"Эчтеке калтырбай сатып алышпадыбы!" Казакстандан көмүскө импорттоо – санкцияга кабылган орустарга олуттуу огожо

Казакстандагы базар
    • Author, Анастасия Стогней, Анастасия Платонова
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Published

Путиндин режими Украинага 2022-жылы 24-февралда ири деңгээлде басып киргенден кийин Орусияга болуп көрбөгөндөй санкциялар киргизилген. Бирок көптөгөн орусиялыктар алардын кесепетин алигиче сезе элек. Бул жагдай удаалаш импорттун, кээде жөн эле коңшу мамлекеттер аркылуу – мисалы, Казакстан аркылуу, – аткезчилик (контрабанда) жүргүзүү аркылуу мүмкүн болду. Би-Би-Синин Орус кызматынын өкүлдөрү Казакстанды кезип, бул өлкө аркылуу Орусияга эмне товарлар жана кантип кирээрин түшүнүүгө аракет кылды.

Алматынын жанындагы "Жибек Жолу" автобазарында "Жинденген Макс" тасмасынын акча аз коротулчу уландысын тартсаңыз да болот. Кан жолго жакын эле аймакта майда-чүйдө тетиктер сатылчу дүкөнчөлөр, андан ары мурда деңизlе жүк ташыганга колдонулган ири темир контейнерлер катар-катар жайгашкан. Алыста Ала-Тоо заңкаят.

Ар бир бурчта палоо басып жаатышат. Базардагы палоонун жыты бардык жерде сезилет. Тек гана базар башкармалыгынын эки кабаттуу кеңсесинде акиташ аралашмасы жыттанат. "Жибек жолу" базарынын башкармалыгынын өкүлү Санжар (маектештин аты-жөнү анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлдү) журналисттерге шектенүү менен мамиле кылды. Оболу ал камера менен келүүгө тыюу салды.

Бирок даярдалчу баяндын темасын уккан соң, ал бир аз жеңилдей түштү да: "Демек, Орусияга товар жөнөтүү тууралуубу? Ооба, бул жерде [базарда] ар бир экинчи киши ал жакка ташыйт, мисалы, менин агам Wildberries дүкөнүндө аларга сары май сатат".

Мындай сөз айкаштарын Казакстанда ондогон жолу укканбыз: башка автобазарларда да, "Горбушка" электрондук товар дүкөнүнө окшош жергиликтүү дүкөндөрдө да, ири ишкерлер менен баарлашып-сүйлөшүүдө да ушинтип айтып жатышты.

Украинага каршы баскынчыл согуш башталгандан кийин Орусияга товар жеткире баштагандарды табуу өтө оңой. Арийне, аларды үнүн жаздыруу аркылуу баарлашууга көндүрүү алда канча кыйын болду.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, "удаалаш импорт" ыкмасы мыйзамдуу болуп саналат. Казакстандын да бул ыкмага эч кандай дооматы жок – эң башкысы, товар бул өлкөнүн аймагына мыйзамдуу түрдө кирсе болду. Бирок бул – теорияда. Иш жүзүндө, жагдай анчейин жөнөкөй эмес.

"Ар ким кандайдыр бир нерсе жөнөтүп жатат"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алдиярдын (маектештин аты-жөнү анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлдү) жашы отуздан ашкан чамалуу. Ал тыкан, үстү жабык башка унаа базарында дагы унаа тетиктерин сатуучу дүкөнгө кожоюн. Акыркы убакта ал экспорттоо менен алектенет: БАЭден жоголгон маркадагы товарлар менен минивэндерди сатып алып, орусиялык кардарларга жөнөтүп турат.

2022-жылдын март айынын аягында чет элдик компаниялардын демаршынын фонунда орус өкмөтү “интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын камтыган” товарларды “удаалаш (параллель) импорттоого”, башкача айтканда, автордук укук ээсинин уруксатысыз Орусиянын ичине сатып келүүгө уруксат берген. Мындай удаалаш импортко тыюу салуу туура 20 жылга созулду: Орусияда мындай импорт 2002-жылы мыйзамсыз деп табылган болчу.

