"Бул иште жашыруун эч нерсе жок". Кадыр Атамбаевдер соттун ачык өтүшүн талап кылышууда

Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев соттун ачык өтүшүн талап кылууда. 14-июль, 2026-жыл.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев соттун ачык өтүшүн талап кылууда. 14-июль, 2026-жыл.
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Бүгүн, 14-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевди, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду алып келишти. Жараян жабык өтүп жатат. Айыпталуучулар муну негизсиз деп эсептешүүдө. Бийликти күч менен басып алууга айыпталып жаткан бул саясатчылардын иши июндун аягында тергелип бүтүп, 3-июлда алдын ала соттук угуу болгон.

Биринчи май райондук сотуна айыпталуучулардын жакындары жана тарапташтары келишкен. Алар жети айдан ашык убакыттан бери тергөө абагында отурган Кадыр Атамбаевди жана Темирлан Султанбековду бошотууну талап кылып жатышты.

Отурум башталганга чейин айыпталуучулар журналисттердин суроолоруна кыскача жооп бергенге үлгүрүштү.

"Сот жабык өтүп жатат. Себеби эч кандай далил жок, мыйзамсыз. Мына, 62 тергөөчү биздин ишти сегиз ай тергеди. Өзүңөр салыштырып көргүлө. Ташиевдердин ишин эки ай тергеп, соту бир ай болду. Биздин ишти сегиз ай 62 тергөөчү тергеди. Сегиз айда 62 тергөөчү тергей турган бул кандай иш? Сотто биздин күнөөбүздү далилдеп беришсин. Биз эч нерседен качпайбыз", - деди Темирлан Султанбеков.

Бул иш июль айынын аягында тергелип бүтүп, 3-июлда алдын ала соттун угуу болгон. Айыпталуучунун жакындары анда отурумга адвокаттары да катышпай калганын айтышкан. Бүгүн айыпкерлердин биринин адвокаты сотту жылдырууну өтүнгөндүктөн, жараян 28-июлга жылдырылды.

Темирлан Султанбековдун жактоочусу Асел Аргымбаева сот эмне себептен жабык өтүп жатканын териштире турганын гана айтты. Айыпталуучуларды сот залынан алып чыгып баратканда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев ага карата кыйноо колдонулуп жатканын дагы бир жолу билдирди. Мурдараак ал абактан ачык кат жолдоп, тергөө жүрбөй, жабык жайда адамкерчиликсиз мамиле жасалып жатканын билдирген.

Кадыр Атамбаев сот залынан чыгып баратып: "Бул чылгый фашизм. Бизди жөн гана барымтада кармап турушкан жок. Күч менен [чачыбызды] кырдырышты. Ал гана эмес бүгүн дагы урушту", - деди.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 6-июлда Кадырбек Атамбаевдин анын күч колдонуу, коркутуу, психологиялык басым көрсөтүү жана кыйноо фактылары тууралуу жазгандары чындыкка дал келбей турганын маалымдаган.

Мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, 14-июль, 2026-жыл.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров сотту жабык өткөрүүгө негиз жок экенин айтты. 14-июль, 2026-жыл.

Бул соттук иште айыпталуучу катары мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев, саясатчы Темирлан Султанбеков, "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров жана дагы эки белгисиз киши өтүп жатат. Ушул тапта мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров үй камагында:

"Эч нерсе айтпагыла деп кол койдуруп алышпадыбы. Ошондуктан кийин маалымат берейин. Айыптоодо эч нерсе жок. Соттун жабык өткөнү туура эмес. Элден эч нерсе жашырбоо керек. Бул иштин ичинде жашыра турган эч нерсе жок. Тогуз том менен тең таанышып чыктым. Кылмыш кылган эч ким жок. Мени таң калтырганы, дагы эки жигит кошулуп калыптыр. Алар Казакстандын жарандары окшойт. Жараян башталса мен баарын айтып берем".

Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соттун жабык өтүшүн абсурд деп атады. 14-июль, 2026-жыл.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соттун жабык өтүшүн абсурд деп атады. 14-июль, 2026-жыл.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сотко айыпталуучунун жакындары, анын ичинде Алмазбек Атамбевдин кызы Алия Шагиева да келген. Ал соттун жабык отуп жатканына нааразы болду:

"Соттун жабык өтүп жатканына абдан наарызыбыз. Биз жараянга байкоо салып, видеого тартып гана турмакпыз. Бирок бизге орой мамиле жасашып, түртүшүп, залдан чыгарып жатышат. Жеке өзүмдү айтсам, байкем менен саламдашууга да мүмкүндүк беришкен жок. Биз соттун ачык өтүшүн талап кылабыз. Себеби балдар жашыра турган эч нерсе жок. Ичте болуп жаткан абсурдду көрсөтүү оңтойсуз болуп жаткандыктан, бийлик баарын жабык режимде өткөрүп жатат. Мен бир нече сот отурумуна катышкам. Муну чынында эле абсурд деп атаса болот", - деген Шагиева абакта агасына жолугуу, бир нерсе берүү да өтө татаал экенин кошумчалады.

Темирлан Султанбековдун жакындары да сот эмне себептен жабык өтүп жатканына түшүнбөй турганын белгилешти.

"Бүгүн биринчи отурум болбой калды. Мен башынан бери айтып келе жатам. Бул саясий иш болуп калды. Анткени башка саясий иштер эки айда тергелип, бир айда өкүм чыгарып коюп жатышат. Ал кишилерди камашкан да жок. Өздөрү прецедент жаратып коюшту. Алар суранганда ишти ачык өткөрүштү, кайра суранышса, кайра жаап коюшту. Биз ошол себептен ушул саясий ишти ачык өткөрүп берсин деп талап кылабыз. Коомчулук көрсүн. Баламдын айыбы болсо, далилдеп берсин. Коомчулук да, туура же туура эмес болуп жатканын айтсын", - деди Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков.

Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбековдор Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча айыпталып жатышат.

Би-Би-Си Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылып, иш эмне себептен жабык өтүп жатканын сураганда ишке "жашыруун" деген мөөр басылгандыктан маалымат берилбей турганы айтылды.

Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев жана "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баштаган ондой адам 2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында кармалган. Милиция аларды жапырт башаламандыкка айыптаган.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.

ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган.

Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Адахан Мадумаров бул иште күбө катары сурак берген.

Ушул тапта Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Эрмек Эрматов камакта.

Калгандары, анын ичинде, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Урмат Барктабасов, Шайлообек Атазов үй камагына чыккан. Ушул жумада Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакев тил кат менен бошотулду. Былтыр 22-ноябрда жапырт кармалган бул кишилердин айрымдарынын иши өзүнчө тергелип жатат.