Цезардын сенатор аргымагы

Бишкек митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

Демократияны анархия, сөз эркиндигин охлократия менен айырбаштап алган коомдо маселе көп тура. Сөз эркиндигин туура эмес түшүнүп, аёосуз эксплуатациялап, баркын кетирип алдык окшойт. Демократия, парламентаризм жана сөз эркиндигин ишке ашпаган умтулуу, кыял, жомок, кесепет катары эсептеп, соңку 32 жылдык тарыхтын бүктөмүндө калтыргысы келгендер да жок эмес.

Эгемендик кезде демократияны чындап баштан кечирбестен чанып, парламентаризмди айтып, бирок сынабастан, орнотпой туруп тандык. Демократияны бизге жат, жарашпаган, тыштан таңууланган көрүнүш катары эсептегендер, ал тургай башыбыздан кечирип жаткан баардык көйгөйгө күнөөлүү дей тургандардын жоон тобу пайда болду. Мен сыяктуу карапайым тарыхчы эмес, кадырлуу кызматтагы таасирдүү инсан айтып жаткандыктан, ошого токтололу.

Эмгек сиңирген юрист, президенттик администрациянын бөлүм башчысы Мурат Укушев "Акипресске" жазган макаласында демократия бактысына жетем деп отуруп, Кыргызстан алсыз, ультра эркин жана кокус кол тийсе чачырай тырган мамлекет түзүп алды дейт да муну токтотууга чакырат: “В настоящее время настала пора эту гонку за «европейским демократическим счастьем» прекратить и начать процесс осмысления произошедшего”. Автор андан ары Чыгыш Азиянын өлкөлөрүнүн өнүгүү сыры катаал бийликте, авторитардык режимде деген тыянак чыгарат – “Таким образом, на примере стран ЮВА видно, что в начале транзита, для того чтобы достичь роста экономики и обеспечить интересы всего общества, необходима сильная авторитарная власть” (http://mnenie.akipress.org/unews/un_post:25870).

Эң сонун, жалаң диктатура менен иш бүтсө анда жарасы жеңил. Эркиндик оор жүккө, түйшүккө айланып, андан арылууга ниеттенген коомдо авторитардык башкарууну орнотуу оңой. Диктатуранын азгырыгы оңой эмес. Жазуучу Федор Достоевскийдин чыгармасында испан инкивизитору Иса пайгамбарга “эл нан бергендин кулу, кереметке ишенет, сен үндөгөн эркиндик дегениң азап, эл азаттыкты көтөрө албайт” деген кебинин жөнү бар го (Ф.М. Достоевский, Братья Карамазовы). Ушул эле кепти Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романында Рим прокуратору Понтий Пилат Иисус Назарянинди соттоп жатып башкача өнүттө кеп кылат: “Малчынын артынан ээрчиген мал сыңары адамдар да күчкө сыйынып, кулдук уруп, кесарларды ээрчий берет, ким баарынан ырайымсыз жана күчтүү болсо, ошону баркташат...” (Ч. Т. Айматов, Кыямат).

Экономикалык кереметтин ачкычы

Түштүк Корея

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Экономикада, социологияда, саясат таанууда жана башка коомдук илимдерде дүйнө өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүн же тескерисинче, жакырчылыгын түшүндүргөн теориялар жана гипотезалар оголе көп. Экономикалык өнүгүүнү климатка, географиялык шартка, калктын маданий баалуулуктарына, улуттук өзгөчөлүктөргө, элдин сабаттууулугуна байланыштырган теориялар сыяктуу эле саясий режимге такаган теория да жараксыз, аларды жалпылаштырууга, мыйзам ченемдүү фактор катары эсептөөгө болбой тургандыгын изилдөөчүлөр Дарон Аджемоглу жана Джеймс Робинсон “Почему одни страны богатые, а другие бедные. Происхождение власти, процветания и нищеты)” деген китебинде арбын мисалдар менен тастыктап берген. Аталган жана башка факторлор экономикалык өнүгүүгө кайсы бир деңгээлде таасир этет, бирок алардын ар бири өз алдынча негизги себеп эмес, аныктоочу фактор боло албайт.

