Шайлоо: технология тез өнүктү, эми кезек шайлоочуда

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Анда беш миңден ашуун мандат үчүн он миңден ашуун талапкер ат салышат. Бул жолку шайлоо буга чейинкилерден эмнеси менен айырмаланат?

Дагы бир маанилүү жагдай - бул жолку шайлоо бийликтин бийик сересиндегилер шайлоого мурдагыдай таасир этпейт, бир да партияны, тигил же бул талапкерди сүрөбөйт деп эскерткен учурда өтүп жатат.

Бул Кыргызстанда административдик аймактык реформа башталгандан кийинки алгачкы жолуп өтүп жаткан шайлоо өнөктүгү.

Учурда 33 шаардык жана 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлап алуу үчүн даярдык жүрүп, үгүт иши кызып турган чак. Өнөктүк мөөнөтүнөн мурда дайындалды десе дагы болот.

“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо келе жаткан жылы болмок. Бирок аймактык административдик реформадан кийин айылдык аймактардын, шаарлардын чек арасы өзгөрдү. Мыйзамга ылайык, бул кеңешти таркатканга негиз болот”,- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Би-Би-Сиге.

Талапкерлердин активдүүлүгү төмөндөп кетти

Эламан 2016-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тоң-Таш айылынан жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланган. Андан көп өтпөй айыл өкмөтү болуп иштеген. Ошондон улам бул тармактын ишин жакшы билгендердин бири.

Айтымында, башка шайлоолордон айырмаланып бул жолу шайлоочулардын эле эмес, талапкерлердин дагы активдүүлүгү төмөндөп кетти.

Анын бирден бир себеби тиешелүү мыйзамдарга өзгөрүү киргенден кийин депутаттардын бир топ ыйгарым укуктары чектелип калганында деди.

“Анын үстүнө ирилештирүүдөн кийин чек аралар жылып, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын салмагы деле анчейин болбой калган өңдүү. Мурда айыл өкмөттү айылдык кеңештин депутаттары шайлачу. Отчётторун угуп аны кызматында калтыруу же кетирүү маселелерин депутаттар карачу. Азыр андай эмес, айыл өкмөттөрдү аким дайындайт жана кызматтан бошотот. Депутаттар айыл өкмөткө ишеним көрсөтпөгөн учурда дагы акимдин чечими жок аны иштен ала алышпайт”,- деди Эламан Үсөнов.

Ошондой эле ал ирилештирүүнүн жыйынтыгына жараша мандаттардын дагы саны кыскарып кеткенин кошумчалады.

“Мурун биздин айыл аймакка алты мандат берилсе, ага жыйырмадай киши талапкер болчу. Реформадан кийин биздин айылдык аймакка үч мандат берилип, 4-5 киши ат салышууда. Угушума караганда, айрым айылдардан бир да талапкер чыкпай калган учурлар дагы бар экен”,- деп кошумчалады Эламан Үсөнов.

Узарбек Жылкыбаев буга чейинки чакырылыштар төрт жылдык мөөнөт менен келсе, бул жолу депутаттар беш жылга шайлана турганын кошумчалады.

Андан тышкары айрым шайлоочулардын добуш берүүсүнө шарт түзүү, шайлоого мамилесин жакшыртуу үчүн аралыктан добуш берүү ыкмасы ишке кирип жатканын айтты.

“Бул ички мигранттар же шайлоо күнү өз округунда болбой калчу шайлоочулар үчүн түзүлүп жаткан шарт. Добуш берүүнүн мындай ыкмасын колдонуу үчүн 9 миң 50 шайлоочу арыз менен кайрылды. Эми алар добуш берүү үчүн каттоодо турган аймакка барып убара болбойт. Маселен, убактылуу Бишкекте жүргөн болсо ушул жактан эле өз аймагындагы талапкерлердин бирине добуш бере алат”,- деди Жылкыбаев.

Быйылкы шайлоодо бюллетендер мурдагыдай алдын ала басмаканадан эмес, шайлоочу добуш берүүгө кирип, тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң дароо ошол жерден басылып чыгат.

“Мурун шайлоочулардын саны канча болсо ошончо бюллетень басылып чыкчу. Аны шайлоого чейин милициянын жардамы менен кайтарчубуз. Ошого эле бир топ каражат кетчү. Азыр заманбап принтердин жардамы менен жеринде басып чыгарууга мүмкүндүк алдык. Шайлоочу келип биометрикалык аныктоодон өтөт. Андан соң дароо бюллетень басылып чыгат”,- деди Жылкыбаев.

Бул ыкма кагазды, басмакананын чыгымдарын гана кыскартпастан шайлоонун тактыгына, бюллетенге байланышкан ар кандай күмөн саноолорду жокко чыгырат деп күткөндөр арбын. Соңку бир нече шайлоонун жыйынтыгы барган сайын элдин шайлоого катышуу көрсөткүчү төмөндөп бара жатканын айгинелегендей.

Айрым активисттер бул багытта чет мамлекеттин тажрыйбасын колдонуп, добуш берүүгө барбагандар үчүн айып пул салууну сунуштап чыккан эле.

Бирок мындай ыкма Кыргызстан үчүн туура келбей турганын айтып, тескерисинче шыктандыруучу жолдорду карап чыгыш керек дегендер дагы бар.

Мүмкүнчүлүктөр толук колдонулбай жатат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков Би-Би-Сиге буга чейин берген жообунда, шайлоочулардын шайлоо жараянына кайдыгер мамилесин саясатчыларга болгон ишенимдин аздыгы деп сыпаттаган.

“Эл кайра-кайра шайлоодон тажап бүттү. Шайлоонун пайдасы жок экен деп калды. Соңку эле парламенттик шайлоону алсак шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгы добуш берген жок. Бул ишеним жок дегенден кабар берет. Муну саясий кризис деп атаса болот”,- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү.

Коомдук ишмер Акылбек Сариев дагы элдин шайлоого катышуусунун төмөндөп кетүүсүн ишенимдин аздыгы менен байланыштырды.

Айтымында, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мыйзамда жазылган мүмкүнчүлүктөрү жана ролу жогору.

“Бирок маселе аны кандай пайдаланып ишке ашырып жатканында. Мүмкүнчүлүктөр толук колдонулбай жатат. Анын себептери көп. Ачыкка чыкпаган себептери дагы бар. Чынын айтканда борбордук башкаруу жүрүп жатканы баарыбызга көрүнүп турат. Аймактык кеңештин депутаттары ошого жараша иш алып барууда”,- деди ал.

Шайлоо өлкөнүн саясий келечегин аныктаган маанилүү процесстердин бири. Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 4 миллион 115 миң шайлоочу бар.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 2400гө жакын тилке ачылып, 470 млн сомдон ашуун каражат кете турганын БШК буга чейин маалымдаган.

Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо шаарларда пропорцианалдык, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо можаритардык система менен өтөт.

Мажоритардык – бир мандаттуу шайлоо округу. Ал шайлоо округунан кайсыл талапкер көп добуш топтой алса, ошол мандатка ээ болот.

Кийин кайсыл бир себептен улам мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берсе, анын ордуна шайлоодо экинчи орунга чыккан талапкер депутат болуп келет.

Бирок аял киши кеткен болсо, алган добушуна карабастан анын ордуна аял келет.

Пропорционалдык шайлоо системасында – талапкер партиялар аркылуу ат салышат. Шайлоочу каалаган партиясын, анын ичинен өзүнө жаккан талапкерин тандайт.

Эгер кайсы бир депутат мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырган болсо тизме боюнча андан кийинки турган киши депутат болуп калат.