"Акыркы эскертүү". Трамп ХАМАСка талап койду

ХАМАС согушкери жана Кызыл чырым уюмунун кызматкери. Рафахта туткундарды бошотуу учуру, 22-февраль

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ХАМАС согушкери жана Кызыл чырым уюмунун кызматкери. Рафахта туткундарды бошотуу учуру, 22-февраль
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп ХАМАС тобуна кайрылып, Газа секторунда кармалып турган туткундардын баарын тез арада бошоткула жана ошондой эле анклавдын аймагынан чыгып кеткиле деп талап койду. Ак үй ошол эле учурда туткундарды бошотуу боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастады.

"Баардык туткундарды азыр бошоткула, кийин эмес жана силер колдуу болуп өлгөн кишилердин баарынын сөөктөрүн кайтарып бергиле. Муну аткарбай турган болсоңор анда ишиңер бүттү дей бергиле. […] Мен айтканды аткармайын ХАМАСтын бир дагы мүчөсү коопсуз жүрө албайт, ошондуктан мен айтканды жасагыла", - деп жазды ал өзүнүн Truth Social баракчасына.

"Бул силерге деген соңку эскертүүм! Жетечилик [ХАМАС], Газадан чыгып кеткенге азыр эң эле ынгайлуу учур, азырынча шансыңар бар. Ошондой эле Газанын калкына дагы кайрылам: силерди укмуштуудай келечек күтүп турат, бирок бул иш силер туткундарды бошоткон шартта гана жүзөгө ашат. Эгер силер муну аткарбай турган болсоңор анда өлүм күтөт",- деп кошумчалады ал.

Трамп ХАМАСты биринчи эле жолу коркутуп жаткан жери жок. Февралдын башында ХАМАС туткундарды бошотууну токтотуп коё тургандыгын айтып чыкканда, Трамп да аларга жооп кайтарып, "эгерде андай кыла турган болсоңор силерди чыныгы тозок күтөт" деп билдирген.

ХАМАС коркутуп-үркүтүүдөн эч кандай пайда чыкпайт, ал кырдаалды ого бетер оорлотот деп жооп кайтарган болчу.

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

5-март күнү Ак үй АКШ ХАМАС менен туткундар боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын тастыктаган. Вашингтон аталган топтун жоочулары менен түзмө-түз сүйлөшүү жүргүзүүдөн оолак болуп келген эле. Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт сүйлөшүүлөр башталаар алдында Израил менен атайын консультация өткөрүлгөнүн билдирди.

Би-Би-Синин булактары билдирген маалыматка караганда, АКШ менен ХАМАСтын ортосунда эки жолу жолугушуу өткөрүлдү.

Би-Би-Синин кабарчысы Пол Адамс белгилегендей, азыркы байланыштарды адаттан тышкары деп айтууга болот, бирок болуп көрбөгөндөй деп атоого болбойт.

Би-Би-Си алган маалыматтар боюнча, өткөн жылдын апрель айында Байдендин администрациясынын өкүлдөрү дагы америкалык туткундардын маселесин талкулоо үчүн дагы бир жолугушуу өткөрүшкөн эле.

Израил Газада мурункудай эле 59 туткун кармалып жатканын, алардын ичинен 25ке жетпеген киши тирүү экенин билдирди. Туткунга алынгандардын арасында АКШнын бир нече жараны дагы бар.

Вашингтондун өкүлдөрүнүн ХАМАС менен сүйлөшүүсү тууралуу эң биринчи Axios басылмасы маалымат берген. Басылманын жазгандарына караганда, тараптар Катарда жолугушуп, туткундардын тагдыры, ошондой эле согушту токтотуу боюнча чоң келишим тууралуу сүйлөшүшкөн.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ошол сүйлөшүүлөр боюнча "өз позициясын билдиргенин" кабарлап, бирок андан башка маалымат айткан эмес.

Трамптын Газа боюнча "планы"

Трамп Газаны толук бошотуп, гүлдөгөн аймакка айлантуу боюнча демилгесин жарыялаган. Ал демилгесин бир топ мамлекттер кескин сын менен кабыл алды. Февраль айынын орто ченинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамптын палестиналыктарды Газа секторунан чыгаруу сунушун чечкиндүүлүк катары сыпаттап, бул планды ишке ашыруунун үстүндө иштей турганын билдирген эле.

Трамп Газа тилкесин көзөмөлгө алуу, анклавды "Жакынкы Чыгыш Ривьерасына" айландыруу жана палестиналыктарды башка аймактарга көчүрүү сунушу менен дүйнөнү нес кылган.

Бул арада Трамптын радикалдуу идеясын араб өлкөлөрү, анын ичинде АКШнын союздаштары Иордания, Египет жана Сауд Арабиясы четке каккан. Алардын баары мындай билдирүү ансыз да морт болуп турган элдешүү келишимин үзгүлтүккө учуратып, Жакынкы Чыгышта туруксуздук күчөшү мүмкүн экенин эскертишкен.