Орус аткаминерлери "удаалаш импорт" аркылуу сырттан ташылышы мүмкүн болгон нерселердин тизмесин түзүштү. Тизмеге: iPhone уюкфондору, Dyson чач кургаткычтар, автоунаалар, майрамдарда зарыл болчу спирт ичимдиктери жана башка ондогон түрдөгү ар кыл товарлар кирди. ACRA уюмунун серепчилеринин эсебинде, тизмедеги товар аталыштары орусиялык импорттун 30%дан ашыгын камтыды. "Удаалаш импорт" тизмеси боюнча, 2022-жылдын көпчүлүк айларында Орусияга 20 миллиард долларлык нарктагы товар келген. Бул өткөн жылы жалпысынан Орусияга импорттолгон товарлардын наркынын болжол менен 6%ын түзөт.

Алматыдагы "Кар Сити" (Автоунаа) базары. Орусияга автоунаа тетиктерин экспорттоо Украинага каршы баскынчыл согуш башталгандан кийин өзгөчө кирешелүү иш болуп калды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматыдагы "Кар Сити" (Автоунаа) базары. Орусияга автоунаа тетиктерин экспорттоо Украинага каршы баскынчыл согуш башталгандан кийин өзгөчө кирешелүү иш болуп калды

Дүкөнчү Алдияр: "Ал жагыңарда силерде эч нерсе жок, анткени Орусия – баскынчы. Аны ушунтип баалап жатышат эмеспи?" – деп өз ою менен бөлүшө кетти.

Чекене сооода түйүндөрүнө ээ болгон же Wildberries дүкөндөрүнүн ээлери болгон орусиялыктар Алдиярды Telegram чаттары аркылуу табышат. Айрымдары бизге окшоп, аны менен байланыш түзүү үчүн ушул базарга келишет.

Орусиялык бийликтер удаалаш импорт аткезчиликке эч жатпай тургандыгын дайыма баса белгилешет. Расмий тарабын алсак, бул – чындык. Көптөгөн ишкерлер бардык бажы шарттарын сактоо менен чындап эле мыйзамга төп соода кылышат.

Орусияга Казакстандан ташылып келүүдө бул бажы шарттары адаттагыдан азыраак келет: эки өлкө тең Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчөлөрү. Бул болсо биримдиктин каалаган мамлекетине товар "сырткы дүйнөдөн" киргенде, бажы төлөмү бир гана жолу төлөнүшү керек, дегенди билдирет. Ал эми жалпы бажы чек арасынан өткөн соң, импорттолгон товар андан ары салыштырмалуу эркин ташыла алат. Ырас, кээ бир төлөмдөр дагы эле талап кылынат. Анын үстүнө Казакстандын өзүнө баары эле товарларды мыйзамдуу түрдө киргизе беришпейт эмеспи.

Олег (маектештин аты-жөнү анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлдү) орус иммигранттардын 2022-жылдын мартындагы толкуну менен бирге Орусиядан Алматыга көчүп келген. Анын бир нече ишканасы бар, анын ичинен автоунаа майларын Орусияга жеткирүү – Олег үчүн алтын жумуртка тууган тоокко тете: көп маркалардын фирмалары Орусиядан чыгып кеткен соң, автоунаа майларына суроо-талап ар дайым бар.

Көптөгөн жергиликтүү ишкерлер автоунааларды май менен камсыздоо ишкерлигине багыт алышты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн жергиликтүү ишкерлер автоунааларды май менен камсыздоо ишкерлигине багыт алышты

Көп ишкерлер сыяктуу эле, Олег “удаалаш импортту” мыйзамдаштырууну “шойкомдуу товардык” импорт үчүн жашыл жарык катары кабыл алды. Башкача айтканда, ал аткезчиликке тап койду. Олег азыркы ишкерлигинин чоо-жайын эч ачыктабайт, бирок ал кээде классикалык схеманы колдоноорун айтат: ал салыктан кирешесин үнөмдөө үчүн сатылчу товардын документине арзаныраак товар түрүн жаза салат.

