"Уулумду зордоп согушка алып кетишти". Орусия мигранттарды Украинадагы согушка кантип тартып жатат?

BBC Kyrgyz
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 15 мүнөт

Орусиянын Украинадагы согушу төрт жарым жылга чукулдады. Миңдеген борбор азиялык мигранттар, анын ичинде жүздөгөн кыргызстандыктар бул кандуу уруштун курмандыгы болууда. Алардын айрымдары абактан кысым астында согушка айдалса, башкалары орус паспорту же убада кылынган чоң акча үчүн кан майданга аттанышат.

Орусиянын Украинадагы согушунун кесепети кыргызстандыктарга кантип тийип жатат, канча кыргызстандык бул согушта каза таап, канчасы дайынсыз болууда? Орус өкмөтүнүн мигранттарды согушка тартуудагы ыкмалары кандай өзгөрүп жатат? Алдыда Би-Би-Си ушул жана башка суроолорго жооп издейт.

"Уулум кыйноо астында согушка кетти, эми ал келсе, Кыргызстанда да камалабы?"

Жалал-Абад облусу. Сузак районунун Благовещенка айылында жашаган Бактыгүл Далиеванын жүрөгү тилинип, Украинадагы согушка кеткен уулу Адылдан кабар күтүп отурат. Ал Орусиянын абагында отурган уулу менен акыркы жолу 30-мартта байланышкан.

Бактыгүл Далиева. Уулу согушка кеткен бойдон дайыны жок экенин айтууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бактыгүл Далиева. Уулу согушка кеткен бойдон дайыны жок экенин айтууда.

"Акыркы жолу 30-мартта чыкты. "Апа, мени Украинага алып кетет. Даярданып жатабыз" деп чыкты. "Уулум" десем: "Башка сөз айтпаңыз, жакшы барып кел эле деңиз. Мен кылган ишиме өкүнөм. Мен жаштык кылдым. Билбей кол коюп бердим" деген эле. Бирок баламды уруп, согуп, зомбулук менен алып кирип кетишкен. Ким эле ошондой оор урушка баргысы келсин? Өкүнүп жатканы көзүнөн билинип турду. Ошентип кеткенден кийин телефонун алып коёбу же билбейм, Украинанын мындай деген жерине бардым деген деле жок. Анан коркуп, кыжалат болуп жаттым", - деди Далиева.

Адылдын апасынын айтуусунда, 2024-жылы уулу экөө Екатеринбург шаарына жумуш издеп барышкан. Эне эки жылдан кийин баласын таштап, өзү Кыргызстанга кайтууга мажбур болгон. Апасы мекенге кайткандан көп өтпөй, Адыл Челябинскте баңгизат ташууга шектелип камакка алынган.

"Менин балам андай баңгизатка кызыкчу деле эмес. Андан коркчу керек болсо. "Мен сизди багам, андайга барбайм, сизди багам" дечү. "Карындашым бар, аны окутабыз, үй-жай кылам" дечү. Жакшы ниеттери бар эле, андай нерсе жок болчу. Кармап кетиптир. Ошо бойдон баламдын соту деле болгон жок. Дайынсыз жоголду дейт. Бала каякка жоголот дайынсыз? Ал эмне болсо да менин алдыма келет да. Ыйлай берип, көзүмдүн жашы деле калбады. Өзүм дагы ден соолугум начарлай баштады. Бала менен эч кимди сынабасын", - деди Бактыгүл Далиева.

Үч айдан бери түн уйкусу жок, көңүлү тынчыбай жүргөн жалгыз бой эне баласынын аман – эсен кайтып келишин гана тилеп турат. Ал басым-кысым астында согушка тартылды деген уулунун укугун ким коргойт деп суроо салууда. Себеби, анын айтуусунда, уулу урушка өз каалоосу менен кеткен жок.

