ФИФА президенти футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышуучу командаларды 64кө көбөйтүүнү карап жатканын айтты

Джанни Инфантино, улыбаясь, разводит руки в стороны. На нём застегнутый темный пиджак, на нагрудном кармане которого написано FIFA

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инфантино ФИФАны 2016 - жылдан бери жетектейт
    • Author, Алекс Бразертон
    • Role, Би-би-синин спорт бөлүмү
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино эркектер арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышуучу командалардын санын 64кө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Учурда АКШда өтүп жаткан турнирге 48 улуттук курама катышууда. Инфантино мындай кадам дүйнө чемпионатын "дүйнөнүн баары үчүн өткөрүлгөн мелдешке" айлантууга жардам берет деп эсептейт.

Дүйнө чемпионатына катышуучу командалардын санын азыркыдан көбөйтүү сунушу былтыр эле көтөрүлгөн. Инфантинонун айтымында, ФИФА бул мүмкүнчүлүктү карап чыгышы керек.

"Мунун баарын дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин талкуулайбыз", - деди Инфантино Швейцариянын Blue Sport телеканалына берген маегинде. Ал бул сөзүн дүйнө чемпионатына катышуучу командалардын санын 64кө чейин көбөйтүү тууралуу суроого жооп берип жатып айтты.

"Дүйнө чемпионаты дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн болушу керек. Ал Европа же Түштүк Америка үчүн гана эмес, ар бир өлкө өзүн анын бир бөлүгү катары сезе алышы зарыл. Ар бир мамлекеттин дүйнө чемпионатына катышууну кыялданууга мүмкүнчүлүгү болушу керек", - деди ФИФАнын президенти.

"Азыр дүйнөнүн бардык аймактарында футболдун деңгээли өсүп жатат. Эгер чакан өлкөлөргө дүйнө чемпионатына катышууга жол ачылбаса, алардын өнүгүүгө умтулуусу да азаят", - деп кошумчалады ал.

Андан кийин, 2025-жылдын апрелинде Түштүк Американын футбол конфедерациясы дүйнө чемпионатына катышуучу командалардын санын 64кө чейин көбөйтүүнү расмий сунуштаган. Уюм бул өзгөртүүнү 2030-жылкы дүйнө чемпионатынан тартып киргизүүнү сунуш кылууда.

Азырынча бул маселе боюнча бир беткей чечим чыга элек.

2030-жылкы дүйнө чемпионаты негизинен Испанияда, Португалияда жана Мароккодо өтөт. Бирок алгачкы үч беттеш Аргентинада, Уругвайда жана Парагвайда уюштурулат. Бул дүйнө чемпионатынын 100 жылдыгына арналган өзгөчө иш-чара болот. Алгачкы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 1930-жылы Уругвайда өткөн эле.

Бул боюнча дүйнөлүк футбол конфедерациялары кандай пикирде?

Дүйнө чемпионатына катышуучу командалардын санын 64кө чейин көбөйтүү сунушуна каршы чыккандардын арасында УЕФАнын президенти Александер Чеферин да болду. Ал бул демилгени турнирдин өзү үчүн да, тандоо баскычы үчүн да "жаман идея" деп атады.

Мексиканский болельщик на ЧМ-2026, который проходит в США, Мексике и Канаде

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионаттагы мексикалык күйөрман
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифанын да бул тууралуу пикири ушундай. Анын айтымында, дүйнө чемпионатына катышуучу командалардын санын көбөйтүү "башаламандыкка" алып келет.

Түндүк жана Борбордук Америка менен Кариб деңизи өлкөлөрүнүн футбол конфедерациясынын президенти Виктор Монтальяни да бул сунушту колдогон жок. Ал мындай демилге "туура эмес чечимдей көрүнөрүн" айтып, катышуучу командалардын санын көбөйтүү "футболдун бүтүндөй экосистемасына" терс таасир тийгизерин билдирди.

Ал эми Ак үйдүн дүйнө чемпионатын уюштуруу боюнча жумушчу тобунун аткаруучу директору Эндрю Жулиани 2038-жылкы дүйнө чемпионатын өткөрүүгө АКШ талапкер боло аларын жана турнирге 64 команданын катышуусун да уюштурууга чамалуу экенин айтты.

ФИФАнын расмий эрежелерине ылайык, уюм Кеңештин мүчөлөрү сунуштаган турнирди кеңейтүү боюнча бардык демилгелерди карап чыгып, аларды кызыкдар тараптар менен талкуулоого милдеттүү.

Бул маселе боюнча акыркы чечимди ФИФАнын Кеңеши кабыл алат. Бирок азырынча мындай чечим жакын арада кабыл алынарына эч кандай белги жок.

Уюштуруучулар үчүн негизги көйгөй

Жанни Инфантино 2016-жылы ФИФАнын президенти болуп шайланганда, дүйнө чемпионатына катышуучу командалардын санын 32ден 40ка чейин көбөйтүүнү убада кылган. Бирок бир жылга жетип-жетпей бул сан 48ге чейин көбөйтүлүп, ФИФАнын Кеңеши өзгөртүүнү 2026-жылкы дүйнө чемпионатынан тартып күчүнө киргизүүнү чечкен.

Андан бери ФИФА турнирди дагы кеңейтүүгө кызыкдар экени тууралуу байма-бай айтылып келет.

2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында эле оюнга 48 команданы катыштыруу сунушу берилген. Бирок Катар мындай көлөмдөгү мелдешти жалгыз өзү өткөрө албайт деген бүтүм чыккан.

Негизги маселе ушунда болуп жатат, дүйнө чемпионаты канчалык чоңойгон сайын, аны өткөрүү кабыл алуучу өлкөлөр үчүн ошончолук татаалдашат.

Быйылкы турнирди аянты кең үч өлкө биргелешип өткөрүп жатат. Ал эми 2030-жылкы дүйнө чемпионаты алты мамлекетте: Марокко, Португалия, Испания, Аргентина, Парагвай жана Уругвайда өтөт.

Эгер турнирге 64 команда катышса жана жалпысынан 128 беттеш өткөрүлсө, 2034-жылкы дүйнө чемпионатын Сауд Арабиясы жалгыз кантип уюштурары алары азырынча белгисиз.

Ошентсе да Инфантино үчүн бул идея эки себептен улам жагып турат.

Биринчиси, дүйнө чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк мамлекеттерге берилет. Эгер турнирге 64 команда катышса, ФИФАга мүчө болгон 211 өлкөнүн ар үчүнчүсү өлкөсү дүйнө чемпионатына жолдомо ала алат.

Экинчиден, турнир канчалык ири болсо, ФИФАга мүчө футбол ассоциацияларынын кирешеси да ошончолук көбөйөт.