Шойкомдуу товарларды өткөрүү ар дайым эле майнаптуу боло бербейт.

Би-Би-Синин Орус кызматы окшош үлгүдөгү ондогон учурларды иликтеп тапты. Маселен, чөлмөк соодасын жүргүзүүчү киши өзүн тек гана "удаалаш импорт" менен алектенген соодагер катары көрсөтүүгө тырышкандыгына карабастан, товарды сырттан мыйзамсыз ташып келди деген доого кабылды, анткени ал ташыган товар түрү өкмөттүк тизмеде жок болуп чыкты.

"Жаңы чөлмөкчүлөр", эреже катары, Орусияга "Экспресс курьер" жеке менчик жеткирүү кызматы (ЭКЖК) аттуу жеке менчик ташуу компаниясы аркылуу жүк жөнөтөт.

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL METZEL/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жаңы чөлмөкчүлөр", эреже катары, Орусияга "Экспресс курьер" жеке менчик жеткирүү кызматы (ЭКЖК) аттуу жеке менчик ташуу компаниясы аркылуу жүк жөнөтөт

Казакстанда ишкердигин жаңы баштаган көптөгөн ишкерлер, тескерисинче, кандайдыр бир өзгөчө импорттун бар экенин эч кандай билбеши деле мүмкүн. Алардын иши Телеграм каналдын тематикалык барактарына мониторинг жүргүзүү (алардын жүздөгөнү согуштун башталышынан бери пайда болгон), чакан тапшырыктарды издөө жана Орусиядагы "Экспресс курьер" жеке менчик жеткирүү кызматынын (ЭКЖК; б.а. СДЭК – Служба доставки "Экспресс курьер") тийешелүү бөлүмчөлөрү менен байланышуу иш-аракеттерин камтыйт.

Алматылык Антон* (* маектештин аты-жөнү анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлдү) мурда эч качан ишкердик менен алектенген эмес. Эми болсо ал орусиялыктардан "Ун комбинаты үчүн тетиктерди, "Вольвонун" алмаштырылчу тетиктерин, музыкалык аспаптарды, ар кыл кийим-кечелерди" жөнөтүү үчүн ар түркүн тапшырыктарды кабыл алып келет.

Антон кардарлардан акчаны КМШ өлкөлөрүндө да ишин улантып жаткан орусиялык "Золотая корона" ("Алтын таажы") төлөм системасы аркылуу алат. Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн ал товардын наркынын 10–20%дайын алат. Мында ал соода сатыкка өз акчасын салганына же салбаганына жараша нарк бычат. Ушундай эле бааны "Телеграм" каналы аркылуу товар сатуунун далдалы болуп жүргөн башка казакстандык ишкерлер да Би-Би-Синин кабарчыларына маалымдашты.

Чөлмөк соодасынын кескин жайылышы

Орусияга каршы санкциялар киргизилээри менен Астанадагы "Эсил" электроника базарындагы дүкөнчөнүн тең-кожоюну Темирланга дагы тапшырык түшкөн. Эми анын телефонундагы байланыштарынын тизмеси мындай: оболу кардардын аты, андан соң ал байырлаган орусиялык шаардын аталышы (Москва, Екатеринбург, Омск, ж.б.) катталат. Темирлан "удаалаш импорт" үчүн эң сүймөнчүктүү болгон iPhone уюкфонун жана башка Apple техникалык өнүмдөрүн сатат.

Кээ бир чөлмөкчү соодагерлер өздөрү келип, накталай төлөшөт, дейт Темирлан. Көбүнчө бул кардарлар – Уралдан жана Сибирден келген, ушунчалык жаш, ал түгүл 18-20 жаштагы балдар. Алар товар сатып алуу үчүн ата-энелерин ээрчите келишет. Башкалары онлайн тапшырык беришет. Бардык жалдал сатуучулардай эле, Темирлан да "Золотая корона" кызматы аркылуу төлөмдөрдү кабыл алат да, ЭКЖК аркылуу товарларды кардарларга жөнөтөт.