"23 жаштагы бала деген жапжаш да. Орусча жакшы билбесе же. Ушундай акыбалдарга туш болуп калып жатышса, Кыргызстан ушундай жаштарын коргобосо ким коргойт? Мага окшогондор Кыргызстанда көп да, балдары орусчаны билбесе, жокчулуктун айынан миграцияга кетсе, анан согуштан Кыргызстанга келсе чочуп... Эмигрант болуп камалып, согушка кетип, анан бул жакка келип да өзүнүн элинде камалабы? Ажобуз Садыр Жапаровго кайрылгым келет да. Ушул жерде иш болсо, ушул жерде эле иштейт эле да. Минтип бияктагы ата-энеси эле кыйналат экен да, оору ашырып. Ушинтип эзиле берсең, бир күнү түтөйсүң да. Ушул балам мага: "Ыйлабаныз, апа, карындашымды окутам. Сизге үй салып берем" деп, ушул эле мени алаксытып, жакшы сөздөрүн айтып келчү да" - деди Бактыгүл Далиева.

Орусияда баңгизат ташууга шектелип, абакка кесилген Адыл Салимбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусияда баңгизат ташууга шектелип, абакка кесилген Адыл Салимбаев

Адылдын Орусияда жубайы жана ымыркай баласы бар. Бирок ал уулун көрө элек.

"Уулунун аты Ясин. Баласы өзүнө койондой окшош. Көрө элек, мына" - деди Бактыгүл Далиева.

Ал Орусиядагы кыргыз мигранттарына кайрылып, аларды мекенинде иш кылууга чакырды.

"Кыйналсаңар да, өзүңөрдүн Кыргызстаныңарда иштегиле. Азыр документ да жасаш кыйын. Кичине эле ката болсо, Украинага алып кирип кетип жатышат. Мага окшобогула. Эми үмүтүм – балам тирүү эле табылса экен. Эл катары келип, чогуу отуруп, чай ичип, чогуу жашасак деп үмүт кылам. Мындан ары эмне болот билбейм. Бирок баламдан жаман кабар келсе, мен да өзүмдүн жаныма карыз кылам да. Ким жардам берет, ким табышат мага? Эми ушинтип, бөтөн журтта калып кетеби?" - деди Бактыгүл Далиева.

Согушка кеткен инисин издеген Сезим бийликтен жардам сурайт

Ош шаарынын тургуну Алмазбек кызы Сезим иниси Азреталы Алмазбек уулу менен былтыр ноябрда акыркы жолу сүйлөшкөн. Анын айтуусу боюнча, иниси Орусияга үч жыл мурун иштегени кеткен. Жума сайын эжесинен кабар алып турган Азретаалы бир күнү эле байланышка чыкпай калат. Бир тууганын издеп Сезим Орусиядагы болгон тааныштарынан сурайт, эч ким билбейт. Ал жактын Ички иштер министрлигине да кайрылат. Азретаалыдан дайын чыкпайт.

Сезим Алмазбек кызы Орусияда иштеп жүрүп, согушка кеткен инисин издейт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сезим Алмазбек кызы Орусияда иштеп жүрүп, согушка кеткен инисин издейт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Февраль айында Казакстандын бир паблигинен Украинага согушка кеткен кыргызстандыктар деп тизме чыгып калды. Алмазбек уулу Азретаалы, 4-апрель 2025-жылы Украинадагы согушка кеткен деп турат. Жүздөгөн адам жазылган экен, ошолордун арасында менин иним да бар экен", - деди Сезим Алмазбек кызы.

Инисинин согушка аттанганы оюна да келбеген Сезим бир чети бул маалыматты окуп, "иним аман экен" деп сүйүнгөнүн айтты. Себеби анын иниси бир жылдык контракт менен Украинага кетсе, андан кийин келип калар деген үмүтү жанган.

"Бир чети сүйүндүм. Ал жакка барып келгендерден сураштырдым. Алар бир жыл убакытка барып, убактысы бүткөндө кайтарат экен деп айтышты. Бир жылда келип калат дешти. Анда апрелде келет экен да деп, дагы бир ай күттүк. Бирок апрелде деле кайтпады. Орусиядагы туугандарга айттым, алар да издештиришти. Бирок табышкан жок", - деди Сезим Алмазбек кызы.

Инисин токтоо, оор басырыктуу деп мүнөздөгөн Сезим Азретаалынын согуштан аман кайтып келерине ишенет.

