Матроним чырын ырбаткан Консоттун корутундусу
Кыргызстанда Конституциялык сот он сегизге чыккан жарандарда документке атасынын же энесинин атын жазууга тандоо укугу болуш керек деген чечим чыгарды. Андан мурда балдарына өзүнүн атын берүүнү (матроним) каалаган жарандык активист келин Конституциялык сотко арыз менен кайрылган эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Конституциялык сот жарандык активист Алтын Капалованын арызын 30-июнда карап чечим кабыл алганын жарыя кылды.
Арыз берген активист эне баласына өзүнүн атын жазып бергенге мыйзамдуу укугу болуш керек деген маселе койгон.
Сот бул арызды карап көрүп, он сегизге толгон жарандар эгер кандайдыр бир себептер менен атасынын атын алгысы келбесе, анда ал атасы менен энесинин атын тандоо укугу болуш керек деп чечти. "Ошол себептүү мыйзамда мындай категориядагы жарандарга теңчиликти камсыз кылган укуктук шарттар болуш керек", - деп айтылат Конституциялык соттун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Ошондой эле Консот бул чечим коомдун ат берүү салтына эч кандай каршы келбейт деп эсептейт.
Арыз ээси Алтын Капалова Фейсбуктагы баракчасына Конституциялык соттун чечимине кубанып билдирүү жазган болчу.
"Эрезеге жеткен ар бир адам эми энесинин атын (матчество) ала алат. Мен Конституциялык сотко бул чечими үчүн ыраазылык билдирем жана өзүмдүн 16 жаштагы уулумду - Капалов Данияр Алтыновичти куттуктап кетким келет. Ал жакында паспорт алганы барат жана менин атымды матчество катарында алат. Конституциялык Соттун "матчество\матроним институту деген формулировкасы мени өзгөчө кубантты"-деп жазган Алтын.
"Тең укук керек"

Жарандык активист мындан эки жыл мурда балдарынын документине өзүнүн атын жаздырып алганда анын иши сотто каралган. Мындай иш ошондо сотто биринчи жолу болду.
Мамлекеттик каттоо кызматынын тийиштүү департаменти аны жана бул ишти аткарган кызматкерин сотко берген. Анткени, кыргыз мыйзамдары боюнча балдарга күбөлүк жана башка документтери берилгенде аты, фамилиясы менен кошо атасынын аты гана жазылат.
Сотто Алтын өзүнүн кылганын туптуура деп жүйөлөрүн айткан.
"Аялдарга болгон басмырлоонун бардык түрүн жокко чыгарган эл аралык документтерге кол коюп келген кыргыз мамлекети мен өзүмдүн атымды баламдын күбөлүгүнө жазып койгонум үчүн мени сотко берип жатат. Менин күнөөлүү экенимди көргөзүш үчүн эски мыйзамдарга таянбай, аялдардын укуктарын коргоп, укуктардын тең укуктуулугу үчүн иштешибиз керек", -деген активист.
"Кыргыз наркына бүлүк"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын мыйзамдары боюнча балага документ берилгенде фамилиясы менен кошо атасынын аты кошо жазылат. Энесиники жазылбайт. Энелер атасынын фамилиясын бербей, өзүнүн фамилиясына каттатып алган учурлар бар. Бирок атасынын атын эмес, өзүнүн атын жаздырып алган бул биринчи учур болгон эле.
Баласын атаганда же каттаганда атасынын гана аты аталып келген консервативдүү коомго бул катуу тийди.
Эки жыл мурда бул окуя коомдук талкуунун чордонунда болгон, Конституциялык соттун чечиминен кийин бул талаш-талкуу кайрадан дүрт этти.
Консоттун чечимин колдогондор муну "тарыхый окуя", "бурулуш учур" деп аташууда.
Талаштын бир жагында аял-эркек теңчилигин жактаган феминисттер кыймылынын өкүлдөрү турса, каршы тарапта - аларды батыштын зыяндуу таасири катары карап, улуттук нарк бузулуп жатат деп кабатыр болуп жаткандар.
Кыргыз коомунун консервативдүү катмары үчүн бул абдан өөн, чектен тыш чечим болуп калды.
"Акыры сот уруксат берип, кыргыз наркына, салтына бүлүк салыптыр. Эми анын балдары Алтынов жана Алтыновна болуп калат экен... Жети ата түшүнүгү , жети ата сүрүштүрүү баалуулугу жерге кирип, баш аламан болот да. Тарыхыбызды таш менен чапкылабай өз тартибибиз, абийрибиз менен жашабайлыбы. Атын өчкүрдкү десе, барган сайын намысты тебелеп, нагыз наркты бузуу оңой - олтоң иш болуп баратат. Ушунчабызда эсибизге келели",-деп жазды Фейсбукта Айбек Шамшыкеев. (KC)
