Тигил же бул өлкөнүн тигил же бул доордогу ийгилигинин конкреттүү жана комплекстүү себептери бар. Ырас М. Укушев өз макаласында Түштүк Кореяны мисал кылган соң, биз да кайрылалы. Эгерде авторитардык режим жана катаал башкаруу экономикалык ийгиликтин ачкычы болсо, анда неге авторитаризмдин үлгүсү болгон Түндүк Корея түштүгүнөн артта калды? Климаттык, маданий факторлорго да шылтоо кыйын, анткени теги бир эл, кулк-мүнөзү окшош, бирдей географиялык чөйрөдө жашайт. Түштүк Кореянын тарыхында авторитардык режимдер үстөмдүк кылган мезгилдерди социалдык-экономикалык өнүгүү доору деп атоо кыйын. 1948-жылдан 90-жылдарга чейинки мезгилде бийликтеги президенттердин тушунда орногон катаал тартип экономикалык жетишкендикти камсыз кыла алган эмес, тескерисинче, коррупциянын, паракорлуктун күчөшү жана жакырчылык менен коштолгон.

Демократиялык башкаруу орноп, коомдук институттар иштеп, мыйзамдар жана рынок механизми кирген 90-жылдардан тартып гана Түштүк Кореянын “экономикалык керемети” тууралуу кеп боло баштаган. Авторитаризмди экономикалык өнүгүүнүн пайдубалы катары жактагандар, айрыкча айрым орус экономисттери (“шокя терапиясынын” идеологдору) ошол эле диктатор Аугусто Пиночеттин убагындагы Чилинин “экономикалык ийгиликтерин” тамшана кеп кылышат. Туура, диктатор генерал бекем тартип орнотту, ири өнөр жайды, кен байлыктарды, инфраструктураны улутташтырды, индустриялаштыруу аракетин көрдү.

Бирок Пиночеттин башкаруусунун натыйжасында Чили калкынын 3/1 жумушсузга айланды, байлык бир ууч адамдардын (чикаголук жигиттер жана алардын жакындарынын) колуна топтолду, калктын 25% үй-жайсыз калды, өспүрүмдөрдүн үчтөн бири мектепке барбай калды. Бирок армиянын саны 4 эсе көбөйдү, улуттук валютанын инфляциясы 30 эсеге өстү, оппозицияга, профсоюздарга, чогулуштарга тыюу салынды, гезиттер жабылды. Ички дүң продукт жан башына карата өскөнү жок, жарандардын кирешеси Латын Америкасында эң төмөнкү деңгээлге түштү, өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиарддан 21 миллиардга өстү. Экономикадагы убактылуу ийгиликтер массалык репрессия менен коштолуп, Пабло Неруда сыяктуу интеллектуалдар куугунтукка учурады. Пиночет бийликтен кеткен соң камалды, соттолду, аягы жаман бүттү.

Манипулятивдик жоромол

Биринчи премьер-министр Ли Куан Юнун реформалары Сипгапурду дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин катарына кошту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи премьер-министр Ли Куан Юнун реформалары Сипгапурду дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин катарына кошту
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Улуу Британиянын колониясы болуп келген Сингапур 1965-жылы эркиндик алганда анын биринчи премьер-министри Ли Куан Ю эң мыкты реформаларды жасап, артта калган, кен байлыктан кур жалак жакыр өлкөнү 1980-жылдары эле дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кошкон. Ал корупцияны минималдуу деңгээге түшүргөн жана алдыңкы технологияларга негизделген экономиканы кура алган. Ли Куан Ю орноткон темирдей бекем тартип жеке бийлигин чыңдоого эмес, мыйзамдардын жана экономикалык эрежелердин айныксыз сакталышына, инвестициялардын кол тийбестигин камсыз кылууга багытталган, анын башкаруусун авторитаризм менен салыштыруу бери болгондо тарыхый окуяларды манипулятивдик интерпретациялоого теңдеш.

Айтор авторитардык режимдер экономикалык өнүгүүнүн негизги өбөлгөсү эмес, тоскоолдук кылган мисалдар арбын. Жогоруда белгилегендей, географиялык, маданий ж.б. факторлордун бири да өз алдынча негизги боло албайт. Кетирген кемчиликтерди демократияга, географиялык абалга, өткөнгө шылтоо жоопкерсиздиктин күбөсү.

Биз адатта тарыхтан сабак албайбыз деп наалыйбыз. Эң сонун алат, бирок ар ким ар кандай сабак алат, түркүн тыянак чыгарат. Башчылар, саясаттын акторлору алган сабагынан көбүнчө өзүнө жаккан нерселерди гана колдонот.

Рим императору, чыгаан реформатор, даңазалуу кол башчы Гай Юлий Цезарь Август Германик, ылакап ысымы Калигуланын “сенатор жылкысы” эсиңиздеби. Легендаларда Цезарь жакшы көргөн аргымагы Инцитатты сенатор кылып дайындаган имиш. Цезардын саясий, укуктук, экономикалык реформалары жана башка ишмердүүлүгүнөн ырыстуу нерсе калбагансып, дал ушул эпизодунан сабак алынды, бизде саясатта колдонулду.