"Жүрөгүм сезип турат. Ал сөзсүз кайтып келет. Мындай нерсе биздин башыбызга келет деп эч ойлобогом. Апам биз кичинебизде каза болуп калган. Андан кийин биз чоң ата-чоң энебиздин колунда өстүк. Атам бизди сырттан карады, өзү Орусияда иштеди. Биз үй-бүлөдө мындай элек да: мен оорусам, аркаман ал ооруйт, ал ооруса артынан мен ооруйм. Ушундай жакын болуп чоңойдук. Анан ушинтип инимди жоготуп коем деп эч ойлогон эмесмин. Жарым жылдан бери издеп жатам инимди. Эч нерсеге кызыгуум жок, жашоого болгон умтулуум жок. Азыр мага инимди тапсам эле болду эле. Башка эч нерсенин кереги жок эле", - деди Сезим Алмазбек кызы.

Азретаалы Алмазбек уулу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азретаалы Алмазбек уулунун аты-жөнүн эжеси интернетке жарыяланган согушка кеткендердин тизмесинен көрүп калган

Таянар тоосу жок турган Сезим бир тууганын издеп, какпаган эшиги калган эмес. Ал бир боорунун согушка кеткенин уккандан бери тамагынан аш өтпөй, уйкусу да тынч эмес экенин айтып отурду.

"Эң жүрөгүңдү ооруткан нерсе, жакыныңа жардамың тийбегени экен. Ошол нерсе мени жеп жатат. Чогуу чоңойосуң, жашайсың, апам өткөндө да өйдө-төмөн турмуш болду. Ошондо дагы чогуу көрдүк баарын, бири-бирибизге жөлөк - таяк болдук. Анан бир тууганымдын башына ушундай оор нерсе туш келген кезде менин колуман эч нерсе келбей отуруп калганым... Мага эң оор тийгени ушул болуп жатат ", - деди Сезим Алмазбек кызы.

Азретаалы согушка кандай жагдайда кеткени азырынча белгисиз. 23 жашта, кырчындай курагында аны от кечкен салгылашка эмне түрттү? Жооп жок. Анын бир боору – жалгыз эжеси кыргыз бийлигинен инисин табууга жардам сурайт.

Орусия мигранттарды согушка тартууну кантип улантып жатат?

Би-Би-Синин Орус кызматы Орусия Украинага басып киргенден тарта дээрлик төрт жылдан ашык убакыт бою бул согуштун курмандыктары тууралуу маалыматтарды жарыялап келет. Журналист Ольга Ившина орус армиясынын катарында согушка катышып, каза болгон кыргызстандыктар жөнүндө да атайын берүүлөрдү даярдаган. Биз андан мигранттарды согушка тартуунун негизги ыкмалары тууралуу сурадык.

Би-Би-Синин орус кызматынын журналисти Ольга Ившина орус-украин согушу башталгандан бери ага тартылган кыргызстандыктар тууралуу берүүлөрдү даярдап келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин орус кызматынын журналисти Ольга Ившина орус-украин согушу башталгандан бери ага тартылган кыргызстандыктар тууралуу берүүлөрдү даярдап келет

Би-Би-Си: Би-Би-Си орус кызматы согуш башталгандан бери түрдүү иликтөө, материалдарды чыгарып келет. Сиздердин акыркы маалымат боюнча бул согушка тартылган кыргызстандыктардын саны канча? Канчасы өлдү? Айтып берсеңиз?

Ольга Ившина: Чындыгында, бул согуш, бул кеңири масштабдуу басып кирүү башталгандан бери эле Би-би-си "Медиазонадагы" кесиптештер жана көз карандысыз ыктыярчылар тобу менен биргеликте орус күчтөрүнүн тарабында согушкан жана каза болгондордун тизмесин, аты-жөнүн тактап келе жатабыз. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары да, Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусияга келип жашап калгандары да бар, биз аларды да эсепке алууга аракет кылабыз. Бирок бул жерде бир нерсени тактап алуу маанилүү: биз бул эсепти ачык булактардын негизинде гана жүргүзөбүз. Башкача айтканда, бул кандайдыр бир жашыруун маалыматтардын сыртка чыгып кетиши же сөөктөрдүн, паспорттордун сүрөттөрү эмес. Биз үчүн эң башкысы — биздин тизмедеги ар бир адам боюнча чындыгында эле далилдердин болушу. Мындан улам, каза болгондордун реалдуу саны, албетте, биз айткандан көп.

