Молдовада согуш болушу мүмкүнбү? Приднестровьедеги жаңжалдын таржымалы

Published

Анастасия Успенская, Би-Би-Си

РПГ-22 жана РПГ-27

Сүрөттүн булагы, "ПЕРВЫЙ ПРИДНЕСТРОВСКИЙ" КАНАЛ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тирасполдогу МКМнын имараты советтик РПГ-22 жана РПГ-27 менен аткыланган

Орусия Украинага басып киргенден бери, молдован бийлиги аракеттеринде жана риторикасында өтө этият болгонуна карабастан, Молдованын чырга аралашып кетүүсү барган сайын реалдуу болуп баратат.

Молдованын орусиялык анклавы - Приднестровье аймагындагы чыңалууну Кишинёв атайы жасалган чагым деп баалайт.

48 сааттын ичинде Приднестровье аймагында жарылуулар жана атышуулар болуп, анын кесепетинен Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин (Молдова түзүмдөрүнө тиешеси жок приднестровдук орган) имараты жабыркады жана “Орусиянын телевизиондук жана радио аркылуу берүүчү тармагы” ФМУМга караштуу радиотелеборбордун мунарасы иштен чыгарылды.

“Бул инциденттердин максаты - Молдованын конституциялык бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөгөн Приднестровье аймагында коопсуздук кырдаалын чыңалтуу үчүн себеп түзүү”, - деп берилет өкмөттүк реинтеграция бюросунун билдирүүсүндө.

Приднестровьедеги окуялардын артында ким турушу мүмкүн? Молдова эмне кылмакчы? Азыркы убакытта эң көп талкууланган төрт версияны карайлы.

Орусия. Таң калыштуу дал келүү

Орусиялык танктар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия Приднестровьеге өткөөл алууну көздөгөнүн ар кайсы булактар көптөн бери айтып келет

Приднестровьедеги чыңалуу, Россиянын Борбордук аскер округунун башчысынын орун басары, генерал Рустам Миннекаевдин билдирүүсүнө туш келди. 22-апрелде ал Орусиянын “атайын операциясы экинчи баскычка” келгенин, анын максаты - Донбасста толук көзөмөл орнотуу гана эмес, Украинанын бүткүл түштүгүн басып алуу экенин жарыялаган.

“Украинанын түштүгүн көзөмөлгө алуу - бул Приднестровье аймагына дагы бир чыгуу жолуу, ал жерде да орус тилдүү калктын кысымга кабылган фактылары байкалууда”, - деген генерал.

Ушундай маанилүү билдирүүнүн жасалган орду (Свердлов облусунун коргонуу тармактардагы ишканалардын биримдигинин жыйынында) жана автордун кызматы көп суроолорду жаратты.

Бул билдирүүнү Украинадагы орусиялык аскердик кампаниянын концепциясынын өзгөрүүсү деп эсептөөгө болобу? Ал Кремль тарабынан санкцияланганбы? Ал буга чейин “Донбасс элин коргоо гана” тууралуу мурда айтылган максаттар менен кандай шайкеш келет?

Молдова жана Преднистровьенин картасы

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аскердик өнөктөштүккө байланыштуу маселелер боюнча комментарий бере албастыгын айтып, кырдаал боюнча эч кандай түшүндүрмө берген жок. Орусиянын Коргоо министрлигинде, Би-Би-Синин суроосуна бул боюнча териштирүү жүрүп жатат деп жооп беришип, бирок генерал Миннекаевдин сөздөрүн төгүндөшкөн жок.

Приднестровьедеги соңку окуяларга комментарий берген Орусия ТИМинин башчысынын орун барасы Андрей Руденко, Москва аймактагы кырдаалды жөнгө салууга аралашпоого үмүттөнөөрүн билдирди. Бул билдирүүнү Молдовада көпчүлүгү Кремлдин чыныгы ниетин ачык көрсөтүү деп кабыл алды.

Молдова. 9-майга жол бербөө

Молдова коомунун орус тилдүү катмары, Молдова өкмөтү өлкөдө террордук коркунучтун деңгээлин көтөрүп, анын негизинде 9-май Жеңиш күнүн майрамдоого толук тыюу салуу үчүн чагымды өзү жасашы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Молдаван соцтармактарында болгон пикирлер

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Молдава соцтармактарында болгон пикирлер
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

19-майда президент Майя Санду, Орусиянын Украинага каршы “аскерий агрессиянын контекстинде”, Георгий тасмачасын пайдаланууга, ошондой эле “Z” жана “V” белгилерин көрсөтүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамды бузгандар ири айып пулдар менен жазаланат.

Санду, тыюулар Украинадагы учурдагы окуяларга байланыштуу болгонун, 77 жыл мурунку согушка тиешеси жок экенин белгилеген.

Бирок Молдованын социалисттери жана коммунисттери, ошондой эле алардын орус тилдүү электораты өкмөттүн чыныгы максаты - Улуу Ата-Мекендик согуштун тарыхын толугу менен жок кылуу жана жарандардын басымдуу бөлүгүн алардын тарыхый-маданий мурасынан ажыратуу экенин айтышат.

