Газа: согуштун азабын балдар тартууда

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Люси Уильямсон, Би-Би-Си, Иерусалим

Балдар, карылар, улгайган адамдар бул согуштун азабына малынды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдар, карылар, улгайган адамдар бул согуштун азабына малынды

Израил аскерлери өлтүргөн палестиналыктардын саны 40 миңден ашканын Газадагы саламаттыкты сактоо расмийлери кабарлады.

Атайын баяндамада 2023-жылдын октябрынан бери карай 92 миңден ашуун адам жаракат алганы айтылат. Каза тапкандарын арасында канчасы согушкер болгону тууралуу министрлик маалымат берген жок.

Ал арада Газада ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча Дохада сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул окуя Тегеранда Хамастын лидери Исмаил Хания өлтүрүлгөнүнө байланыштуу сүйлөшүүлөр токтоп, аймакта чыңалуу күчөгөн учурга туш келип жатат. Аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өткөн айда Катарда өткөн. Ирандын жогорку даражадагы расмийлери Газада ок атышуу токтосо гана Ханиянын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Тегеран Израилден өч албайт деп билдирди.

Израил менен Кошмо штаттары экөө тең сүйлөшүүлөргө өз кеңешчилерин жөнөтүүдө. Бирок Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Дохадагы сүйлөшүүлөргө түз катышпайт.

Өткөн жылдын октябрынан бери карай бул аймакта согуштун оту өчпөй келе жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн жылдын октябрынан бери карай бул аймакта согуштун оту өчпөй келе жатат

Би-Би-Синин атайын баяндамасы:

Газада тирүүлөр эмес, өлгөндөр гана тынчтык тапкандай.

Фарас жана анын беш бир тууганы жакында эле Хан Юнисте атасын жерге беришти. Атасы Мажид Бакару жарадарларга жардам берүү үчүн барып, Израилдин артиллериялык соккусунан набыт болгонун айтышты.

"Биз жөн эле отурганбыз, атам биз менен ойноп жаткан. Биринчи сокку болгондо ал адамдарды куткарууга барган. Экинчи соккуда өзү каза тапты",- деп ыйлады Мажиддин уулдарынын бири.

Бирок ок атышууну токтотуу аракеттерине Ливандагы "Хезболла" менен Израилдин ортосундагы жаңжалдын күчөшү түрткү болуп, ХАМАС жана Хезболланын башкы лидерлеринин өлтүрүлүшү үчүн Ирандын өч алуу коркунучу себеп болууда.

Жер менен жексен кылган согуш

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жер менен жексен кылган согуш
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Газада ок атышпоого жетишүү аймактагы чоң согуштун алдын алмак.

"Келишим Ливанда абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга жардам бермек жана чоң согуштун алдын алмак. Биз дипломатиялык аракеттер жана чечимдер үчүн ушул убакыттан пайдаланышыбыз керек. Азыр убакыт аз",- деди Амос Хохштейн.

Акыркы ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдөн бери келишимдин мааниси өстү, бирок тоскоолдуктар да көбөйдү. Биньямин Нетаньяху туура эмес келишим Израилдин коопсуздугуна залалын тийгизет дейт. Нетаньяхуну сындагандар бул анын башкаруучу коалициясына да зыян келтирерин жана Нетаньяху өзүн коргоп жатканын айтышат.

Израилдин премьер-министри аскерлердин Газанын түштүк чек арасын көзөмөлдөшүн жана түндүккө кайтып барган куралсыз жарандарды тыкыр текшеришин каалайт.

Ал эми ХАМАС булар жаңы талаптар экенин айтып, сүйлөшүү убактысы бүттү дейт.

Израилдик барымтадагылар, палестиналык туткундар жана согушту кайра баштоонун шарттары боюнча да талаш-тартыштар бар.

Мурда сүйлөшүүлөргө катышкан Израилдин өкүлү бул келишимди сырттан сүрөп жатышканын айтат.

"Ортомчулар болгон АКШ, Египет жана Катар абалды өзгөртүү керек деп чечишти окшойт. Алар ультиматум коюп, сүйлөшүү боюнча сунушту ортого салып, ХАМАС менен Израилге аны кабыл алышыңар керек дегени жатышат. Мында ортомчулар ал келишимди тараптарга караганда көбүрөөк каалап жатканы көрүнүп турат жана бул көйгөйдүн чоң бөлүгү",- дейт израилдик мурдагы ортомчу Жершон Баскин.

Бул сүйлөшүүлөр келишим түзүүгө акыркы мүмкүнчүлүк катары каралууда.

Ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдүн запкысын биринчи кезекте барымтадагылар, жалпы аймак жана Фарас сыяктуу өспүрүмдөр тартышат.

Ал эми ийгиликтүү сүйлөшүүлөр Израил менен ХАМАС лидерлери саясий тагдырын тобокелге салабы же жокпу, ушундан көз каранды.

Ошентип Жакынкы Чыгыш жалындаган отту кечеби же жарашуунун тили табылабы деп дүйнө карап турган чагы.