Биз бул согушта курман болгондордун гана тизмесин тактайбыз. Азыр эле карап чыктым, учурда тизмебизде 89 адам бар. Алар же Кыргызстандын жараны болуп, бул согушта орус күчтөрүнүн тарабында каза болгондор, же Кыргызстанда төрөлүп, андан кийин кандайдыр бир себептер менен ата-энеси менен Орусияга көчүп кеткен, ал жерде жашай баштаган, орус армиясы менен келишим түзүп, каза болгон. Мындай окуялар салыштырмалуу абдан көп. Эгерде согуш башталганга чейин эле адамда Орусиянын жарандыгы болсо, биз аны, албетте, орусиялык катары эсептейбиз, бирок белги коюп коёбуз.

Ольга Ившина Кыргызстанга келип, орус армиясынын катарында салгылашып жүрүп, каза тапкан жигит тууралуу материал даярдап кеткен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ольга Ившина Кыргызстанга келип, орус армиясынын катарында салгылашып жүрүп, каза тапкан жигит тууралуу материал даярдап кеткен

Мындай бир окуя болгон, мен аны абдан жакшы билем, Сыргакбек Арзыбековдун окуясы. Ал... Оштон болот, бирок кийин ата-энеси менен Сахалинге көчүп кетишкен жана ал Орусия Украинага басып киргенге чейин эле өзү келишимге кол койгон. Башкача айтканда, согуш башталганда ал буга чейин эле аскер болчу - офицер эмес, бирок катардагы аскер. Жана согуштун эң башында эле каза болгон. Бирок анын Орусиянын жарандыгы болгондуктан, биз ага ал орусиялык дагы, Кыргызстандын да жараны деген белгини койгонбуз. Мындай адамдар тизмеде бар.

Би-Би-Си: Орус өкмөтүнүн жарандарды согушка тартуудагы ыкмаларын санап берсеңиз. Согуш башталган алгачкы мезгилде абакта отургандар активдүү тартылып келсе, кийинчерээк төлөмдөрдү көбөйтүү аркылуу өз эрки менен келишимге кол койгон учурлар көбөйүүдө деп айткан экнсиз?

Ольга Ившина: Бул жерде менин оюмча, өзгөчө постсоветтик өлкөлөр жана Кыргызстан менен үч учурду белгилесе болот. Чет өлкөлүк жарандар активдүү түрдө тартыла баштаган биринчи мезгил бул 2022-жылдын ортосунан 2023- жылдын ортосуна чейинки убакыт болуп саналат. Биринчи кезекте булар абактарда соттолгондор болчу жана кыргызстандыктардын мисалында бул даана көрүнүп турат. Башкача айтканда, 2022-2023 – жылдары каза болгондордун көбү соттолгондор.

Эң биринчи болуп абактагыларды тарта баштаган орусиялык «Вагнер» жеке аскердик тобу болгон. Биздин тизмедеги каза болгон кыргызстандыктардын көбү Орусиянын түрмөлөрүндө отурган жана мөөнөтүн аягына чейин өтөбөй, орус күчтөрүнүн тарабында согушка баруу чечимин кабыл алгандар. Алардын көбү Бахмутта каза болушкан. Бул бизде каза болгондордун абдан чоң бөлүгүн түзөт.

2023-жылдан баштап «Вагнер» түрмөлөрдө соттолгондорду согушка тарта албайй калды, бирок бул иш Коргоо министрлигине өттү. Орус өкмөтү өз мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, адамдарды күнөөсү далилдене электе эле согушка алып кетүүгө уруксат берди. Башкача айтканда, адам кылмыш иши боюнча айыпталуучу же шектүү гана болуп жатат, сот баштала элек, бирок ал адам келишимге кол коё алат жана бул соттук териштирүүнү толугу менен токтотуп коёт. Демек., адамдын соттолгондугу тууралуу маалымат да пайда болбойт, бул, албетте, мигрант катары Орусияда жүргөн адамдар үчүн абдан маанилүү. Мен тактап коёюн, мен эч кимди актабайм, мен жөн гана адамдарда кандай мотивация болушу мүмкүн экенин түшүндүрүп жатам.

2024- жылдын ортосунан баштап, келишим түзүү үчүн төлөмдөр абдан өскөндүктөн, жаңы тенденция байкалууда. Башкача айтканда, түрмөлөрдөн, камактардан кылмыш жазасынан качып баргандар азайып калды, анткени алар үчүн шарттар абдан катаал болуп калган. Эгер мурда адам алты ай согушуп анан боштондукка чыкса, толук мунапыс алса, Коргоо министрлигинин келишим шарттары соттолгондор үчүн кыйла жагымсыз болуп калган жана адамдар ал жактан тирүү кайтуу мүмкүнчүлүгү аз экенин биле башташты. Эми башка агым, жаңы толкун пайда болду. Алар дал ушул эркиндикте жүрүп, өз эрки менен келишим түзгөн адамдар.

