"Кыргызкөмүр": Кара-Кечедеги атышуу үчүнчү күчтүн чагымы

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“Кыргызкөмүр” ишканасы Кара-Кечедеги көмүр кенинде айдоочулар менен кенди кайтарган “Альфа” кызматкерлери ортосунда кагылыш болгонун ырастады. Бул тууралуу маалыматты Би-Би-Сиге аталган ашкананын басма сөз кызматкери Жийде Зоотбекова тастыктады.

Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочулар ал жерде атышуу эмес, "Альфа" аскерлери тарабынан тынчтыкка чакыруу үчүн эскертүү огу чыгарылганын айтышууда.

“Азыркы учурда Кара-Кечеде абал тынч, жумуш штаттык режимде жүрүп атат.  Бул окуя бир нече күн мурун болгон.  "Альфа" кызматкерлери менен айдоочуларды уруштуруу максатта үчүнчү күчтөр чагымчылдык аракеттерди жасашкан”,- деди Зоотбекова.

Бүгүн УКМК дагы көмүр кенинде болгон окуя боюнча түшүндүрмө менен чыкты. Расмий маалыматка ылайык, окуя "чагымчыл адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында" болду. Атайын кызмат жеринде териштирүү болуп жатканын билдирет.

Кара-Кече көмүр кенинде бир апталык тыныгуудан кийин 20-декабрда көмүр казуу иши жанданган. "Кыргызкөмүр" ишканасы ага чейин бир апта тазалоо иштери жүргөнүн маалымдаган болчу.

""Буга чейин тазалоо иштери деп, кесек көмүр Бишкек ЖЭбге эле жүктөлүп жаткан да. Кезекке турган машиналар 300гө жакындап кетиптир. Ал жерде кезек талашкан айдоочулар кер-мур айтышкан. "Альфа" эскертүү ирээт эле асманга бир-эки ок ачкан",- деп окуянын чоо-жайын түшүндүрдү Би-БиСиге Кара-Кечеден көмүр ташыган Эсен Жумакадыров.

УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” аскерлери аталган көмүр кенин кайтарууга быйыл октябрда тартылган. Курал-жаракчан жоокерлер касса жана тараза турган жерлерге жайгаштырылган. Буга чейин кенде мындан башка 20 коопсуздук кызматкери иш алып барып келгени белгилүү.

Альфачыларды кенге тартуу Кара-Кечеде криманалдык топтордун таасири артып бара жатканын кабар берет деген эле анда “Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы директору Расул Үмбеталиев.

“ Эмне үчүн альфачылар барып атат? Себеби ал жакка Жумгалдын, Нарындын, Чүйдүн, Таластын криминалдык топтору барып алып, мыйзамсыз бекер көмүр жүктөшүп, өз кассаларын толуктап атат. Мурдагы жылдары криминалдык топтор ал жерде бирин-бири атышып, бычакташып атпайбы. Алар Кара-Кечени бөлүшө албай, мамлекеттик ишканага чоң тоскоолдук жаратууда”, -деген эле мурунку аткаминер.

Декабрдан тарта айдоочулар Кара-Кечеден жеке жактарга көмүр жүктөлбөй жатканын айтып башташкан. Бирок "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги кенде мамлекеттик карьер кадимкисинче эле иш алып барып жатканын билдирип келген.

Жыл башынан бери Кара-Кече көмүр кенинен 740 миң тонна көмүр казылып алынганы айтылат. "Кыргызкөмүрдүн" билдиришинче, бул былтыркыга салыштырмалуу 243 миң тоннага көп.

Быйыл Кара-Кечеде көмүр казуу кеч башталганы белгилүү. Ошентсе да Энергетика министри Доскул Бекмурзаев калкка көмүр үзгүлтүксүз ташылып жатат деген:

“Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн иш үзгүлтүксүз жана активдүү жүрүүдө. Учурда кунунө 30 техника иштөөдө. Суткасына орто эсеп менен 200гө жакын унаа көмүр ташып жатат”.

Быйыл Кыргызстанда энергетикалык кризис орун алып, электр энергиясы тартыш болууда. Буга кошумча күйүүчү майдын баасы да өсүп, ортомчулар көмүргө бааны көтөрүштү.

Өкмөт октябрда бааларды жөнгө салуу чараларына да барган, бирок натыйжасы сезилбей, ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте арзан көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. 20-декабрдан тарта калкка үч миң сомдон көмүрдүү казуу, жүктөө кайрадан жанданган эле.