Алар азыркы кезде президенттик “Аракет жана тилектештик” (“Действие и солидарность”) партиясынын Улуу Ата-Мекендик согуш тууралуу советтик фильмдерди бардык ресурстарда көрсөтүүгө тыюу салуу боюнча демилгеси парламенттин кароосунда болгонун эске салышты.

“Өлкөдөгү калыптанган кырдаалга байланыштуу биз саясий көз караштарыбызга карабастан биригип, бирдиктүү позиция менен чыгышыбыз керек”, - дейт кеңештин төрагасы Игорь Тулянцев.

Бирок эми Кишинёв Приндестровьедеги чыңалууну массалык иш-чараларды болтурбоого шылтоо катары колдоно алат деп эсептешет майрамдык жөө-жүрүштүн тарапташтары.

Анткени мындай көрүнүш, келе жаткан 15 күндө террордук коркунучтун эң жогорку “кызыл” деңгээли орнотулган Приднестровье аймагынын өзүндө орун алып, бийлик 9-май Жеңиш күнүнө арналган парадды жокко чыгарууга аргасыз болду.

Шейшембиде Молдованын Коопсуздук кеңешинин чукул отурумунун жыйынтыгында, президент Майя Санду өкмөттө болгон маалыматка таянып, Приднестровьедеги кырдаалдын чыңалуусуна Приднестровьенын күчтөрү жумшалганын билдирди.

Приднестровье. Орус аскерлеринин келүүсүн тездетүү

Тирасполдогу Даңк мемориалындагы танк

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER HASSENSTEIN - UEFA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Приднестровьенин борбор калаасы - Тирасполдогу Даңк мемориалы

Украинадагы согуш башталгандан тарта, Молдовадагы орус тилдүү жарандардын кысымга кабылганы боюнча маселе кайрадан активдүү көтөрүлө башталды.

Орусиянын Кишинёвдогу элчилиги өлкөдө улуттук, тилдик, маданий, диний жана башка негизде кемсинтүү окуялары улам каттала баштаганын маалымдап, өмүр жана ден-соолукка коркунуч келген учурларда улутташтарын элчиликтин электрондук почтасына жазууга чакырды, анын дарегинде кырсык сигналы бар - sos.moldova@mail.ru.

Ошол эле учурда генерал Миннакеев ачык эле Орусиянын аскерлерин Приднестровьеге жылдыруу кажет экенин айткан, себеби ал жерде орус тилдүү калкка “кысым жасалууда”. Бирок орусиялык анклавда орустар кандай кысымга кабылганын генерал тактаган жок.

Молдова орус тараптын коомчулукта чыңалууну күчөткөн билдирүүлөрүн негизсиз деп атап, алардан карманууну талап кылды. Бирок Кишинёв Приднестровье аймагы Москванын геосаясий маселелерин чечүү куралы болгонун жана болуп жатканын моюндайт.

Приднестровьедеги орус тилиндеги көрнөк

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Приднестровиялык шаарларда молдаван тилинде көрнөктөр аз, бул жерде баары орус тилинде сүйлөйт. Орусиялык тараптын орустар кысымга кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү негизсиз көрүнөт

2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин көптөгөн приднестровиялыктар Орусия алардын артынан да келет деп үмүттөнө баштады. Таанылбаган республиканын аймагында 1500 чукул орусиялык аскер жайгашкан, көпчүлүктүн пикиринде алар орусиялык танктардын Молдова аймагына тоскоолсуз өтүүнү камсыздап бере алат.

Тирасполдун расмий версиясы боюнча, Приднестровье аймагындагы чабуулдун артында украиналык диверсанттар турат. Алардын максаты - Приднестровьени кагылышууга аралаштыруу. Бирок аймактын башчысы Вадим Красносельский, Украинага мунун эмне кереги бар экенин түшүндүргөн пикирин айткан жок.

“Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин имараты аткыланган жерде табылган РПГ-22 жана РПГ-27 Украинанын куралдануусунда жок. Алар өтө чектелүү сандагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын куралдануусунда бар”, - дейт Николай Кузьмин, приднестровиялык серепчи. Украина аларды таап алып, мындай ыкма менен Орусияны күнөөлүү кылып коюушу мүмкүнбү - божомолдой гана алабыз”.

Анын айтымында, Орусиянын Украинадагы аракеттерин аймактын тургундарынын жарымы колдойт, төрттөн бири эмне болуп жатканын толук түшүнбөйт. Көпчүлүгү көңүл кош, бирок өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарын көздөйт, башкалары согуштук аракеттер кырдаалында болуп калуудан коркушат.

Мындай жагдайда преднистровиялыктар орус аскерлеринин келүүсүн күтүүдө деп айткан - бул ашырып жиберүү деп эсептейт серепчи.

Украина. Ок-дарылар кампасына жарып кирүү

Украинанын чек арасына жакын жайгашкан Колбасна айылында Чыгыш Европадагы эң ири ок-дарылар кампасы бар. Ал 1940-жылдары пайда болгон, бирок куралдардын негизги бөлүгү ГДР, Чехословакия жана соцлагердин башка өлкөлөрүнөн советтик аскерлер чыгарылгандан кийин сактоого алынып келинген.

