"Орусияга барсам президенттикке талапкерлигимди коём". Юлия Навальнаянын жаңы маеги

Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Материал толукталууда

Юлия Навальная Алексей менен таанышканын эстегенде жылмаят
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юлия Навальная Алексей менен таанышканын эстегенде жылмаят

22-октябрда бир эле учурда 26 тилде, анын ичинде орус тилинде Алексей Навальныйдын "Патриот" деген аталыштагы китеби жарык көрөт. Бул саясатчынын абакта жаткан мезгилде жазган өмүр баяны жана күндөлүгү. Алексей Навальный 2021-жылы Шереметьево аэропортунда кармалгандан кийин камакка алынган эле. Ал жазууну 2024-жылдын 16-февралына дейре өмүрүнүн соңуна чейин улантып келген. Китеп мына-мына чыгат деп турган учурда саясатчынын жесири Юлия Навальная Би-Би-Синин талдоочусу Кейти Разаллга кенен маек курду.

Навальная күйөсүн жоготкондогу күйүтүнөн арылууга эмне жардам берип жатканын, өз келечегин кандай көрө турганын жана Орусияга кайрылып барганда президенттикке ат салышуу планы тууралуу билдирди.

Ал ошондой эле орусиялык оппозиционерлер эмне себептен бири-бири менен чатакташып турарын, Алексей Навальный камакта жаткан күндө да кантип тамашакөйлүгүн жоготпогонун, ууландырылгандан кийин ал эмнеге кайрадан Орусияга кайрылып барганын жана анын кереги бар беле деген суроолорду талкуулады.

Юлия Навальная орусиялыктарга кайрылганын эске албаганда бул ирет англис тилинде маек курду.

Навальныйдын жакындары саясатчынын сөөгүн ала албай кыйналган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навальныйдын жакындары саясатчынын сөөгүн ала албай кыйналган

Юлия Навальная мурда жолдошу, орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный көзү тирүүсүндө жана эркиндикте жүргөн учурунда сейрек маектешчү. Ал нааразылык митингдеринде жана 2013-жылы Москва шаарынын мэрлигине ат салышкан шайлоо алдындагы сүрөттөрүндө такай чогуу түшкөн. Ал тургай Алексей Навальный маектеринин биринде анын аялынын саясий көз караштары анын өзүнүкүнө караганда радикалдуу экенин айткан. Бирок Юлия Навальная таанымал саясатчы болгон эмес, бул анын жеке тандоосу эле.

Мунун баары түндүк уюл тараптагы колонияда узак мөөнөттүү жазасын өтөп жаткан учурда Алексей Навальныйдын 2024-жылдын февралында күтүүсүз өлүмүнөн кийин түп тамырынынан өзгөрдү. Саясатчынын сөгүн тууган-уругуна берүүдөн баш тартуу анын эң жакын адамдарынын жана кесиптешетринин Навальныйдын өлүмү адаттагыдай өлүм эмес деген шек саноолорун аябай күчөттү. Алар муну киши өлтүрүү деп аташты.

Ошондон тарта Юлия Навальная саясатчы болууга арагасыз болду. Алексей Навальный дүйнөдөн өткөн күнү ал Мюнхендеги Коопсуздук боюнча коференциянын трибунасында туруп, күйөөсүнүн өлүмүнө Владимир Путинди күнөөлөдү жана дүйнө коомчулугуна кайрылып, анын жазадан качып кутулуусуна жол бербөөгө чакырды.

Ошондон үч күн өткөндөн кийин ал жолдошунун ишин уланта тургандыгын билдирди. Эми ал Би-Би-Сиге курган маегинде, Орусиянын президенттик шайлоосуна катышып, жолдошу жүзөгө ашыра албай калганды орундатууга аракет кылаарын билдирди.

Навальный коррупцияга каршы иликтөөлөрүндө орус бийлигин кескин сынга алып келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навальный коррупцияга каршы иликтөөлөрүндө орус бийлигин кескин сынга алып келген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Сиз өзүңүздү Алексейдей саясатчы катары элестете аласызбы?

Юлия Навальная: Ооба. Мени көп киши колдойт жана аларга жооп иретинде мен да аларды колдогум келет. Алексейдин көптөгөн тарапташтары Орусиядан кетүүгө аргасыз болушту, бирок миллондогондор калды. Алар катуу басым-кысым жана репрессия шартында жашап жатышат, бирок менин алар менен байланышып турушум абдан маанилүү.

Би-Би-Си: Сиз өзүңүздү президденттикке талапкер катары көрөсүзбү? Бул азыр сиздин максатыңызбы?

Юлия Навальная: Менин максатым — өлкөдө өзгөрүүнү жакындатуу жана мүмкүн кылуу. Эгер мен Орусияга кайрылып барсам, мен президенттикке талапкерлигимди коём.

