“Чымын чаккандай да көрбөйм”. Олжобай Шакир эки айга камалды

Олжобай Шакир
Published

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Жазуучу, журналист Олжобай Шакир “массалык башаламандыкты уюштуруу” деген айып менен УКМКнын абагына эки айга камалды. Анын адвокаты бул чечимге макул болбой, апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрыларын билдирди.

УКМКнын расмий билдирүүсүндө Олжобай Шакир “социалдык баракчалар аркылуу чагымчыл маанидеги маалыматтарды таратып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, массалык башаламандыкка чакырган”, - деп жазылган.

Окуя кандай башталды?

Олжобай Шакир акыркы үч күндөн бери социалдык баракчалары аркылуу 31-августта саат 11:00 Ала-Тоо аянтына коомчулукту тынчтык митингге чакырып келди. Тынчтык митингдин башкы максаты - Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын 49 жылга Өзбекстанга ижарага берилип жатканы боюнча бийлик менен сүйлөшүү болчу.

Бул митингге сөзсүз эле келүүнүн кажети жок экени дагы кайрылууда баса белгиленген. Аймактарда чогула тургандар онлайн аркылуу маалымат алып турса болору айтылган. Тынчтык митинг учурунда “агрессияга берилбей”,” кыйкырык салуунун кажети жок”, “провокацияга алдырбай”, “эс-акылдуу өткөрүп алууга аракет кылалы” деген сыяктуу тартипти сактоо боюнча бир нече кайрылууларын жарыяланган видеолордон көрүүгө болот. Ошол эле учурда мындай кадамы үчүн камалууга дагы даяр экенин айткан.

“Мени кандай коркутпасын, аныңарды чымын чаккандай дагы көрбөйм. Үйүмө келип, камап алам дейсиңерби мен дагы силерди босогодон тосуп алам. Кандай тосуп алышты көрсөтөм, түз эфир аркылуу”, - деп айтылат видеодо.

23-август күнү, Олжобай Шакирди УКМКнын кызматкерлери болжол менен саат 17:00дөр чамасында үйүнөн алып кетишкен. Бирок, бул тууралуу расмий эч кайда маалымат чыкпагандыктан, үй-бүлөсү анын дайынсыз болуп жатканын билдирген.

“Мен 15:30, 16:00 чамасында үйдөн чыгып кеткем жумуштап. Олжобай үйдө жалгыз калган. Саат 17:00дө келип алып кетишкен экен да. Кошуналар деле көрбөптүр, эч ким көрбөптүр. Курулушчулар бар. Алар кара түстөгү Жип үлгүсүндөгү унаа турган деп айтышты. Бирок, ага түштүбү-түшкөн жокпу билбейбиз деп айтышты. Олжоке эшикке тамеки чеккени чыкканда эле уяурашып туруп, машинасына салып алып кетишиптир”, - деп билдирди аялы.

Мындан кийин үйгө шаардык милициядан үч кызматкер Олжобай Шакирди издеп келишкен. Алар митингдин жүрүшүн билүү жана тартибин түшүндүрүү максатында келгенин айтышкан.

Адвокат Бакыт Автандил

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адвокат Бакыт Автандил

Буга чейин УКМКга алдын-ала суракка чакыруу болбогонун адвокаты билдирди:

“Негизи эч кандай чакыруу берген эмес. Олжобай Шакирдин андай иш козголгону тууралуу маалыматы жок болчу. УКМКнын кызматкерлери келип туруп эле, Олжобай Шакирдин үйүнүн аймагына кирип, учурашып туруп, машинага салып алып кетишкен. УКМК тарабынан мыйзам бузуу болгон. “Массалык башаламандыкка чакыруу” деген беренени ИИМдин кызматкерлери текшериш керек. УКМК өзүнүн чегинен чыгып, кызмат абалынан кыянаттык менен мыйзам бузууга барышты”, - деп билдирди адвокат Бакыт Автандил.

Адвокаттын айтымында, Олжобай Шакирдин видео кайрылууларына Жанышбек уулу жана Семёнова аттуу эксперттер лингвистикалык экспертиза жүргүзүшкөн. Алар буга чейин Кемпир-Абад боюнча камалгандарга экспертизанын корутундусун чыгарып бергендер.

Жарандын конституциялык укугу бузулдубу?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жарандык коом Олжобай Шакирдин камалышын сөз эркиндигине каршы чабуул катары баалашууда. Социалдык тармактарда анын камалышын кескин сындаган пикирлер арбыды. Тынчтык митингине чыгуу, пикирин билдирүү, сын айтуу - ар бир жарандын Конституцияда жазылган укугу экени байма-бай айтылууда.

