БУУ: Климаттын ысышын токтотуу үчүн кескин чаралар керек

Бул глобалдык отчет саясий лидерлер тарабынан каралат жана ушул жылдын аягында Дубайда климат боюнча сүйлөшүүлөрдүн чордонунда болот.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Published

БУУнун маанилүү баяндамасына ылайык, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн адамзат өзүнүн иштөө, саякаттоо, тамактануу жана энергияны колдонуу ыкмаларын тез арада өзгөртүшү керек.

Бул, Париж келишимине 2015-жылы кол коюлгандан берки эмиссияны азайтуу боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн аракеттерине баа берүү.

Бул жаатта прогресс бар, эми аракеттерди массалык түрдө жайылтуу керек.

Баяндама атайын сакталбаган, казылып алынчу отундан ыкчам жана ырааттуу түрдө баш тартып, “радикалдуу декарбонизацияга” өтүүгө чакырат.

Электр энергиясын өндүрүү үчүн күйүүчү май, газ жана көмүр сыяктуу күйүүчү отундарды колдонуу климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби болгон көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Өнөр жай процесстеринде жана электр станцияларында көмүртектин атайын кармалып турушу - өндүрүлгөн СО2нин (көмүр кычкыл газы) көбүн сыртка чыгарбай, аны кайра иштетет же жер астында сактайт.

Кайра жаралуучу энергияны да кенен колдо баштоо зарыл, ал эми токойлорду кыюуну 2030-жылга чейин токтотуп, кайра калыбына келтирүү керек.

Бул глобалдык отчет саясий лидерлер тарабынан каралат жана ушул жылдын аягында Дубайда климат боюнча сүйлөшүүлөрдүн чордонунда болот.

Соңку эки жылдын ичинде БУУ 2015-жылы Париж келишимине кол койгон өлкөлөрдүн берген убадаларын карап чыгууну көздөдү. Сегиз жыл мурунку жолугушууда өлкөлөр өнөр жай революциясынан берки жылууланууну бир жарым грудастан ашырбоого аракет кылууга макул болушкан.

Отчет алардын көмүр кычкыл газын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу аракеттерин жана жакыр өлкөлөргө көйгөйдү чечүүгө жардам берүү үчүн каржы менен технологияны кантип мобилизациялаганын карайт.

Глобалдык парник газдарынын эмиссиясы CO2 эквивалентиндеги гигатоннада көрсөтүлгөн. Тарыхый эмиссия кара түстө көрсөтүлгөн.

Эмиссиялардын болжолдуу тенденциялары: Дүйнө бир жарым градустук максатка канчалык жакындай алды?

Көйгөйдү чечүүдө жалпы көрүнүштү караган бул баяндамада бир дагы өлкөнүн аты аталып, уяткарылган эмес.

Документ көп ийгиликтер болгонун айтат, бирок бул кылым үчүн болжолдонгон температуранын глобалдык өсүшү Парижде убада кылынгандан дагы эле жогору.

Баяндамага ылайык, бул максаттарга жетүү амбицияларды олуттуу жогорулатууну талап кылып “системаны трансформациялоого" чакырат.

Температуранын жогорулашына байланыштуу дүйнөнүн көп жерлеринде кургакчылык болду

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул биздин коомдорубуздун ар бир тармагы температуранын жогорулашын тизгиндөө үчүн өзгөрүшү керек дегенди билдирет.

Буга энергияны өндүрүү, саякаттоо, иштөө жана тамак-аш өндүрүү жолдору кирет. Эксперттердин айтымында, мындай өзгөрүү үчүн өкмөттөр демилгени колго алышы керек жана алардын климаттык аракеттери башка саясат жана инвестицияларга бурулуп, дароо жокко чыгарылбашы керек.

"Ошондой эле системаны трансформациялоо чакырыгын биз, өз тагдырыбызды өзүбүз колго алышыбыз керек деп түшүнүшүбүз зарыл" – деди, баяндаманы жазуунун баштапкы этабына катышкан Стокгольмдун айлана-чөйрөнү коргоо институтунан доктор Ричард Клейн

"Же биз климаттын начарлашына жол бербөө үчүн коомду өзгөртөбүз, же климаттын өзгөрүшү биздин ордубузга кыйла жагымсыз жол менен коомду өзгөртөт."

Докладда шамал жана күн сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын тез көбөйтүүгө чакырык жасалган. Ошондой эле өндүргөн көмүртекти кармап, сактабаган отундун келечеги жок экени айтылат. Баяндама булар үстүбүздөгү кылымдын орто ченинде эмиссияларды нөлгө түшүрүүнүн “заманбап элементтери” деп айтылат.

Отчетко ылайык, транспорт тармагында электрдик унаалар "абалды кескин жумшартышы мүмкүн". Баяндама ошондой эле климатка ылайыктуу, пайдалуу диетага өтүү, тамак-аш калдыктарын азайтуу жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү эмиссияларды чектөөдө олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келе аларын баса белгилейт.

Баядамада ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү дайыма кыжырданткан климатка адаптация жана каржылоо боюнча аракеттер каралган. Бул каржыны ар кандай булактардан тез көбөйтүүнү талап кылат.

Испанияда нөшөрлөгөн жамгырдан көпүрөлөр бузулду

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Баяндаманын идеясы - өкмөттөр 2025-жылы БУУда кол коюп кабыл алган кийинки пландар көмүртектин көлөмүн кыскартуу боюнча азыркыга караганда дымактуураак болушун камсыз кылуу.

Ага карабай бул отчет ушул жылдын аягында Дубайда өтө турган COP28 глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдүн талкууларынын негизин түзөт.

COP27де бир нече ири мунай өндүрүүчү мамлекеттердин каршылыгынан улам казылып алынуучу отундардын барынан баш тартуу тууралуу макулдашуу аракети ишке ашкан жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлдөрү бул баяндама COP28де негизги билдирүүгө басымды күчөтөт деп ишенишет.

"Мен өкмөттөрдү отчеттун жыйынтыктарын кылдаттык менен изилдеп чыгууга үндөйт элем, жана бул алар үчүн эмнени билдирерин, жана алар мындан ары жасоого тийиш болгон дымактуу иш-аракеттерди түшүнүп алууга чакырам," - деди БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча жооптуу катчысы Саймон Стиэлл.

Байкоочулар бул документ эскертүү экенине кошулат.

"Биз дүйнө климаттык максаттарына жете албай жатканын билебиз, бирок азыр лидерлерде ишти кантип аткаруу керектиги боюнча көптөгөн далилдер менен бекемделген конкреттүү план бар," – деди, Дүйнөлүк ресурстар институтунан Ани Дасгупта. (DO)