You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ менен Орусия Абу-Дабиде Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө
Орусия менен Украина бири-бирине каршы шейшембиге оогон түнү дрондор аркылуу сокку урду. Бул окуялар АКШ расмий түрдө өз өкүлдөрүн Абу-Дабиде орус тарап менен жолугушууга даярданып жатканын тастыктагандан кийин болду. Сүйлөшүүлөр согушту токтотууга багытталган аракеттердин алкагында уюштурулууда.
Киевдин расмий өкүлдөрү Орусия соккусунан шаарда кеминде жети адам каза болгонун, ал эми орусиялык өкүлдөр Ростов аймагындагы украиналык соккудан кеминде үч адам каза болгонун билдиришти.
Акыркы чабуулдар Украинанын президенти Володимир Зеленский талаштуу 28 пункттан турган АКШнын тынчтык планына сунушталган өзгөртүүлөрдү кубаттагандан кийин болду.
Жекшемби күнү АКШ жана Украина өкүлдөрү Женевада жолугуп, план долбоорун талкуулаган. Ал документ буга чейин Киев жана Европадагы бир катар лидерлер тарабынан Орусиянын позициясына өтө ыңгайлуу деп сынга кабылган эле.
Украинанын европалык өнөктөштөрү пландын өзгөртүлгөн версиясын сунуштап, Орусиянын аскердик максаттарын жактаган бөлүктөрүн четке кагышкандай болду.
"Эми согушту токтотуу үчүн зарыл болгон кадамдардын тизмесин ишке ашырууга болот. Бул планга көптөгөн туура элементтер киргизилди", - деген Зеленский дүйшөмбү күнү.
Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустем Умеров Киев Зеленскийдин АКШга ноябрдын эң жакынкы күндөрүнө сапарын уюштурууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
Кремлдин өкүлү түзөтүүлөрдү четке кагып, аларды "толугу менен конструктивдүү эмес" деп атады. Бирок, шейшемби күнү АКШнын расмий өкүлү Би-Би-Сиге анын командасы планды андан ары талкуулоо үчүн Абу-Дабиде орусиялык өкүлдөр менен жолугушаарын айтты.
Мындан сырткары Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Украинага кол сунган европалык өлкөлөрдүн "каалоочулар коалициясынын" дагы бир виртуалдык жыйыны өтөрүн билдирди.
Соңку сүйлөшүүлөр Орусия менен Украинанын ортосундагы түнкү соккулардын учурунда өттү.
Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Днепр районундагы көп батирлүү үйдө өрт чыгып, тургундарды эвакуациялоого аргасыз болгонун билдирди.
Окуя болгон жердеги тез жардам кызматтары үч баланы кошкондо 18 адам куткарылганын маалымдады. Өрт өчүрүлгөндөн кийин жабырлануучуларды издөө уланууда.
Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, шаардын борборундагы Печерский районундагы соккулар учурунда өрт чыккан көп кабаттуу үйдүн тургундары да эвакуацияланды.
Ал имараттын жогорку кабаттары жабыркаганын, бирок тилсиз жоону ооздуктоого мүмкүн болгонун кошумчалады.
Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү түнкү чабуулдарга жооп кайтарды. Киевде бир нече жарылуунун үнү угулганда тургундарга жер алдындагы унаа токтотуучу жайларда жана бункерлерде баш калкалоо сунушталды.
Украинанын Энергетика министрлиги дагы өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына масштабдуу чабуул болгонун ырастады.
Зеленскийдин айтымында, түн ичинде Украинага 22 ракета жана 460тан ашуун дрон учурулган, анын ичинде төртөө Молдова менен Румыниянын аба мейкиндигине кирип кеткен.
Орусиянын Ростов облусунда украиналык соккудан каза болгондордун саны үчкө жетти, алгачкы маалыматтарга караганда бир адам каза болгон.
Орусиянын Ростов облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Юрий Слюсардын айтымында, эки адам ооруканада көз жумду.
Өлүмдүн бири Таганрогдо катталган, ал жерде мэр Светлана Камбулова "зарыл болгон жооп чараларын" көрүүгө убада берген. Соккулардан дагы 10 адам жаракат алган.
Краснодар аймагынын түштүгүнүн губернатору Вениамин Кондратьев Украинанын түнкү чабуулун "Киев режиминин эң узакка созулган жана кеңири таралган чабуулдарынын бири" деп атады.