Өлкөгө тереңдеп кирүүнүн деле кереги болбойт. "Айрым [далдалдар] Орусия менен чек арага барып, ошол чек арага жакын жерден эле казак тарапта туруп, [телефондорду] сатышат", – дейт Темирлан.

Графика

Apple компаниясы орусиялык аскерлердин Украинага басып киришинен бир жумага жетпеген убакыттан кийин "терең тынчсыздануусун" расмий билдирген жана орус базарын өз товары менен жабдуу токтотулганын жарыялаган. Бул компания дээрлик бир жылдан кийин Орусияга өз товарлары алигиче агып кирип жатканын билеби жана бул боюнча кандайдыр бир чара көрө алабы? Бул – чоң суроо (Би-Би-Си Apple компаниясына да кайрылган, бирок азырынча ал компаниядан жооп ала элек).

Темирлан орусиялыктардын смартфондорго болгон суроо-талаптары кескин көбөйгөнүн айтат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Темирлан орусиялыктардын смартфондорго болгон суроо-талаптары кескин көбөйгөнүн айтат

"Мерездик менен айтканда, бул – чакан ишкердик үчүн жакшы мүмкүнчүлүк", деп мойнуна Аскар Рахимбердиев алат. Ал – Орусиянын "МойСклад" ("Менин кампам") аттуу интернеттик ("булуттагы") ишкердикти автоматташтыруу кызматынын жетекчиси. Анын компаниясы орусиялык кеңседен тышкары Алматыда жаңы кеңсени кошумча ачууну чечкен. Бул кеңсеге Орусиядан Казакстанга качып кеткен IT адистери да, жергиликтүү адистер да жумушка алынмакчы.

Былтыр жазында эле Wildberries, Ozon, Yandex.Market сыяктуу интернеттеги ири базарлар "удаалаш импорт" аркылуу ташылган гаджеттерди өз барактарына жайгаштырууга биринин артынан экинчиси уруксат беришкен. Алардын ар биринде заматта эле ондогон кичинекей дүкөндөр пайда болду. Кардарлар бул интернет базарынан эң акыркы iPhone уюкфон түрүн жана өндүрүүүлөрү Орусиядан чыгып кеткен башка техникалык өнүмдөр менен жабдууларды сатып ала алышат.

Аскар Рахимбердиевдин компаниясы Алматыда жаңы кеңсесин ачты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Рахимбердиевдин компаниясы Алматыда жаңы кеңсесин ачты

Рахимбердиевдин айтымында, кайра сатуучу ири дүкөндөр мүшкүлгө батып, ал эми алардын кирешеси чындыгында да майда ишкерлерге агып жатат. Статистикалык сандар бул корутундунун жок дегенде бир бөлүгүн колдойт. Мисалы, эң мыкты сатуучу ири дүкөндөрү бар "М.Видео-Эльдорадо" компаниясынын соода жүгүртүүсү 2022-жылдын экинчи токсондугунда 30%га төмөндөгөн.

"Горбушка" электр товар дүкөнүнүн салтанаты

Мунун баары базарды 2000-жылдардын башындагы жагдайга кайра чегинтүүдө. 2005-жылдын күз айларына чейин Орусияда сатылган бир дагы уюкфон бул өлкөгө мыйзамдуу түрдө импорттолгон эмес болчу, деп жазат Forbes медиа компаниясы.

Маселен, телефондор бажыда арзаныраак баада декларацияланган: импорттоочулар салыкты үнөмдөп, бирок көп миллиондогон доллар пара беришкен. Ошондон улам өкмөттүн курамындагы базарды мыйзамга ылайык таза уюштурам деген ниеттеги экономикалык канат менен импорттоону коргогон күч түзүмдөрүнүн ортосунда тирешүүлөр орун алып жатты.