Ольга Ившина, Би-Би-Си орус кызматынын журналисти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ольга Ившина, Би-Би-Си орус кызматынын журналисти

Аларды төлөмдөрдүн өзү, өзгөчө постсоветтик өлкөлөрдүн чен-өлчөмү менен алганда абдан чоң төлөмдөр кызыктырды. Башкача айтканда, келишимге кол койгондугу үчүн гана эки миллион рубль төлөшчү, андан ары эгер биринчи жыл ичинде аман калса, ал үчүн беш миллион рубль алса болот. Бул чынында эле чоң сандар.

Би-Би-Си: Анан дагы ай сайын төлөшөт да, ээ?

Ольга Ившина: Ооба. Мен айткандай, ай сайын берилүүчү төлөмдөрдү эсепке алганда, биринчи кол койгондогу бонус эки миллион рубль, андан кийин айлык акы эки жүз миңдей, анан дагы кандайдыр бир аймактык кошумча акылар болот. Абдан чоң акча. Жана эгер адам каза болуп калса, үй-бүлөсү беш-жети миллион рубль алат. Бул чоң мотивация болуп калды жана биз жыйырма төртүнчү жылдан баштап адамдардын ушундай чоң блогун көрүп жатабыз, алар дал ушул эркиндиктен келип, өздөрү келишим түзүп жатышат.

Албетте, бул жерде да өзгөчөлүктөр бар. Биз кээ бир адамдардын өздөрү эле келип, аң-сезимдүү түрдө эле келишим түзүп жатканын көрөбүз. Бирок айрымдары дагы деле муну кысым астында жасап жатышат. Башкача айтканда, мигранттар иштеген жерлерде рейддер болуп жатат. Ал жерден аларды кармап, өлкөдөн чыгарып жиберүү - депортация менен коркутушат. Жана депортациядан качуу үчүн адамдар келишимге кол коюшат. Алар согушка барып, ушул маселелерден качабыз деп ойлошот.

Украинада каза тапкан кыргыздардын саны белгисиз. Он адам туткунда.

Орус армиясынын катарында согушуп, каза тапкан кыргызстандыктардын саны азырынча так эмес. Би-Би-Си орус кызматы жеке булактары аркылуу 89 кыргызстандыктын өлүмүн аныктай алса, Украинанын "Хочу жить" долбоору урушта каза тапкандардын кеминде 143ү кыргыз тектүү экенин айтууда.

"Хочу жить" долбоору 2022-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгон 28 миңден ашык чет элдик жарандардын жеке маалыматтарына ээ. Алардын дээрлик 13 миңи Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары.

Кыргызстан бизге белгилүү болгон жалданма аскерлердин саны боюнча алдыңкы 6 өлкөнүн катарына кирет. Республиканын кеминде 1474 жараны Украинага каршы согушкан жана согушууну улантууда. Учурда бизге Кыргызстандын кеминде 143 жаранынын каза болгондугу белгилүү. Орусия жылдан жылга согушка тартуунун темпин жогорулатууну улантып жатат. Алсак, эгер 2023-жылдын ичинде Орусиянын армиясы менен келишиимге дал ушул Борбор Азиянын 1230 чет элдик жаранына кол коюлган болсо, 2024-жылы бул сан 3700дү түзгөн. Ал эми 2025-жыл ичинде Борбор Азиядан дагы кеминде 7330 эркек киши Орусиянын Коргоо министрлиги менен контрактка кол койгон", - деди Виталий Матвиенко, Украинанын "Хочу жить" мамлекеттик долбоорунун өкүлү.

Виталий Матвиенко, Украинанын "Хочу жить" мамлекеттик долбоорунун өкүлү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Виталий Матвиенко, Украинанын "Хочу жить" мамлекеттик долбоорунун өкүлү

"Хочу жить" долбоору Украинада туткунда 10дон кем эмес кыргыз жараны бар экенин кошумчалады. Алар атайын лагерде Женева конвенциясынын талаптарына жооп берген шарттарда кармалышат дейт долбоордун өкүлү.

