Мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму кандай болушу керек?

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Өткөн аптанын соңунда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эл менен жолугушуу учурундагы сөзү, жүрүм-туруму коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрымдар анын эмоциялуу сөзүн сынга алып, кызматтан кетиши керектигин талап кылышса, башкалары мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму боюнча жалпы маселени көтөрдү.

Чоң жоопкерчиликти, кылдаттыкты талап кылган мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, иш аракети кантип жөнгө салынат? Алардын милдеттери кандай? Эрежелер бузулган учурда кандай чаралар көрүлөт?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коомдо талкуу жараткан Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

"Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи. Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды",- деди ал.

Муну абдан жумшак чара катары сыпаттагандар да аз эмес.

Ал ортодо Айбек Шаменов жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде эмоцияга алдырганын моюнга алып, Достук айылынын тургундарынан кечирим сурады.

6-мартта жергиликтүү бийлик Баткен облусунун Достук айылынын калкы менен жолугушуу өткөргөн.

Айылдыктар жыйын учурунда мамлекет бөлүп бере турган жер тилкесинин аянтынан баштап, чарбалык бир топ маселелрди дагы көтөрүшкөн.

Баткен облусунун жетекчиси өктөм сүйлөм, корс мамиле кылган. Ошондон улам зекип, кагып-силкип мамиле кылды деп ачуу сындар айтылды.

Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Этика кодексинде кызматкер өз жүрүм-туруму менен коомго үлгү болушу керектиги так белгиленген. Бул сунуш эле эмес, милдет экени көрсөтүлгөн.

"Бир кумалак чиритет"

Кыргызстандагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын негизги милдеттеринин бири мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дараметин жогорулатуу болуп саналат.

Окуу жайдын ректору Алмазбек Акматалиевдин айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үч жылда бир жолу милдеттүү түрдө 72 сааттан кем эмес окутуудан өтүп турат.

Ошондой эле ал быйылкы жылдан тартып республика боюнча 7-8 миңдин тегерегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ар кандай багыттагы окуулардан өтүп жатканын кошумчалады.

"Быйылдан тарта биздин академиянын бюджеттик каржылоосун кыйла көбөйтүп беришти. Эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ар кандай курстардан өтөт. Ал жерде мыйзамды билүү, долбоор жазуу, топто иштей билүү, анализ жасоо, мамлекеттик кызматкердин этикасы сыяктуу темалар камтылган. Ар бир региондогу окуу жайларга биздин академиянын бирден кызматкери барып, иш алып барууда. Кыргызстан боюнча өзүбүз окутканга колубуз жетпейт. Ошондуктан аймактык ЖОЖдорду дагы тартып жатабыз", - деди ал.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээли жана жүрүм-туруму боюнча мындай деди:

"Билим деңгээли жана адеп-ахлагы жаман эмес. Бирок беш кол тең эмес. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, арасында ар кандай мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кездешип жатат".

Мамлекеттик кызматкер этиканын төмөнкү принциптерин сактоого тийиш

- мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишине жарандардын болгон ишенимин сактап, бекемдей тургандай жүрүм-турум;

- кызматтык абалын өз пайдасы үчүн колдонбоо жана мыйзамсыз байып кетүүгө жол бербөө.

- сылык, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, аңгемелешкен адамды угуу жана анын позициясын түшүнө билүү;

- башка кызматкерлер тарабынан этиканын ченемдерин бузуу фактылары аныкталган учурда Этика кодексинде каралган чараларды көрүү;

- өзүнө баш ийген адамды укуксуз чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоо;

- өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө;

- кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу;

- үрп-адаттарга жана каада-салттарга сый-урмат менен мамиле кылуу;

- кызматтык ишине кимдир бирөөнүн мыйзамсыз таасир этүүсүнө жол бербөө;

- мамлекеттин, коомдун алдында моралдык жана адептик жоопкерчилик тартуу.