“Сенатор” жылкы биздин оңунан чыкпай калган парламентаризмге биринчиден мамиле катары, экинчиден каймана образ катары колдонулду. Мыйзам чыгаруу жыйыны болгон Рим парламенти жылкыны сенатор кылып дайындап жатканда макул болгону сенаттын кадырын кетирген окуя катары баяндалат легендаларда. Бул окуянын тарыхый тастыктамасы жок, ойдон чыгарылган легенда. А чындыгында Цезарь сенаттагы айрым оппоненттерин шайланып калса, мал деле сенатор боло берет турбайбы деп какшыгы, дагы бир булактарда императордун каршылаштары Клавдий (claudus - аксак) менен Азиний Целердин (asinus – эшек, сeler – күлүк) ысымдарынан улам такмаза кеби ушул легендага негиз болгонун белгилейт тарыхчылар.

Парламенттик республикада Жогорку Кеңеш бийликтин тапшырмасын кыңк этпей аткарып, айткан мыйзамын 3 окууда окубай туруп колдоп, жетелеп келгендин баарын ураалап министр шайлаган сайын праламенттин бара-бара баркы кетип отуруп, анан парламентаризм идеясы биротоло дискредитацияланды. Өзүн Цезарга теңеп, жер баспай калган башчылар жогорудагы легенданы чындыктай көрүп, тиешелүү “сабак алып”, канчалык өкүм, катаал саясат жүргүзсөң, шайланган парламент да, шайлаган калк да баш көтөрбөй, амириңе баш иймеги анык деген тыянакка келсе керек.

Рим империясында жылкы сенатор болсо, бизде деле ар кимди шайлап койсо депутат, дайындап койсо министр боло берет тура деп шайлоочулар да макул көрдү. Эгер былтыр каңтар айында Казакстанда кан төгүлгөн массалык баш аламандыктар менен 1989-жылдагы Тяньаньмень аянтындагы кандуу акцияларды салыштырсак, бийлик өз ыңгайына жараша сабак алганын байкоого болот. Эки жердеги окуянын кандай байланышы бар. Мезгилдик жана мейкиндиктеги катышы жок, бирок эзелки окуянын сабагы бар. Анткени президент Касым-Жомарт Токаев 1985-1989-жылдары СССРдин Кытайдагы элчилигинде иштеген, дипломатиялык милдетине ылайык ал окуяларды өз көзү менен көрүп, кылдат талдап, кантип башталганын, жүрүшүн жана аякташы тууралуу маалыматтарды даярдап жана аналитикалык баяндарды жазып турган. Ал өз эскерүүлөрүндө Кытай бийлиги жаштардын толкунун дароо чечкиндүү кадамга барбай, бошоңдук кылып, студенттик кыймыл күчөп, создугуп, акыры бийлик аскерий күч менен араң басты деп жазган (К. Токаев. Как это было. Хроника волнений в Пекине (апрель – июнь 1989) –Алматы, 1994). Тиешелүү сабак алыптыр, анткени Бээжиндеги толкундоолор 26-апрелде башталып, 20-майда аянттагыларды атуу менен басылса, Казакстандагы окуялар 4 күндүн ичинде басылды. Бээжин бир ай алектенди, Астана дароо чечкиндүү кадамга барды.

Тяньаньмень сабагы

1989-жылдын апрелинде демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган жүз миңдеген киши Тяньаньмэнь аянтын ээлеп алышканда, алардын каршылыгын танктар менен тебелеп, ырайымсыздык менен басышкан.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1989-жылдын апрелинде демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган жүз миңдеген киши Тяньаньмэнь аянтын ээлеп алышканда, алардын каршылыгын танктар менен тебелеп, ырайымсыздык менен басышкан.

