Израиль Газаны бөлгөн коридордон аскерлерин чыгарып кетти. Палестиналыктар кайтып келүүдө

Сүрөттүн булагы, Reuters
Израил аскерлери Нецарим коридорунан чыгып кетишти. Бул тилке Газанын аймагын экиге бөлүп турат. Ошентип Израил тарап ХАМАС менен тынчтык боюнча макулдашуунун бир шартын аткарышты. Аскерлерди чыгарып кеткен соң жүздөгөн палестиналык жөө-жалаңдап же унаалары менен Газанын түндүк тарабын көздөй кайтып барууну улантышууда.
Газа секторунун түндүк райондорундагы 700 миңге жакын жай тургун Цахал 2023-жылдын 7-октябрындагы чабуулдарга жооп кайтарып, кургактыктагы операциясын баштаган соң түштүктү көздөй качууга аргасыз болушкан эле. Ошол мезгилде израилдик аскер күчтөрү палестиналыктарды массалык түрдө эвакуациялоо боюнча жарлык чыгарышкан эле.
Андан соң Израилдин операциялары андан ары карай түштүк багытында улана баштаган чакта ал качкындар кайрадан жер которууга аргасыз болушкан эле.
Анклавга карай артка кетчү жол дал ушул Нецарим коридорунан израилдик аскерлер тарабынан бөгөттөлгөн. Алар Газанын Израилден Жер Ортолук деңизине чейинки аралыгында кеңдиги 6 километрге жеткен чөлкөмдү жаап турушкан.
Январь айында израилдик аскерлердин бир бөлүгү коридордун батыш бөлүгүнөн чыгып кете башташкан жана деңиз бойлой Рашид көчөсү аркылуу палестиналыктардын түндүк тарапка кайрылып келишине уруксат беришкен.
Бул маршрут аркылуу жөө-жалаңдап гана жүрүүгө мүмкүн. Унаа айдагандар болсо анклавдын борборундагы Салах-эд-Дин көчөсү аркылуу айдап, америкалык жана египеттик жеке менчик күзөт компаниялар кайтарган пункттардан курал-жарактын жокутугу боюнча текшерүүдөн өтүүлөрү керек.

"Израилдик аскерлер өз позицияларын жана аскердик постторун демонтаж кылып, танкаларын толугу менен Нецпарим коридорунан Салах-эд-дин жолу аркылуу чыгарып кетишти. Жолдо өтүп бараткан эки тилкедеги унааларга дагы эч кандай жолтоо болгон жок",- деп билдирди жекшемби күнү кечинде ХАМАСтын расмий өкүлү Al Jazeera телеканалына курган маегинде.
Израилдин Коргонуу армиясы коридордун чыгыш тарабынан аскерлерин чыгарып кеткени тууралуу комментарий берген жок. Аскерлерди чыгарып кетүүнүн жыйынтыгында Израил Газаны экиге бөлө турган жолду эмес, чек арасын көзөмөлдөп калат.
Haaretz гезити Газанын ХАМАСтын башкаруусундагы ички иштер министрлиги "кылдат болууга жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ары-бери жүрүүнүн эрежелерин так сактоого" чакырганын жазды.
Al Jazeera телеканалы Газанын жарандык коргонуу башкармалыгына шилтеме берип, Газа шаарынын түштүк-чыгышындагы Зейтун кварталында үч палестиналык израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлгөнүн жазды.
"Биз чыгыш райондоруна жана Израилдин чек арасына жакын аймактардагы аскердик обьекттерге жакындабоого, компетенттүү органдардын көрсөтмөлөрүн сактоого чакырабыз",- дешти мекеменин өкүлдөрү.