Журналист Али Токтакунов жазуучу ошол мыйзамдуу укугунан пайдаланганын билдирди.

“Олжобай Шакир Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга 49 жылга ижарага берүүгө каршы өзүнүн пикирин ачуу сын формасында билдирип чыккан. Андан тышкары, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди интервьюга чакырган. “Кечке эле мамлекеттик маалымат булактарына, кошоматчыларга комментарий бере бербей сын айткан журналисттерге дагы келип, пикириңизди айтыңыз деп. Андай пикирди мен деле айта алам. Биз алгыбыз келет, президенттен, УКМК төрагасынан. Биздин дагы далай суроолорубуз бар. Суроо берем деген кишини эле кантип камап койсун?! Митингге чыгуу ниетин билдирген болчу. Митингге чыгуу - нормалдуу эле көрүнүш. Ал Конституцияга жазылган биздин укугубуз. Олжобай Шакир баса-баса белгилеп айтып жаткан, тынчтык митинги, эч кандай башаламандык болбойт, зордук-зомбулук болбойт деп”.

Журналист Али Токтакунов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналист Али Токтакунов

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Саясий укуктар” бөлүмүнүн 39-беренесинде ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу экени так жазылып турат.

Олжобай Шакир онлайн митинг гана уюштурганын, аны төңкөрүшкө теңөө абсурд экенин адвокат Нурбек Токтакунов тынымсыз айтууда.

“Онлайн митингге чакырууну - төңкөрүшкө теңеп жатышыптыр. Камагандан коркпош керек дегенди - тынч митинг эмес деп баа берди. Бул сөз менен элди кылмышка үгүттөп атат деди. Андан башка жок. Бул деген онлайн митинг болчу. Ага өзү эле чыкмак экен да. Калгандарын келбегиле, чалбагыла дептир. Ошону төңкөрүшкө теңептир. Бул деген - абсурд”.

“Саясий маселелерин билбейт экенбиз”

Олжобай Шакир - онго чукул китептин автору. Анын чыгармалары курч мүнөздү камтыйт, социалдык тармактарга бийликке болгон сын-пикирлерди байма-бай жазып келет. “РухЭш” адабий сайтынын негиздөөчүсү.

Ал коомдо жазуучу, публицист, акын катары таанылганы менен өлкөдөгү Жазуучулар союзуна мүчө эмес. Ошол себептүүбү, айтор жазуучулар анын камалышы боюнча кандайдыр бир пикир билдирүүдөн баш тартышты.

“Кармалышы боюнча эч нерсе дей албайбыз. Чыгармасы боюнча жакшы жазуучу, котормочу деп эсептейбиз. Саясий маселелерин билбейт экенбиз. Биз союздун мүчөлөрүнө гана айрым учурда комментарий берип калабыз”, - деп кыска жооп берди союздун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов.

Сөз эркиндигине болгон кысым күчөп жатат деген маалда курч пикирлери менен таанымал Олжобай Шакирдин камалышы - башка жазуучу, чыгармачыл адамдарды чочутпайбы деген суроо азырынча ачык бойдон калууда.

Тарыхчы, публицист, журналист Тынчтыкбек Чоротегин Шакирди кармоо менен - башкалардын оозун жабуу мүмкүн эмес экенин Би-Би-Сиге айтты.

“Олжобай Шакир - курч жазган, бирок Кыргызстанга күйгөн инсандардын бири. Көп жарандардын айтпай аткан, бирок ичиндеги көксөөсүн ачык билдирген өрнөктүү инсан. Мындай инсандарды биз алаканга салып, колдошубуз керек деп эсептейм. Азыркы, жогорку бийликтен дагы азыркы коомдук пикирди эске алып, тез арада эркиндикке чыгарууда өздөрүнүн үлүшүн кошсо абдан жакшы болот эле. Олжобайдын маселеси - жалгыз эле Олжобайдын маселеси эмес. Кыргызстандагы саясий эркиндиктин акыбалын сыпаттаган лакмус кагазы. Менимче, жарандар коркпойт. Жарандар андан ары дагы өздөрүнүн пикирлерин айта беришет. Эгерде бийлик Олжобай Шакир аркылуу башкаларды сестентип коём десе - анда жаңылышат”

Кыргызстанда акыркы учурларда социалдык тармак аркылуу курч пикир билдиргендер укук коргоо органдары тарабынан суракка чакырылган учур көп катталууда. Бул сөз эркиндиге каршы келерин эл аралык уюмдар, Кыргызстандын өнөктөштөрү дагы бир нече ирет бийликке ачык кайрылуу жасашкан. Ошол эле маалда президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп келет жана аны коргоого ынтызар экенин дагы билдирген.