Тяньаньмень жана анын сабагы демекчи, ошол кандуу окуяларды мисал келтирип, эми дагы бир кептин учугу чубалды. Бул элдин эркин чогулууга укугу бизде өтө либералдуу, бизге акыл айткан Батышта абдан катаал экен деген ырастамалар айтыла баштады. А демек эркин чогулуу эрежелерин катаалдаштыруу, колдон келсе тыюу салуу балким биздин экономиканы өргө жетелеп, жыргалчылыкты камсыз кылып жүрбөсүн? Авторитаризм экономикалык ийгиликти шарттайт деп бизди ынандыргысы келген ошол эле М. Укушов дагы бир макаласында (http://mnenie.akipress.org/unews/un_post:26149/?place=informer) АКШ менен Европада митингдер уруксатсыз өтпөйт, шарттары катаал, бейбаштык кылгандар катуу жазаланат деп кеп козгоду. Орус басылмасында 2012-жылы жарыяланган макалага куюп койгондой окшош (https://ria.ru/20120521/654426496.html) автордун блогунда чындык бар. Чындыгы ошол – Кошмо Штаттардагы жана Европадагы бир топ өлкөнүн элдик чогулуштарды, массалык акцияларды жөнгө салган мыйзам жоболорунда бардыгы так жана даана жазылган. Ошол катаал мыйзамдар тыюу салууга эмес, эркин чогулуу жана пикирин билдирүү укугун башка мыйзамдарды бузбастан ишке ашырууга багытталган.

Соңку жылдары дүйнөдө массалык каршылык акциялары күч алды. Ага кошо мамлекеттер митингдердин себептерин үңүлө изилдеп, аларды жөнгө салуунун жана аны баш аламандыкка айлантпоонун аргасын издей башташты. Мурдагы жылы Вашингтондо жаалданган митингчилер Капитолийге кирип келишти, демократиянын тиреги деп эсептеген Америка чон сыноого тушукту, мыйзамга жана солк эткис бийликтин баркына доо кетти. Абдан туура, анархия менен охлократия эч кимге жакшылык алып келген эмес. Ар кандай саясий революциянын пайдасынан кесепети арбын, адатта жакшы ураан менен башталып, кан менен аяктайт, залакасы журтка тийет, эпкини далайга чейин уланат. Тагдырдын буйругу менен бийликке аралашып, митингдердин далайын баштан кечирдим. Ошондон уламбы, айтор массалык акцияларга менин жеке ички каршылыгым бекем. Жаалданган элдин психологиясы татаал, түшүнүксүз, оңой башталат, кан кызыйт, бирок башкаруу өтө оор. Баштаарын баштап алып, көпчүлүккө ээ боло албай калган кезде бийликке каршы митинг уюштургандар кайра өзүңө кайрылып, жардам сураганына күбө болгон учурлар да болгон. Айтор, колдон келсе митинг жана башка акцияларга жеткирбөө абзел.

Экинчиден, дал ушул жерден түшүнүктөрдү алмаштырып албашыбыз керек. Митингдердин баары эле каршылык акциясы эмес, алар ар кайсы маселеге карата тигил же бул топтун пикирин билдирүүнүн формасы да болушу ыктымал. Позитив маанайда чогулбай, көпчүлүк баш кошкон жерде эле чырга айлана бергендиктен, бизде митингдер каршылык акциялары менен ассоциацияланат. Биз сындаган Европадан айырмаланып, митингдер тигил же бул көрүнүштү колдоо, кубаттоо же тилектештигин туюнтуу максатын да көздөшү мүмкүн. Элдин эркин чогулуу укугу көп өлкөлөрдүн мыйзамдарында белгиленген, универсалдуу саясий укуктардын бири. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда белгиленгендей, кепилденген укук. Адатта, митингдерди өткөрүүнүн билдирүү жана уруксат алуу сыяктуу эки жолу бар. Европалык мамлекеттердердин митингдерди жөнгө салган мыйзамдары канчалык катаал болсо да, ошол эркин чогулуу укугун чектебейт. Тескерисинче, ошол укукту ишке ашыруунун так эрежелерин белгилейт. Мыйзамдар менен белгиленген укук мыйзам аркылуу жөнгө салынат. Андан тышкары, тынч чогулуштарга укукту сактоо бийликтин милдети. Митингге анын жарандары чыгып жаткан соң алардын чыгуу укугун сактоо, акциянын себептерин талдоо, коомчулуктун пикирлерин, чогулгандардын талаптарын угуу ошол жарандар шайлаган, укуктарын ыйгарган бийликтин озуйпасы. Башкалардын укугун бузбастан жана мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирбестен, эркин чогулуу укугун белгиленген эрежелерди, аныкталган тартипти сактоо менен жүзөгө ашыруу жарандардын милдети. Мына ушул жөнөкөй жоболор эркин, тынч чогулуу укугунун негизин түзөт. Укугум бар эле деп чамына берүү жоопкерсиздик, тыйып койсок тынчыйт деген пикир жаңылыштык. Демек мыйзам сакталуусу абзел.