Айтылуу Motorola уюкфон компаниясынын өнүмүнүн окуясы бул жүрүмдүн туу чокусу болгон. 2006-жылы коопсуздук күчтөрү "Евросеть" үчүн арналган дээрлик эки жүз миң телефонду тартып алып, бул "жасалма товарларды" жок кылууга буйрук чыгарган. Көп өтпөй "жок кылынган" делген уюкфондор Орусиянын Царицыно шаарынын базарында пайда болгон. Телефондордун чындап өздөрүн таандыктыгын тастыктаган Motorola компаниясы АКШнын Мамлекеттик департаментине арызданган, ал эми Владимир Путин болсо Жорж Бушка (улуу Бушка) бул жорук жаатында акчыланып сүйлөөгө аргасыз болгон, деп Forbes жазып чыкты.

Астанадагы "Эсил" базарында күнүнө жүздөгөн смартфондор сатылат. Сатып алуучулардын олуттуу бөлүгүн орусиялыктар түзөт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Астанадагы "Эсил" базарында күнүнө жүздөгөн смартфондор сатылат. Сатып алуучулардын олуттуу бөлүгүн орусиялыктар түзөт

Ири дүкөндөрдүн ичинен "Связной" биринчилерден болуп “удаалаш импорт” сатыкка чыкканын расмий жарыялаган. Калгандары көп өтпөй анын жолоюна түшкөн. Бул ири "дөөнүн" текчелеринде расмий түрдө Орусиядан чыгып кеткен компаниялардын өнүмдөрү кантип пайда болуп жаткандыгынын сыры азырынча бүдөмүк кала берүүдө. Мындай компаниялардын өкүлдөрү бул тема боюнча эч баарлашкысы келбейт: мында тобокелдиктер өтө чоң.

"Эки башка удаалаш импорт бар", – дейт көп жылдардан бери Орусиянын чекене соодасына инвестиция салып келген бир чоң фонддун директору.

Шарттуу түрдө "достук" мамиледеги кадам, – башкача айтканда, бренддин макулдугу менен жасалчу соода, – тууралуу башкы кеңседе макулдашып алышат: "баары мурдагыдай эле түзүлөт, анын бир гана айырмасы – эми товарлар Орусияга эмес, Казакстанга, Түркияга же Грузияга жөнөтүлөт, деген дарек жазылат".

"Достук маанайда эмес", – башкача айтканда, автордук укук ээсинин кабары жок шартта. – ири көлөмдөгү импортту өзүнүн чоң базары бар өлкө аркылуу гана уюштурууга болот. Болбосо, товар жеткирүүнүн кескин көбөйүшү шектенүүнү жаратат. Мындай өлкөлөр, Би-Би-Синин бир маектешинин айтымында, Кытай, Индия, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары болушу мүмкүн. Ал эми Казакстан болсо чакан "чөлмөк соодагери" үчүн ылайыктуу, деп алиги маектеш эсептейт.

Казакстандык чөлмөкчү соодагерлер да телефондорду негизинен БАЭден сатып алышат, деп Би-Би-Сиге мындай соода менен алектенген беш ишкер билдирди. Ал жактагы баалар казакстандык ири далдардардыкынан (дистрибьютордукунан) бир топ төмөн. Мындан тышкары, Эмираттарда көптөрдүн ишкердик жаатындагы өнөктөштөрү бар.

Удаалаш импорт Казакстанда да, Орусияда дагы чакан ишкердикти өнүктүрүүгө мажбур кылды.

Сүрөттүн булагы, SERGEI FADEICHEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Удаалаш импорт Казакстанда да, Орусияда дагы чакан ишкердикти өнүктүрүүгө мажбур кылды

Негизинен чөлмөк соодагерлер Казакстанда сатып алынган аспаптарды (гажеттерди) географиялык жактан жакын пункттарга: Новосибирск, Екатеринбург, Челябинск, Омск ж.б. шаарларга ташып келишет, дешет жергиликтүү сатуучулар.