Бирок азырынча Владимир Путин бийликте турганда, "тилекке каршы Москвага кайрылып баруу мүмкүн эмес" деп эсептейт Юлия. Ал керек болсо күйөсү өлгөн учурда камакка алуудан этияттанып өз шаарына бара албаганын эскерди. Азыр Орусияда ага карата экстремисттик уюмдун катарында турган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Бийлик анын күйөсү тарабынан түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөш фондун ушундай деп эсептейт.

Навальная, Орусияда кантип тез арада өзгөрүүгө жетишсе болорун билбейт, "сыйкырчы эместигин жана анын сырын билбей тургандыгын" жашырбайт. "Эгер сен дароо чоң бир нерсени ишке ашырып жиберүүнү билбесең анда күнүгө майда бир нерсени кыл жана канчалык көп киши ушундай кылса өзгөрүүнүн убактысы ошончолук тездейт",- дейт ал.

Би-Би-Си: Азыр орус оппозициясы бытыранды болуп турат. Сиз алардын башын бириктире алам деп ойлойсузбу?

Юлия Навальная: Мен кезинде менин жолдошумду, азыр мени колдоп турган адамдар менен чогуу болгонум абдан манаилүү. Орус оппозициясы оор абалда турат. Көпчүлүгү куугунтукта, көпчүлүгү депрессияда, алардын шаабайы сууп калган... Менде — андай эмес. Менин жашоомдогу жүрөктүн үшүн алган окуяларга карабай мен эртеби, кечпи баары өзгөрө турганына ишенем.

Би-Би-Си: Бирок азыр эмнеге оппозиция Путин менен эмес, бири-бири менен алышып жатат?

Юлия Навальная: Мен андай деп ойлобойм. Биздин — Владимир Путин деген жалпы бир душманыбыз бар. Сиз демократиялуу өлкөдө жашайсыз, бул жакта ар түрдүү саясий партиялар бар. Алар бийлик үчүн бири-бири менен күрөшөт. Бизде да ошондой эле кырдаал. Керек болсо Владимир Путиндин каршылаштары дагы ар башка көз карашты жана максаттарды көздөйт. Саясатчылар бири-бири менен атаандашканы бул нормалдуу көрүнүш.

"Мурдагыдай эч нерсе болбойт"

Юлия Навальная өзүнүн болочоктогу жолдошу менен алар жыйырмадан жаңы өткөндө эле таанышышкан. Би-Би-Сиге курган маегинде бул анын өзү жана Алексей Навальный үчүн бир көрүп ашык болуп калуубу деп эстеп, ал биринчи жолу чын дилден жылмайып алды. Алар чейрек кылымга жакын бирге жашашты жана чогуу болушту. Юлия Навальная 47 жашында жесир болуп калды.

Би-Би-Си: Жолдошуңуздун күйүтүн кантип көтөрүп жатасыз?

Юлия Навальная: Менден бул тууралуу абдан көп сурашат, бирок мен эмне деп жооп берээримди азыр да билбейм.

Ишим абдан көп, жолугушуулар андан бетер, анын ичинде китепти басып чыгаруу менен алекмин. Бул мага жардам берет, ушундай десем болот. Эми мурдагыдай эч нерсе болбойт.

Би-Би-Си: Ал тууралуу китепти азыр чыгаруу сизге эмнеси менен маанилүү?

Юлия Навальная: Мен аны унутушпаса дейм, дүйнө жүзү боюнча билишсе, керек болсо аны билгендер ал тууралуу кененирээк билишсе дейм. Анын балалыгы — ал бул тууралуу көп айтат, кантип саясатчы болуп калганы, орус оппозициясынын лидери болуп калганы, кантип далай киши анын тарапташына айланышканын, кантип анын позициясын жактап калышканы тууралуу айтат. Анын өлүмүнөн кийин да анын үнү дүңгүрөп угулуп турушун каалайм.

Алексей Навальный 22-октябрда чыга турган китебин Орусияда даярдалган "новичок" заты менен уулангандан кийин анын кесепеттеринен дарыланып, германиялык варчтардын кароосунда жаткан маалда ооруканада жаза баштаган. Навальныйдын тарапташтары даярдаган иликтөө көрсөткөндөй ууландыруунун артында Орусиянын атайын кызматы турат.

Бирок Навальныйдын колониядагы өлүмүнө Путин жеке жоопкерчилик тартат деп ишенент Юлия. Ал бул тууралуу көп айтат жана Би-Би-Си менен маегинде да кайталады. "Бизде буга көптөгөн далилдер бар жана биз бул боюнча улам жаңы далилдерди алып турабыз",- дейт ал. Бирок эмне болгон далилдер экени тууралуу азыр ачыктап салуу туура эмес деп эсептейт. Ал күйөсүнүн өлүмү боюнча анын кесиптештери дарядап жаткан атайын иликтөө аякташын жана "толук кандуу окуяны" көрүү үчүн күтүп турууну сунуштады.

Кремль Навальныйдын 2020-жылкы уулануусун жана колониядагы өлүмүнө а тиешеси бардыгын такай четке кагып келе жатат.