Аскат Жетиген №27 абактагы катаал шарттар тууралуу кайрадан айтып чыкты
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Azattyk
Абактагы акын Аскат Жетиген жазасын өтөп жаткан №27 түзөтүү мекемесиндеги катаал шарттар, мыйзамсыз иштер жана адам укуктарынын бузулушу тууралуу кайрадан билдирди. Бул тууралуу ал адвокаты Нурбек Токтакунов аркылуу билдирүү таратты. Акындын катын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 15-июлда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Анда мекеме кызматкерлеринин соттолгондорго карата мамилеси адеп-ахлакка жана укуктук ченемдерге туура келбей турганы белгиленген.
"Ар-намыска, абройго шек келтирүү кадимки көрүнүш. Оозго алгыс сөздөр менен ашатып сөгүп, өз таламын жана укугун коргогон жарандарга катаал чаралар көрүлүп, аесуз ур-тепкиге алуу менен соттолгон жарандарды өз кулундай эзип келе жатышат" , - дейт Аскат Жетиген катында.
Ал 1-июлда абактагы тикмечилер жети айдан бери айлык албай жатканына байланыштуу акча талап кылганы үчүн мекеме башчысы тарабынан сабалганын айтууда. Ошондой эле, саясатчы Аалы Кылычев аброюна шек келтирген кызматкерге каршы чыкканы үчүн беш суткага айып камерасына камалганын кошумчалаган.
Катта мекеменин ички күн тартиби ал жакта иштеген адамдардын тарабынан бурмаланып жатканы да айтылган.
"Мисалы, ички күн тартипте эртең менен кечинде чуркоо эрежеси бар. Негизинен платцты узунуна бир чуркоо каралган. Бирок бир нече айдан бери үч жолудан, беш жолудан айландырып чуркоого мажбурлашат, - дейт Аскат Жетиген.
Бут сөөгү ооруган акын бул үчүн мурдарак тактама (ред.справка) алган. Бирок анын мөөнөтү 10-июлда бүтүп, жаңысын ала албай жатканын билдирген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Катта маал-маалы менен чай ичүүгө, дары-дармек колдонууга чектөөлөр болуп жатканы да айтылат.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн Аскат Жетигендин айткандары боюнча билдирүү таратты.
"ЖАМКнын №27 түзөтүү мекемесинде тигүү өндүрүшүндө иштеген соттолгондор жети айдан бери эмгек акы албай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мекеменин тигүү цехинде соттолгондор өз каалоолору менен, жеке арыздарынын негизинде эмгектенишет жана эмгек акысы өз убагында төлөнүп келет. 2026-жылдын апрель айынын башында аталган цехте иштеген соттолгондорго банктык төлөм карталары берилген. Учурда алардын эмгек акысы белгиленген тартипте жеке банктык эсептерине которулууда" , -делет бул тууралуу билдирүүдө.
ЖАМК мекеме башчысы тарабынан соттолгондорго күч колдонулуп, сабалды деген маалыматтарды да четке кагат:
"Күн тартибине ылайык, соттолгондор үчүн күнүнө эки жолудан ашпаган сейилдөө жана саптык басуу уюштурулат. Ошондуктан айрым маалымат айтылып жаткан соттолгондорду күнүнө үч же беш жолу чуркоого мажбурлашат деген маалымат чындыкка дал келбейт".
Маалыматта Аскат Жетиген 2026-жылдын 29-июнунда эки буту ооруп жатканын айтып мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган. Медициналык кызматкерлер тарабынан өз убагында кароо жүргүзүлүп, тиешелүү дарылоо дайындалып, белгиленген дары-дармектер толук көлөмдө берилгени да айтылып жатат.
"Ошондой эле 2026-жылдын 13-июлунда Аскат Жетиген медицина кызматкерлеринен кечки сейилдөөгө чыкпоого уруксат берүүчү маалымкат талап кылган. Медициналык кызматкерлер ага алгач медициналык кароодон өтүү зарылдыгын түшүндүрүшкөн. Бирок ал текшерүүдөн өз ыктыяры менен баш тартып, медицина бөлүмүнөн терс мүнөзүн көрсөтүп, чыгып кеткен", - делет бул тууралуу билдирүүдө.
ЖАМК Аскат Жетиген башка соттолгондорду мекеме кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана белгиленген ички тартипти бузууга үндөгөн учурлар аныкталганын айтып жатат:
"Бул фактылар боюнча мекеменин администрациясы тарабынан бир нече жолу маектешүүлөр жүргүзүлүп, оозеки түрүндө эскертүүлөр берилип келген. Ага карабастан ал атайын контингенттин арасында аталган терс иш-аракеттерин улантууда".
Кыргызстанда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлгандан кийин, абактагы шарттар боюнча маалыматтар негизинен соттолгондордун адвокаттары аркылуу коомчулукка чыгып жатат.
Бийликти күч менен басып алууга айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылган акын Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жатат жана анын жаза мөөнөтү август айында аяктай турганы айтылган.
"Буту ооруп атыптыр, жардам бербейт экен врачтар. Түрмөдөн чыгышына таасир этсе айтканы жаман эле болот, бирок ага жетпейт деп үмүттөнөм.Ал абактагы шарттар жана мыйзамсыз аракеттер тууралуу буга чейин да айтып келген", - деди Аскат Жетигендин адвокаты Нурбек Токтакунов Би-Би-Сиге.
Өткөн айда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бийликти Аскат Жетигенди бошотууга үндөгөн.
Акындын жактоочусу анын ишин кайра кароо зарылдыгын айтып келет. Жетиген өзү тергөө учурунда кыйноого кабылганын билдирген.
Ал коомчулукка ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын катары белгилүү. Аскат Жетиген 18 жаш курагында "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеп, чыгармачыл жамаат менен бирге дүйнөнүн жыйырмадан ашык өлкөсүндө өнөр көрсөткөн.
































