“Мыкты менеджер керек”: Абдикаримовдун отставкасы тууралуу талкуу

Published

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун отставкага кетери тууралуу талкуулар күчөп, бирок өкмөттүн басма сөз кызматы андай маалыматтарды четке кагууда.  

Коронавирус күч алган учурда министр өзү да ооруп калып, көптөн бери коомчулуктун алдына чыга элек.

“Ал ооруканадан чыкты. Учурда аралыктан иштеп жатат. Жакынкы күндөрү ишке чыгат”, - деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Абдикаримов пневмонияга кабылып, ооруканага түшкөнү тууралуу 9-июлда белгилүү болду.  Так ошол маалдан тарта өлкөдө кырдаал оордошуп, соңку эки жума эпидемия башталгандан берки эң оор мезгил болду.  

Ооруканаларда орун жок, медиктерде коргоонучу каражаттар жетишпей, дарылар тартыш болуп, күнүнө сексенден киши каза таап жатты. Өлкө мындай кырдаалдан өз убагында мобилдеше калган  ыктыярчылардын жардамы менен гана чыкты.

“Азыркы министр коронавирустун экинчи толкунунда дээрлик иш алып барган жок. Бир жагынан оору деген оору экен, ал кишиге вирус жугуп ошону менен алпурушуп калды деп жатышат. Бирок “жоо жакадан алып турганда” жетекчилердин ордун жаңыртып, алардын ордун башка иштерман адамдарга өткөрүп бериш керек эле”, -дейт ыктыярчы Тынчтыкбек Алтымышев.

Кесиби боюнча санитардык врач Сабиржан Абдикаримов министрлик кызматка быйыл 1-апрелде дайындалган. Кызматына киришип жатып ал кырдаалды эки жумада жөнгө саларын убадалаган эле.  

Ага чейинки министр Космосбек Чолпонбаев COVID-19 вирусун алдын алууга керт башы менен жооп берерин айтып келди, бирок эпидемияга тийиштүү кам көрө албаганы үчүн Коопсуздук кеңешинин сынына калып, өз арызы менен отставкага кетти. Учурда коррупция жана фармкомпаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча сурак берип жатат.

“Коопсуздук кеңеши эки жетекчини (ред. мурунку вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова жана экс-министр Космосбек Чолпонбаев) бошоткондо эле айткан элем, бул медиктердин духуна чоң сокку болду.  Анткени алар барынын башын бириктирип, жаңыдан иштей башташкан эле. Азыркыдай оор кырдаалда адистик эмес, лидерлик маанилүү. Азыр министрликте лидер жок болуп жатат. Министрлик жетим баладай болуп, каалаганы токмоктоп, уруша бергидей болуп калды. Демотивация болуп жатат”, - деди эксперт Бурул Макенбаева.

Абдыкаримов 2010-2011-жылы Убактылуу өкмөт курамында Саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн башкы санврачы кызматын аркалаган. Саламаттыкты сактоо тармагында дээрлик 40 жыл иштеген дасыккан адис, тажрыйбалуу жетекчи катары таанымал, бирок соңку айларда ага карата коомдук пикир бир беткей болгон жок.

Брифингдерде апрель айына тийиштүү календардык даталардан адашып, кийин “көрсө, биздин ооруканаларда шарт жок экен” деп сөзүнөн жаңылып, далай сын-пикирлерге кабылды.

Оору туу чокусуна жетти делген маалда алдыңкы тилкеде болбой калганы да элдин нааразылыгын жаратты.

“ Бизде Саламаттыкты сактоо министрлигине эмнегедир врачтарды дайындашат. Албетте, врачтар бир багытты терең билген адистер, бирок бул министрликке врач эле эмес, мыкты менеджер, системаны башкарып кете турган адам керек. Биз советтер союузнуна калган колхозду колхозчу, медицинаны врач башкарат деген принципти карманып келебиз. Албетте, бардык эле врач башкаруучу болбойт да, бул жерде лидерлик сапат маанилүү. Президент ким министр болот десе кол көтөрүп шайлап койгондуктан, компетенттик квалификациясы аябай төмөн кишилер министрлик жана агенттиктерди башкарган үчүн ушундай абал болуп атат. Саясий бийликтин дизайны туура эмес болгондуктан, чоң жоготуларга учурап жатабыз”,-дейт саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.

Ошол эле убакта министрди алмаштыруудан эчтеке өзгөрбөйт, саламаттык тармагын толук реформалоо керек деген чакырыктар жүрүүдө.

“Реформа тууралуу айтсак Грузияны алалы, ал жакта пандемиядан өлүм-житим аз болду. Алар ооруканалардын бардыгын жеке менчик кылышкан. Бизде кандай? Улуттук хирургиялык борборду эле алалы. Чоң Улуттук борборду бир үй-бүлө менчиктештирип алган. Ошол эле убакта бюджеттен да акча алышат. Андан көрө аны менчикке өткөрүү жакшы болмок. Бирок жеке менчик оорукана дегенден коркпош керек. Ар бир адамга мамлекет кепилдик берип, кайсы ооруканага барбаса дагы, камсыздандырылышы керек. Дүйнөлүк практика ошондой. Бизде кандай, салык төлөйбүз, бирок камсыздандырууга акча жок”, - дейт коомдук ишмер Рита Карасартова.

Ашууда ат алмаштырбайт дешет, бирок коронавирустун жайылышы ооздукталса, өз убагында медициналык жардам ала албай, жакындары каза тапкандар күнөөлүүлөрдү издеп башташы талашсыз. Эпидемияга чабал даярдык үчүн өкмөт кайсы аткаминерди садага чабары азырынча белгисиз. EKa