"Акаевге Кремль кепилдик берген"

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

16 жыл бозгунда жүргөн экс-президент Аскар Акаев Бишкекке учуп келип, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, андан кийин УКМКнын сурагына кирип чыкты.

Акаев "Кумтөр" ишинин тергөөсүнө жардам бергени президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп алып келгенин билдирди.

Казакстандык белгилүү саясат талдоочу Досым Сатпаев Аскар Акаевдин Кыргызстанга күтүүсүз кайтып келишин Би-Би-Сиге талдап берди.

Д.Сатпаев: Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши Кремль менен макулдашылган нерсе. Акаевге бул үчүн Садыр Жапаровдон эле эмес, Кремлден дагы  кепилдиктер берилген. Кыргызстанга көрсөтмө берүүгө бара турган болсо Акаевге Россиядан “эч нерсе кылбайт” деген убада болсо керек. Акаевдин күч менен эмес, өз эрки менен Кыргызстанга кайтуу чечими мына ушул жагдайларга байланыштуу деп эсептейм.

Акаевди кайтаруу талабын буга чейин бардык эле кыргыз президенттери көтөрүп келген. Бирок Акаев аларга эмес, Садыр Жапаровго ишенип келип жатат. Ал эми азыркы кыргыз  бийлиги үчүн, Акаев, канадалык инвесторлор менен сотто көзүр болгону калды. Садыр Жапаров үчүн мындай көзүрдүн болушу абдан маанилүү. Ошол үчүн кыргыз президенти ушундай саясий жүрүш жасады.

Бул Аскар Акаевдин өзү үчүн деле бул пайдалуу. Ал деле Кыргызстанга кенен-кесир келип кеткиси келет да. Оо дүйнө кетсе деле, сөөгү Мекенинде коюлсун десе керек. Башкача айтканда Акаевдин Кыргызстанга келишине мына ушундай факторлор ойноп кетти.

Би-Би-Си: Акаевдин Кыргызстанга кайтып келишин Жапаровдун парламенттик шайлоо алдындагы саясий жүрүшү дагы деп жатасыз. Чечмелеп берсеңиз.

Д.Сатпаев: Садыр Жапаровго Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши парламенттик шайлоо алдында абдан жакшы реклама болуп жатат.  Буга чейинки бир да президенттин колунан келбеген нерсени кылды, “Акаевди Кыргызстанга кайтара алды” деген упай топтоду. Садыр Жапаров, албетте, муну пиар үчүн колдонот.

Экинчи жагынан, Садыр Жапаров Кумтөргө байланыштуу коррупцияга каршы күрөштү азыр өтө иш билгилик (ред. грамотно) менен жүргүзүп жатат. Кумтөргө илинбеген бир да мурунку президент болбосо керек. Бул нерсени ал өз рейтингин көтөрүү үчүн жасап жатат десек да болот. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин анын эл арасында рейтинги түшүп бара жаткан эле. Өз беделин көтөрүү максатында, улуттук кызыкчылыктарды коргогон киши катары Кумтөр ишине ал активдүү киришти. Бул жакшы ойлонулган политехнологиялык жүрүш.

Би-Би-Си:  Негизи эле Кыргызстандагы азыркы саясий абалга кандай баа берет элеңиз?

Д.Сатпаев: Садыр Жапаров учурунда, тээ 2005-жылы эл жоготобуз деген саясий системаны кайрадан курганы жатат. Кыргызстан көп убакыт парламенттик республика куруу боюнча далалат жасап, президенттик-парламенттик башкаруу өңдүү кызыктуу моделде жашап келди.

Жапаров азыр Борбор Азиядагы башка авторитардык мамлекеттерге мүнөздүү президенттик башкарууну калыбына келтиргени жатат.  Ал Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөгүдөй саясий системанын конструкциясын түптөөдө. Былтыркы октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстандагы саясий айдың абдыраган (ред. в растерянном) абалда, Жапаров үчүн ушул абалдан пайдаланып калуу пайдалуу жана маанилүү болуп турат.

Эски саясатчыларды нейтралдаштырылып, жаңы саясий күчтөр азыркы абалда кимге оошту билбей,  саясатта боштук пайда болгондой. Жапаров аны өзүнө лоялдуу саясатчылар менен толтуруп, парламентти колго алгысы келип жатат.

Би-Би-Си: Быйыл күздө өтчү парламенттик шайлоодон эмнени күтсө болот?

Д.Сатпаев: Менимче, Жапаров жаңы демократиялык түзүлүш эмес, көбүрөөк авторитардык системанын тарапкери. Ал үчүн, балким, ошол эле Путин үлгү болчу адам. Бул - албетте, өлкөдөгү жарандык коомго, саясий оппозицияга чоң чакырык.

Алдыдагы парламенттик шайлоо, президенттик шайлоодой эле чечүүчү роль ойнойт. Жапаров өзүнө лоялдуу парламентти каалайт, аны менен ал саясий монополияны түптөйт же Жогорку Кеңеш демократиялык негизде куралат, анда сөзсүз оппозициялык күчтөр болот. Андай болсо, өлкөдө кайсы бир деңгээлде саясий баланс сакталмак. Кыргызстан мындан ары кандай багытта өнүгөт деген өңүттөн алганда алдыдагы парламенттик шайлоолордун мааниси өтө чоң.