Бул товарлар казакстандык шаарлардан түздөн-түз Москвага жана, атап айтканда, борбордогу "Горбушка" деген даңазалуу электроника базарына жеткирилет. Көбүнчө ал товарлар БАЭден Казакстанга алынып келген.

"Горбушка" дүкөнүндөгү iPhone сатуучусу болгон жана жакында эле БАЭдеги ушул базарга барган кыз Би-Би-Сиге: "Аларды бейрасмий түрдө чемодан менен ташып жүрүшөт", – деп айтты.

"Жогорку жактагы кырдаал [санкциялар жана согуш] карапайым кишилерди таптакыр кызыктырбайт, – дейт айфондорду сатыкка даярдаган дагы бир соодагер. – Эгерде Орусия канчалык көбүрөөк обочого калтырылып, сыртынан жаптырылса, [Горбушка] дүкөнүнө ошончолук көп товарлар ташылып келет".

Орусияга автоунаалар Ирандын Бендер-Ленге порту аркылуу ташылат.

Сүрөттүн булагы, KAZAF MOTORS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусияга автоунаалар Ирандын Бендер-Ленге порту аркылуу ташылат

Былтыркы 24-февралдагы ири баскынчыл согуштун башталышынан кийин Дубайдан Казакстан аркылуу Орусияга автоунааларды ташууга суроо-талап күчөдү. Тек гана Орусиядагы аскерге чакырык жүрүмү гана аны бир аз суутуп койду, дейт Kazaf motors логистикалык компаниясынын директору Максат.

Өзүн Александр (маектештин аты-жөнү анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлдү) деп тааныштырган түндүк казакстандык ишкер: "Мен Актау шаарына бара жатам. Жолдо мага каршы нукта үстүнө автоунааларды жыш тизип алган автоунаа ташуучу ири унаалар өтүп жатышты. Мурда мындай шумдукту эч көргөн эмесмин", – деп эскерет. Ал порт шаарга тез-тез каттап турат.

Ирандан келген паром Астрахандын жээгине да токтой алат, – дейт Максат, – андан кийин унаалар бажыдан өтүп, Орусияда ортомчусу жок дароо катталат.

Башка ишкерлер Казакстанда бажыдан өтүү бир топ арзан экенин айтышат. Расмий түрдө Евразия биримдигине кирген мамлекеттердеги милдеттер – дээрлик бирдей. Бирок, чындыгында, Орусияда бажы жагынан товарды чыгарып кетүү жүрүмү – бир топ катаал.

Би-Би-Си жакында эле Москвадагы салондун биринен Audi унаасын тандап, анын жүрүшүн видеого тартып алган киши менен маектешти: "Бул унаалар 24-февралга чейин келишкен, – деп кеңешчи алгач окшоштой көрүнгөн седандардын айырмасын түшүндүрдү. – Алардын кепилдиктери бар. Ал эми кыйшык бараткандар үчүн эч кандай кепилдик жок. Башкача айтканда, бул бузук унаалар – удаалаш импорт боюнча бейрасмий импорттолгондор".

Ауди компаниясынын Би-Би-Сиге айтымында, бул видео тасмадагы унаа түрлөрү Орусияга товар сатууга тыюу жана чектөөлөр киргизиле электе эле бул өлкө аймагына жеткирилген унаалар болуп саналышат.

Казакстандын инвестиция боюнча министринин мурдагы орун басары, экономист Рахим Ошакбаев мындай деп айтты: "Эмитеден эле Казакстандын айланасындагы төрт өлкө санкцияга алынып турат. Алар – Орусия, Кытай, Ооганстан жана Иран. Бул соңку өлкө ал түгүл кандайдыр бир технологиялык өнүмдөрдү өндүрүп чыгарганга үлгүрүп келет".

Би-Би-Синин көптөгөн маектештери азыркы Орусияны Иран менен салыштырышат. Иранда расмий түрдө ал жерде болбошу керек болгон айфондорду, автоунааларды жана башка товарларды да оңой сатып алса болот.

Сереп Мария Киселеванын катышуусу менен даярдалды. (TT)