Шайлоо жыйынтыгы 14-декабрга чейин аныкталат, Жапаров онлайн добуш берүү киргизилерин айтты

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого келген байкоочулар менен жолугушууда келерки парламенттик шайлоодо жарандар интернет аркылуу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.
Ал быйылкы шайлоонун таза өткөнүн белгилеп, мындан аркы добуш берүү процесстеринде да жасалмалоого жана коррупцияга жол бербөө аракеттери күчөтүлөрүн айтты.
Жапаров аралыктан добуш берүү системасынын иштеп баштаганы катышууну бир аз жогорулатканын белгилеп, мындан кийинки кадам катары онлайн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү пландаштырылып жатканын маалымдады.
"Биз дагы пландаштырып жатабыз. Аралыктан добуш берүү киргизилди. Эми интернет аркылуу добуш берүүнү камсыздай алсак, анда катышуу 40 пайыз эмес, балким 80 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деген үмүт бар. Буйруса ушул багытта аракеттерди баштайбыз. Келерки жылы президенттик шайлоо өтөт, ага бир жыл ичинде жетишпей калышыбыз мүмкүн. Бирок кийинки парламенттик шайлоодо интернет аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылабыз деп ойлойм",- деди президент.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун 30-ноябрда берген маалыматына караганда, өнөктүк башталгандан тартып БШКга жалпы 269 мыйзам бузуу боюнча кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча 124, талапкерлердин аброюна шек келтирүү боюнча 37, административдик ресурс колдонуу боюнча 8, добуш сатып алуу боюнча 46, башка укук бузуулар боюнча 54 кайрылуу катталган.
"Бүгүн БШКга жалпы 67 кайрылуу келип түштү. Анын ичинен үгүт шарттарын бузуу боюнча 28 арыз, добуш сатып алуу аракетине байланышкан 18 кайрылуу, техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу 4 билдирүү бар. Айта кетчү нерсе – эч кандай системалык сбой болгон жок, бул 4 техникалык кайрылуу да өз убагында чечилди. Калган 17си башка укук бузуулар боюнча",- деген ал.
30-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. 30 округда кайсы үч талапкер алдыга озуп чыкканын Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын интерактивдүү картасынан көрө аласыз.
БШК шайлоо жыйынтыгы 14-декабрга чейин аныктала турганын билдирди
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жана мөөнөттөрү боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, шайлоо мыйзамдарына ылайык, автоматташтырылган эсептөө системасы көрсөткөн маалыматтар алдын ала гана жыйынтык болуп саналат.
Ар бир шайлоо участокторунда добуштардын расмий жыйынтыгы кол менен саноо аяктаган соң чыгарылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде аларды округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдорунун негизинде, добуш берүү күнүнөн тарта 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 14-декабрына чейин) округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктайт, башкача айтканда, чөлкөмдөн шайланган үч депутатты белгилейт.
Талапкер Элдар Абакиров №26 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер Элдар Абакиров Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылып, округдагы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды.
Талапкер өз арызында Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында добуш сатып алуу фактысы катталганын белгилеп, буга социалдык тармактарга тараган видеону мисал келирип, аны арызына тиркеген.
"Интернет тармактарында Калмак-Ашуу айылында добуш сатып алууга аракеттенүү максатында 460 миң сом акча каражаттары менен 5-6 адам кармалганы боюнча маалымат ачык жарыяланып жатат. Ал акчалай каражат асмандан түшкөн жок, ээси бар. Ошондуктан бул факт боюнча иш аягына чыгышы керек жана 460 миң сомдун ээсин табуу керек деп ойлойм. Бул акчалай каражатты берген талапкерди аныктап, аны четтетүүнү же болбосо №26 көп мандаттуу шайлоо округугунун жыйынтыгын жараксыз деп табууну жана кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылам" деп айтылат арызда.
Абакиров №26 көп мандаттуу шайлоо округунун айрым талапкерлер буга чейин да добуш сатып алууга аракеттенгендиги үчүн расмий түрдө эскертүү алганын, бул факт шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу компетентүү органдар тарабынан катталганын белгилиген.
Талапкер Абакров ошондой эле, активдүү үгүт жүргүзбөгөн жана өз программасын элге толук тааныштырбаган талапкерлердин округ боюнча эң көп добуш алганы чоң күмөн жаратып жатканын белгилейт.
БШК өкүлү Абыджапар Бекматов шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Элдар Абакировдун арызын көрө электигин билдирди.
Ошондой эле ал келип түшкөн бардык арыздар каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынганын айтты. Бекматов буга чейин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча даттануулар болбогонун кошумчалады.
Буга чейин социалдык желелерде "Кеминде добуш сатып алуу аракети менен кармалгандар болуптур" деген маалымат чыгып, бирок ал боюнча расмий органдар маалымат бере элек.
Шайлоодо 1 584 446 жаран добуш берди
Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-декабрга карата берген маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда өткөн Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо 4 294 243 шайлоочунун ичинен 1 584 446 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түзөт.
БШК билдиргендей, 2021-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырганда добуш бергендердин саны 351 873 адамга көбөйгөн. Бул 28,6 пайыздык өсүш болуп эсептелет. 2021- жылы 1 232 573 шайлоочу добуш берген.
Чет өлкөлөрдө да катышуу жогорулаганы белгиленди. Быйыл чет жакта 16 178 жаран добуш берген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 60,7 пайызга көп. 2021-жылы чет өлкөлөрдөн 9 825 киши добуш берген.
Шайлоо -2025: Эл аралык байкоочулардын баасы
1-декабрда бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоого байланыштуу алдын ала баалоолорун жарыялашты.
Көпчүлүк байкоо миссиялары добуш берүү процесси мыйзамдуу, ачык-айкын жана демократиялык шартта өткөнүн белгилешти.
Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) байкоо миссиясы өнөктүк атаандаштыкта жана ачык-айкын уюштурулганын билдирип, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр демократиялык процессти бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи.
Кытай Эл Республикасынын байкоочулар миссиясы да өз жыйынтыгында шайлоо мыйзамдары так сакталганын, добуш берүү күнү бюллетендерди берүү, шайлоочулардын документтерин текшерүү жана добуштарды саноо процесси үзгүлтүксүз жүргөнүн маалымдады.
Түрк мамлекеттеринин уюму да өз билдирүүсүндө добуш берүү процесси эл аралык стандарттарга жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгилеп, шайлоонун ийгиликтүү уюштурулушун кубаттады. ТМУ шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстанда туруктуулукту жана өнүгүүнү бекемдөөгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.
Шанхай кызматташтык уюмунун байкоо миссиясынын жетекчиси Пяо Янфань Кыргызстандагы шайлоо процесси коомчулуктун, анын ичинде аялдар жана жаштардын активдүү катышуусу менен өткөнүн, жарандардын эркин жана аң-сезимдүү добуш берүүсүнө керектүү шарттар түзүлгөнүн айтты.
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого катышуу үчүн жалпы 800гө чукул эл аралык байкоочу каттоодон өткөн.
Ошол эле убакта айрым эксперттер Кыргызстанда бул жолку шайлоо саясий партиялардын салмагы төмөндөгөн, оппозициянын мүмкүнчүлүктөрү тарыган шартта өткөнүн белгилешүүдө.
































