"Акыйкат толугу менен биз тарапта". Бишкек шаардык сотунда ишкер Имамидин Ташовдун иши каралууда

Имамидин Ташов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Имамидин Ташов
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

16-июлда Бишкек шаардык сотунда "KG Group"курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, абактагы ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча соттук жараян өтүп жатат. Бүгүн сот өкүм чыгарышы күтүлүүдө.

Сот жараяны ачык тартипте өтүп жатканын Би-Би-Синин кабарчысы билдирди. Имамидин Ташов сот башталар алдында Би-Би-Синин кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, өзүн күнөөсүз деп санай турганын айтты.

"Акыйкат толугу менен биз тарапта. Менин оюмча, акыркы убактагы окуялардан кийин акыйкат орнойт деген үмүттөмүн. Жалпыга маалымдоо каражаттарында айткан нерселеримди тастыктап бере алам, тастыктап жатам. Соттук процесстерде айтып да келе жатабыз. Биздин ар бип сөзүбүзгө далилдер бар. Айыптоочу тарап далилдерден корккондуктан адвокаттарымды камоого чейин барышканын айтып чыккам".

Сотто Имамидин Ташовдун адвокаттары анын күнөөсү далиденбегенин билдиришти.

"Тергөөчү бийликти басып алууга аракет кылуунун белгилери бар деген тыянакка келген. Бул кандай абстракттуу тыянак? Ошол эле учурда тергөөчүнүн өзү да, эксперттер да курал-жарактын же кылмыштын башка каражаттарынын бар экендиги жөнүндө айтышкан жок. Биздикилер басып алууга ниеттенген деп болжолдонгон мамлекеттик мекеме тууралуу бир да сөз айтылган эмес. Ал кайсы объектти басып алууну көздөгөн? Бул администрациянын имаратыбы, соттун имаратыбы же дагы башка имаратпы? Түшүнүксүз. Жөн гана бийликти басып алуу. Абстракттуу тыянак", - деди адвокат Нурлан Садыков.

Ал эми Ташовдун дагы бир адвокат Асел Аргымбаеванын пикирине караганда, мамлекеттик төңкөрүш татаал кылмыш болгондуктан, ал далилденген эмес.

"Мамлекеттик төңкөрүш - бул өтө татаал, көп объекттүү кылмыш. Аны ишке ашыруу үчүн армия, курал-жарак, каржылоо, стратегиялык объектилерди басып алуу, агрессивдүү аракеттердин так планы жана ролдордун бөлүштүрүлүшү керек. Бирок кылмыш ишинин материалдарынан эмнени көрүп жатабыз? Тартып алынган курал-жарак сакталган кампалар кайда? Алар жок. Административдик имараттарды басып алуу пландары кайда? Алар жок. Согушкерлердин топтору окутулуп, алардын ортосунда ролдор бөлүштүрүлгөн жерлер кайда? Мунун бири да сот тарабынан аныкталган эмес".

Ишкер Имамидин Ташов 2025-жылдын 25-июлунда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга эркинен ажыратылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Ишкердин жактоочусу бул өкүмгө макул болбой, шаардык сотко арызданган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылдын апрель айында кармаган. Атайын кызмат ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалганын маалымдаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып тагылган.

Ташов буга чейин абакта кыйноого кабылганын, шарттардын начардыгына нааразы болуп, бир нече жолу өзүнө кол салып, ачкачылык жарыялаган.

"KG Group" курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташов 2024-жылы 9-январда социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, белгисиз жерде сегиз күн кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан.

Эртеси эле ага "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Парламент жыйынында УКМКнын ал кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлери андан пара талап кылганын четке каккан.

"Бизге төгүп жаткан же УКМКга төгүп жаткан акчалардын баары атайын эсепке түшөт. Мамлекеттин бюджетине кетет. Аны бир дагы кызматкер, мен же башкабыз көрбөйбүз. Имамидин Ташов калп сүйлөп, видеокайрылуу жасаганга өтүп алды. Ойноп жүрүп бир күнү бели сынат", - деген Ташиев.

УКМК Ташовго издөө жарыялагандан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатканын кабарлаган. Аткаминер Бишкекте KG Group компаниясы курган тогуз объект бар экенин, үч үй пайдаланууга берилгенин, калган үйлөрдө адамдар жашап жатканына карабай, документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына электигин айткан.

Курулуш тармагында ишкерлик менен алектенген Ташов 2021-жылы президенттик шайлоого ат салышкан болчу.