бир дагы иш боюнча, дайыма жылып эле келе жатат. Башында айтып кеткендей Калыс-Ордодогу мектеп боюнча бир жылдан ашык сот учурунда СИЗОдо отуганына байланыштуу баш коргоо, бөгөт чарасы жокко чыкты. Бул “мына бир жылдан бери бир дагы сот отурум болгон жок” дегендегим. Кой-Таш окуясы боюнча деле бир жылдан ашык убакыт кетти, бир дагы сот отурум болгон жок. Дайыма жылып эле келе жатат. Ошондуктан бул иштердин баарын прокуратурага өткөрүп бериш керек жана прокуратурадан жаап салыш керек. Анткени саясий негизде атайын токулган иштер мунун баары.
Би-Би-Си: А. Атамбаевдин ишине байланыштуу бир топ иштер “мыйзамсыз болуп жатат” деп сындап келе жатпайсыздарбы. Дагы деле ошондой ойдосуздарбы?
Замир Жоошев: Албетте, бул жерде биздин оюбуз боюнча бүт эле иштер саясий өңүттөгү иштер. Саясий кандайдыр бир максаттардан улам токулган да, мындай жок жерден.
Би-Би-Си: Эгерде сиздин айтканыңызга караганда мыйзам иштебей жаткан болсо, анда жаңы кабыл алынган кодекстен улам ошол эле “Калыс-Ордо боюнча айыптоо алынып салынды” деп атпайсызбы, унун өзү мыйзам иштеп жатат дегенди түшүндүрбөйбү?
Замир Жоошев: Айыптоо алынып салган жок. Айыптоо калып жатат, иши улана берет. Болгону бөгөт чарасынын мөөнөтү узартууга жатпайт. Ошондуктан жокко чыгарды. Ооба, эми дал ушул иште мыйзам иштеди.
Би-Би-Си: Өзүнө тагылган айыптар боюнча А. Атамбаевдин позициясы кандай болуп жатат?
Замир Жоошев: Ал киши бир дагы иш боюнча көрсөтмө берген эмес. Анан адилеттүү, калыс сот болот, соттук териштирүү болот деген ишеним жок. Андай ишеним эч кимде жок. Бир дагы сот отурум, бир дагы иш болгон жок. Ар дайым эле жылып келтат. Мисалы, бүгүнкүгө дайындалды бүгүн дагы кайра жылды Кой-Таш окуясы боюнча.
Би-Би-Си: Негизи бардык иштер боюнча тергөө аяктады беле?
Замир Жоошев: Баары аяктаган, баары сотко өткөрүлгөн.