"Түрмөдөн келгендерге жалпы төлөм болбойт дешти". Түрмөдөн түз согушка барган кыргызстандык

Буга чейин айтылгандай, согушка аттангандардын көбү абакта отургандар. Орусиянын абактарында жатып, басым-кысым астында же өз эрки менен келишимге кол койгон кыргызстандыктар арбын. Би-Би-Си учурда орус армиясынын катарында урушка даярдыктан өтүп жаткан Нурбек менен байланыша алды. Анын коопсуздугунан улам атын өзгөртүп, жүзүн жашырдык. 23 гана жаштагы Нурбек темир тор артынан кан күйгөн согушка кантип барып калганын айтып берди.

Нурбек (аты өзгөртүлдү) азыр орус армиясынын катарында согушка даярдыктан өтүп жатканын айтууда. Ал абактан түз урушка барган кыргыз.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек (аты өзгөртүлдү) азыр орус армиясынын катарында согушка даярдыктан өтүп жатканын айтууда. Ал абактан түз урушка барган кыргыз.

- Жашым жыйырма үчтө. Келишимге өзүм кол коюп эле келгем. Түрмөдөн келгенбиз биз.

- Эмне болуп түрмөгө түшүп калган элең?

- "Каракчылык", 163-берене. Биз чыкканда эле бизге аскердик билет беришкен. Анан паспорт беребиз дешкен. Бул жакка келгенден кийин бир "вызовго" чыгып келсеңер анан беребиз дешти.

- Сага эмне дешти анан? Согушка барсаң, мөөнөтүн кыскарат дештиби сага?

- Кыскарат эмес, бизди "УДО" менен чыгарышкан, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу деп. Биз жарат алсак, медаль берет, ошондо мөөнөтүбүз толук кыскарат.

- Канча жыл болушуң керек эми ал жакта?

- Негизи контракт бир жылга. Андан кийин да улана берет бирок, эгер баары жакшы болсо.

-Өзүңчү? Акыбалың кандай? Каяктарда, эмне кылып жүрөсүңөр?

- Азырынча машыгуудабыз. Алдыга чыга элекпиз.

- А сага абакта отурган кезде кыйноолор, күч колдонуулар болгон жок беле? Сен өзүңдүн каалооң менен эле кеттиңби?

- Ооба, өзүмдүн каалоом менен эле кеткем.

- Азыр ошондо силерге эмне кылганды үйрөтүп жатышат?

- Бизге бүт баарын үйрөтөт.

- Мисалы?

- Граната атабыз, автоматтарды атабыз. Көбүнчө көп жүгүрөбүз. Бут жакшы болуш керек.

Нурбек (аты өзгөртүлдү) өзү түрмөдөн качып, согушка барганын айтып, башкаларды ал жакка барбоого чакырды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек (аты өзгөртүлдү) өзү түрмөдөн качып, согушка барганын айтып, башкаларды ал жакка барбоого чакырды

Ошентип Нурбек шарты катаал абактын ордуна орус паспорту менен ири суммадагы акча убадаланган кандуу согушту тандады. Ага эми түрмөдөн келгендерге жалпы төлөм болборун, айына берилүүчү маяна гана берилерин айтышканын билдирди.

- Төлөм болбойт экен. Маяна гана болот. 220 миңден айлык. А негизи бизге 2,5 млндон беребиз деген. Ошол азыр жок экен, берилбей калыптыр. Келем дегендер болсо билип алышсын деп жатам да.

- А эмнеге болбойт экен выплата?

- Болду, мындан ары болбойт дешти.

- А сен үч ай жүрдүм дебедиңби. Ошол үч айда айлыктарыңды алдыңбы?

- Ооба, алдым. Керегине иштетебиз бул жакта. Форма алабыз да. Анан калганын салам.

- Үйүңдөгүлөр эмне деп жатышат? Бул жакта апаң-атаңдар барбы? Алар эмне деп жатышат?

- Ооба, санаркап жатышат. Күнүн-күндөй жазып, чалып жатышат.

- Орусиядагы мигранттарга, жаш балдарга эмне деп айткың келет эми?

- Келбей эле коюш керек бул жакка. Бул жакка кел деп эч кимге кеңеш бербейм.