Украина курал-жарактардын жетишсиздиги шартында бул кампаны ээлеп алууга кызыктар деген версия күчөп баратат.

Бул версия батыш аскердик серепчилердин сынына туруштук бере албайт, себеби азыркы согуштун жагдайында Украина танктарга каршы жана зениттик жаңы системаларга муктаж - алар советтик ок-дарылар кампасында болушу мүмкүн эмес.

Ошондой эле узак убакытта консервацияда турган эч кайсы дөңгөлөктүү же каз тамандуу техника дароо жүрүп кетпейт. Эң башкысы, серепчилердин айтымында, Киев тарабынан бардык күчтөр чыгышка тартылган кезде, батыш флангда, өз ооругунда чагым жасоо - бул акылга сыйбаган нерсе.

1992-жылкы Приднестровьедеги согуш

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Колбаснадагы кампадагы куралдар болжолдуу ушундай көрүнөт. Сүрөттө орусиячыл аскерлер 1992-жылы приднестровиялык согуштун жүрүшүндө

Ошол эле учурда ал батыш өлкөлөрү Колбаснадагы кампага токтоосуз назар салышы керек деп эсептейт.

“Бул украин чек арасынан эки километр аралыктагы, орусиялык контингеттин көзөмөлүндө болгон 22 миң тонна ок-дары […] Ал эми биз көрүп жаткандай, Приднестровье төртүнчү фронтту ачууга мүмкүндүк алат”, - дейт Айзек Эванс, тынчтыкты сактоо стратегияларын иштеп чыгуучу OWP уюмунун убактылуу токтотулган чырлар боюнча эксперти.

Анын пикиринде, Приднестровьедеги кампа бардык аймакка, анын ичинде Киевге дагы коркунуч келтирет, ошондуктан Молдова биринчи мүмкүнчүлүктө аны утилизация боюнча сүйлөшүүлөргө кайтышы керек.

Улуу Британия дагы бул көйгөйгө батыштын көңүлүн бир нече жолу бурган.

“Биз Орусияны Колбасна объектисинен ок-дарыларды чыгарууну жана жок кылуу процессин кайра баштоо тууралуу сунуш берүүгө чакырабыз”, - деп бир нече жолу айткан ЕККУдагы британ делегациянын башчысы Нил Буш.

Эми эмне болот?

Шейшемби күнү Молдованын президенти Майя Санду Коопсуздук кеңештин чукул отурумун өткөрүп, анын жыйынтыгында Молдова жана Приднестровьенин ортосундагы чек араны күзөтүүнү күчөтүү, инфраструктуралык объектилерди жана коомдук тартип менен коопсуздук жаатындагы мекемелерди коргоо деңгээлин күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды.

Евробиримдик Кишинёв менен Тирасполдун ортосундагы мүмкүн болгон чыңалуудан бушайман болууда. ЕБ тараптардан чагымга алдырбай, оор басырыктуу болууга чакырды.

ЕККУ

Сүрөттүн булагы, MICHAEL GOTTSCHALK/PHOTOTHEK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чыңалуунун шартында Молдовага жакынкы күндөрү ЕККУнун делегациясы келет

Саясат тануучу жана Молдова парламентинин депутаты Оазу Нантойдун пикиринде жогоруда айтылган бардык сценарийлерди талдоо кезинде өзүбүздөн Cui prodest? (Кимге пайдалуу?) деп суроо керек.

“Биз өзүбүздөн мындай кырдаал кимге пайдалуу экенин сурашыбыз керек. Молдова Республикасынбы? Жок. Украинаныбы? Жок, анткени Украина Орус Федерациясы менен реалдуу кагылышуу болуп жаткан аймактарында өзүнүн бардык күчтөрүн чогултушу керек. Тирасполдогу режимдинби? Бул режим Орусиянын кызыкчылыктарынын өкүлү эмес, мафиоздук режим экенин эске алсак - жок”, - деп эсептейт Нантой.

Ал Орусия украин күчтөрдүн бөлүгүн куралдуу кагылышуу зоналардан түштүк-батыш чек арасына көчүрүү үчүн Молдованын чыгыш аймактарында туруксуздоо уюштурганын жокко чыгарбайт.

“Бул менин кандайдыр бир логика табууга аракетим. Менин оюмча, Молдова, Украина жана Тирасполдогу режим кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар болбосо, чагымдар олуттуу кесепеттерге алып келбейт”, - деди эксперт.

Аптанын соңуна чейин Молдовага ЕККУнун делегациясы келет, адатта ал тараптардын ортосундагы диалогдо ортомчу болот. Бирок батыштык өнөктөштөр, чагымдар жана жакындап келе жаткан фронт чегинин шартында, Кишинёв менен Тирасполь түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек деп эсептешет.

Шейшемби күнү Молдованын маалыматтык коопсуздук кызматы Приднестровье органдары менен биргеликте соңку окуялар боюнча биргелешкен иликтөө жүргүзүүнү демилгеледи. (EB)