Жарандар менен мамилеси

Кызматкердин жарандар менен болгон мамилелерде төмөнкүлөргө милдеттүү:

- сыпайы жана кичи пейил болууга;

- өзүнүн тартиптүүлүгүн жана уюшкандуулугун көрсөтүүгө;

- маселени кароону создуктурууга жол бербөөгө, алардын жеке убактысына сарамжал мамиле жасоого;

- кызмат көрсөтүүлөрдү алган тараптардын биринин кызыкчылыктарын көздөбөөгө;

- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадыр-баркын колдоого.

Тышкы көрүнүшү

- расмий, токтоолук, тыкандык менен айырмаланып, жалпы кабыл алынган иштиктүү стилге ылайыктуу болушу керек.

- кийим-кече тыкан, иштиктүү стилде, классикалык багытта болушу керек.

- кийимдин өңү-түсү классикалык жана иштиктүү стилге ылайык келиши зарыл, өтө эле ачык түстө болгону сунушталбайт.

- спорт стилиндеги кийим жумуш шартында алгылыктуу деп эсептелбейт.

- чач жасалгасы тыкан жана таза болушу керек.

Чет өлкөдө иш сапарда жүргөн кызматкер үчүн этика эрежелери

- чет өлкөдө иш сапар учурунда Кыргызстанды татыктуу көрсөтүп, барган өлкөнүн мыйзамдарына, эрежелерине, үрп-адаттарына жана каада-салттарына сый-урмат менен мамиле кылууга, үй-бүлөсү менен бирге барган учурда алардын да ушундай мамиле кылуусун камсыз кылууга тийиш;

- жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык ченемдерди сактоого, убактылуу барган өлкөнүн жарандары жана чет өлкөлүк жарандар менен кандайдыр бир чыр-чатактарга кийлигишпөөгө;

- программада каралган эл аралык иш-чараларга катышууда белгиленген тартипти сактоого;

- кызматтык маалыматты жана кызматтык абалды жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга, чет өлкөгө барганга чейин белгиленген тартипте макулдашылбаган милдеттенмелерди өзүнө алууга, убада берүүгө болбойт;

- убактылуу барган өлкөдө кызматтык милдеттерине байланыштуу жергиликтүү жарандардан же уюмдардан белек, акча же кызмат түрүндөгү сыйлык алууга тыюу салынат.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Бактыгүл Үсөналиеванын айтымында, эгер жаран мамлекеттик же муниципалдык кызматкердин орой же адилетсиз мамилесине туш болсо, тиешелүү органдагы этика комитетине арыз менен кайрылса болот.

"Айыл өкмөтү, мэрия, министрликтер болобу баарында этика комитети иштейт. Бул комиссия арыз түшкөндөн кийин жыйын өткөрүп, анын негизинде сунуш берет. Эгер арызда көрсөтүлгөн жагдайлар тастыкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт",– деди ал.

Мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаевдин айтымында, совет доорунда мамлекеттик кызматкерлер ири кызматтарга жеткенге чейин бир нече тепкичтен өтүп, кенже кызматтардан тартып акырындап жогорулаган.

Бул процесс алардын тажрыйба топтоосуна, такшалышына жана мамлекеттик башкаруунун бардык баскычтарынан өтүп, бышып жетилишине шарт түзгөн.

"Азыр болсо бул система жоголуп, кызматтык тепкич менен акырындап көтөрүлүү, окутуу жана тарбиялоо дээрлик жок болуп калды. Ошондуктан айрым адамдар түз эле жогорку кызматтарга келип, бирок жетиштүү тажрыйбасы жок болгондуктан көп узабай кызматтан алынып же сүрүлүп кетүүдө. Бул кадрларды даярдоо системасынын жоголуп кеткенинин бир көрүнүшү",- деди ал.

Деген менен союз учурундагы кадр даярдоо саясаты боюнча дагы карама-каршы пикирлер аз эмес. Ал учурда буйрук, тапшырма, милдеттендирүү, жазалоо негизги чаралардын бири болгон дегендер арбын.

Каптагаев азыр да өз ишин мыкты билген, элге туура мамиле кылган, ишине так, адептүү жана сылык кызматкерлер дагы аз эмес экенин кошумчалады.