Кыргызстанда чет жакта куралдуу жаңжалдарда же согуштук аракеттерде жалданып же өз ыктыяры менен согушууга катышуу оор кылмыш болуп саналат. Бул үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы караларын эске салабыз.

"Канчалаган кыргыз балдары Украинанын талааларында жатат? Аларды ким коргойт?"

Бул Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде жашап жаткан Жанатбү Абдыкадырова. Азыр ал Украинадагы согушта дайынсыз делип жаткан иниси Насипкул Мамбеткабыл уулунун өлүү-тирүүсү белгисиз болуп жатканын айтып берди.

Иниси согушка кетип, дайынсыз болуп жаткан Жанатбү Абдыкадырова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иниси согушка кетип, дайынсыз болуп жаткан Жанатбү Абдыкадырова

"Нүкүш, кел мына, апаң менен атаңдан калган үй. Мен тирүү кезде бутуңарга туруп алгыла. Менин балам деле жок. Мен силерге жардам берейин. Кудай мени ушуга тушуктуруптур, менин бир кызым бар, ал өзү менен өзү аныкы өзүнө жетет. Бул жакка эле келгин. Бишкек деле жакшынакай болуп калыптыр. Москвадай эмес экен, ошондой эле иш бар экен" десем, күлүп: "Макул, өзүңүздү караңыз, кыйнала бербеңиз, мен барганда жасайбыз" деген эле. Ошол акыркы сүйлөшүүбүз болгон", - деди Жанатбү Абдыкадырова.

Согушка кетти делген Насипкул менен анын бир тууган эжеси ата-энесинен эрте ажырагандыктан, аларга баш-көз болуп, дал ушул Жанатбү калган. Насипкулдун бир тууган эжеси азыр да Орусияда. Ал коопсуздугунан улам бизге маек бере алган жок. Бирок инисинин согушка кеткенин биринчи болуп ошол эжеси 2025-жылдын 4-августунда билген.

"Кыз барып калып эле, ошол айтып калды. Абже, мага деле айткан жок. Украинага барып туруп, анан видео чалуудан мен ушул жердемин деп көрсөтүптүр. Ошол сүйлөшүп жатты. Дайындалып жатышыптыр дедиби. Анан бир күнү эле отуз баланы жөнөткөн экен. Кооптуу жерге жөнөтүптүр. Дрон түшүптүр. Чачырап кетиптир деп эле бир нерселерди айтып жатты. Ошол менен бул баланын же өлгөнү же тирүүсү белгисиз", - деди Жанатбү Абдыкадырова.

Насипкул 29 жашта болчу. Анын дайынсыз жоголгону тууралуу кат келсе да, туугандары ал тирүү экенинен үмүт үзүшө элек
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Насипкул 29 жашта болчу. Анын дайынсыз жоголгону тууралуу кат келсе да, туугандары ал тирүү экенинен үмүт үзүшө элек

Насипкул 29 жашында, ал-күчкө толуп турган убагында согушка кетип, дайынсыз болуп жатканына эжесинин ичи ачышып турат. Анын айтымында, иниси каражатка муктаж болгонунан улам урушка кеткен болушу мүмкүн.

"1997-жылкы. Үйлөнгөн да жок. Артында туягы да калган жок. Бул бала жапжаш бойдон. Өзүнөн чоң эжеси дагы Орусияда. Ага деле кыйын болуп жатат. Ал да өзүн жоготуп, араң эле жүрөт. "Абже, эмне кылам, укамды жоготуп алдымбы" дейт. Бизге эч нерсе айткан жок балачы. Бирок азыр турмуш, дамыган заман. Анан акчабыз жок болсо, өзүм да оорулуу болсом, эмне кылам, менде эч кандай айла жок. Эжем экөөбүз талаада калабызбы, үйсүз. Андан көрө жок дегенде согушка барсам көбүрөөк акча берет экен дегендей ой менен кеткен окшойт. Менин оюм ошол", - деди Жанатбү Абдыкадырова.

13-августта Насипкулдун Орусиядагы эжесине дайынсыз жоголду деген кат келген. Андан бери дээрлик бир жыл өтсө да, бир туугандары анын аман экенинен үмүт үзө элек.

"Мына биз азыр нес абалда турабыз. Бул баланын же ата-энеси жок. Биз кандай кылабыз эми? Ата-энеси болбосо. Жок дегенде бизге сөөгүн алып келип берсинчи. Майдаланып кетсе дагы, башы болобу, колу болобу, көрсөк, анан жүрөгүбуз ордуна келет. Каякка барып, кимден жардам сурайбыз биз? Ушул өңдөнгөндөргө жоопкерчилик алып, жогору жактан карап койсо жакшы болот эле. Канчалаган кыргыз балдар ошол Украинанын талаасында жатат? Дрон менен бир атса эле болду экен да, чачырап кетет экен. Мына, мен угуп жатам. Үй-бүлөсү бар балдар да кетиптир. Анын аялын, бала-чакасын ким карайт? Эмне болот? Анын үстүнө Орусияда...", - деди Жанатбү Абдыкадырова.

Насипкулдун орус жарандыгы болгон. Туугандары анын укугу корголбой жатат деп сары санаа...

Насипкул эжеси экөө тең бала кезинде ата-энеси менен Орусияга барып жашап калышкан. Мектепти ошол жерде окуп, орус жарандыгын да алышкан. Бирок Насипкулдун эжеси орус бийлигинен жооп ала албай, кыргыз бийлигине да кайрылып көргөн. Бир туугандар инисинин жок дегенде сөөгүн көрүүгө зар болуп турушат.

"Бул бала Орусиянын жараны. Кичинекейинен эле ошол жакта окуп, ошол жактын жараны болгон. Акем менен жеңемде да орус паспорту болгон. Булар илгери кетип, алып алышкан. Анан баласы деле, кызы деле ошо жакта окуду. Эми ушул балабызга ким жооп берет? Биз Кыргызстандын тийиштүү органдарына кайрылсак, булар Орусиянын жараны экен, биз карабайбыз дешти. Ошондо бул балабыз ортодо калып кетеби? Же ары эмес, же бери эмес. Украинага жаш балдарды алдап деле алып кетип жатышат. Биздин кыргыз балдар көп. Көбү өлүп жатат. Көптөгөн ата-эне сыздап жатат. Украинага кеткен балдар, алданып кеткен балдар. Баягы билими жок, мыйзамды түшүнбөгөндөр калып кетип жатат. Ошо жагынан биздин бийликтегилер ушу кыргыздын балдарын карап койсо, аябай жакшы болот эле", - деди Жанатбү Абдыкадырова.

Бейтарап позиция. Кыргыз бийлиги чет жакта согушка катышкандарды жоопко тартат

Украинада согуш башталганы Кыргызстан бейтарап позицияда экенин кайталап келет. Ошондой эле кыргыз бийлиги өз жарандарын согуштук аракеттер болуп жаткан аймактарга барып тигил же бул тараптын катарында болуудан карманууга чакырат.

Кыргыз бийлиги буга чейин согушка тартылган кыргызстандыктардын саны боюнча маалымат бере элек. Жыл башында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев аталган урушта каза тапкан кыргызстандыктардын жакындары менен иштер жүргүзүлүп жатканын учкай айтып өткөн.

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев

"Эгер каза болгону так болсо, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги аркылуу иштерди жүргүзүп, мүмкүн болушунча жардам берип жатабыз. Бирок менимче, көптөгөн ата-энелер балдары каякта, эмне кылып жүрүшкөнүн билишпейт. Айткандан да коркушат, анткени Кыргызстанда ал үчүн жазага тартылышат. Ошондуктан бизде болжолдуу баа берүүлөр бар, бирок так маалымат бизде жок", - деген тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.

Чет өлкөдө куралдуу жаңжалдарда же согуштук аракеттерде жалданып же өз ыктыяры менен согушка катышуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык оор кылмыш болуп саналат. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, мыйзамсыз аракеттер үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Буга чейин Кыргызстандын атайын кызматы Украинадагы согушка катышкан деген негизде эки кыргыз жаранын сот жообуна тарткан. Алардын бири соттон үч жылдык пробация менен бошотулуп, кийин ал Казакстан аркылуу Орусияга кетип калгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал ага чейин орус жарандыгын алуу боюнча өтүнүч келтирген.

Орус бийлиги абактагылар же мигранттар согушка барууга мажбурланганы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет

Кантсе да, балдарын жоготуп сыздап турган энелерге, бир тууганын күтүп, издеген эже-агаларга ким жооп берет? Согушка күч менен айдалгандардын укугун ким коргойт? Азырынча так жооп жок.