Беш айда беш министр кызматынан кетти
Кыргызстанда төрт министр бир эле убакта кызматынан алынды. Алардын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган жетекчилерди Жогорку Кеңеш карап бекитүүгө тийиш. Бир эмес, бир нече министрдин бир учурда кызматтан алынышы өлкөдө ансыз деле Баткен областында Тажикстандын куралдуу кол салуусунан чек арадагы айылдар чабылып-чачылып, анын алдын албагандыгы үчүн бийликке катуу сын айтылып жаткан убакытка туура келди.

Президенттин жарлыгы менен энергетика, транспорт, маданият жана билим берүү министрлери кызматын алынды. Экс-билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев ири суммадага пара алууга шектелип кармалып кетти. Ал эми энергетиканын мурдакы министри Доскул Бекмурзаевге коррупция боюнча кылмыш иштери козголгон.
Транспорт жана коммуникациялар боюнча экс-министри Осоев Эркинбек жана маданият тармагынын экс-министри Азамат Жаманкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду.
Июнда президент көпкө чейин канатына калкалап келген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалып, кызматынан кеткен.
Ошондо беш айда беш министр кызматынан кетип жатат.

Энергетикага Таалайбек Ибраев, транспортко - Тилек Текебаев, маданиятка - Алтынбек Максутов, билим берүүгө - Уланбек Мамбетакунов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Алтынбек Максутов министр кызматына экинчи жолу дайындалып жатат. Ал 2014-2016-жылдары бул тармакты башкарган. Актер, режиссер. Кыргызстандын эл артисти.
Билим берүүгө келген Уланбек Мамбетакунов буга чейин министрдин орун басары болуп иштеди. Ага чейин Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президенти болгон. Педагогика илимдеринин доктору, профессор.
Таалайбек Ибраев мурда министрдин орун басары болду, ал эми Тилек Текебаев жөнүндө ачык булактарда жарытылуу маалымат жок.
Формалдуу маселе

Сүрөттүн булагы, Kenesh.kg
Жогорку Кеңеш жаңы министрлерди бекитүүгө эртең добуш берет. Бул көбүнчө формалдуу маселе. Парламент макул болсо да, болбосо да министрлер бекийт. Мыйзамда анчалык бөгөт коюлган эмес.
Ошол эле убакта "Министрлер Кабинети жөнүндөгү" мыйзамда министр кызматына мамлекеттик кызматта он жыл иштеген, анын ичинде беш жыл жетекчи кызматта иштеген адамдар гана келе алат деп жазылган. Бул талап аткарылып жатабы деп депутаттардын айрымдарына суроо салганыбызда, аны караган киши жок деген жооп болду.
Чабылган айылдар, чаташкан саясат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бир эмес, бир нече министрдин кызматтан алынышы өлкөдө ансыз деле Баткен областында Тажикстандын куралдуу кол салуусунан чек арадагы айылдар чабылып-чачылып, анын алдын албагандыгы үчүн бийликке катуу сын айтылып жаткан убакытка туура келди.
Ошондой эле "Кумтөр" алтын кени Кыргызстандын менчигине өткөн менен бир жыл ичинде өндүрүлгөн алтындын каякка сатылганы жөнүндө маалыматтар чаташып, Жогорку Кеңеш менен коомдук комиссия бул ишти иликтеп баштаганы, Садыр Жапаровдун бийлиги жаманатты болууда.
Жогорку Кеңеште 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү.
Ал өкмөт мүчөлөрү аралашкан иштерге, «Кумтөргө» байланыштуу окуяларга Акылбек Жапаров да жоопкерчилик тартышы керектигин же отставкага кетишин талап кылды.
Кыргызстанда буга чейинки президенттер өкмөт башчысын садага чаап, өздөрү жоопкерчиликтен четте туруп келишкен. Ал эми жаңы Конституция боюнча президент аткаруу бийлигин бүтүндөй өзү башкарат, ошондуктан анын жеке жоопкерчилиги да каралышы керек эле дейт эксперттер.
"Президенттин жоопкерчилиги каралган эмес. Себеби, Конституцияда жоопкерчилик жөнүндө так эч нерсе жок. Ошондуктан конституциялык мыйзамда жоопкерчилик каралган жок. Бюджетти Жогорку Кеңеш кабыл албаса, анда президент Министрлер Кабинетинин төрагасын жумуштан кетириши мүмкүн",-деген Би-Би-Сиге ЖК депутаты Дастан Бекешов.

Сүрөттүн булагы, President.kg
Башкаруудагы кризиспи?
Коомдук-саясий кырдаалга такай байкоо салып, баасын берип келаткан эксперттердин бири Алмаз Акматалиев жаңырган министрлер менен артка кылчактабай реформаларды уланта берүү керек деп жазды.
"Негизи, министрликтен кеткенди трагедия кылбаганга көнүшүбүз керек... Менимче, кеткен төрт министр тең аракет кылып, иштешти. Каталары да болгондур. Ийгиликтери да, туура демилгелери да болгондур, аны тарых өзү эле тастыктап коет, буюрса... Негизгиси эмнеде? Туура реформалар уланыш керек. Каталар кайталанбаш керек. Өткөн-кеткенден тыянак чыгарып, алдыга жыла беришибиз абзел.... ".
Бул жерде трагедия кимдир бирөөнүн министр кызматынан кетип жатканында эмес, жарым жылга жетпеген убакыт ичинде беш министр алмашып жатканында.
Бул азыркы бийликтин кадр саясатындагы же башкаруудагы кризистин белгилери эмеспи деген суроо турат?
Тармактык жетекчилердин тез-тез алмашуусу программалардын ыраатын жана темпин бузуп, өкмөткө элдин ишенимин азайтары айтпаса да түшүнүктүү.
"Президенттер эч кимге жооп бербейт"
Кыргызстанда бийлик кайра-кайра күч менен алмашып жатканынын бир себеби катары президенттин эч кимдин алдында жооп бербегендиги, аны мыйзамдуу түрдө кызматтан кетирүү баш мыйзам боюнча мүмкүн болбой келгендиги көп айтылып келди.
"Отуз жылдын ичинде үчүнчү жолу президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө аргасыз кылды. Эмне үчүн? Биринчи, баш мыйзамда эл мүдөөсүн аткарбаган президентти кызматтан четтетүү мүмкүн болбогон үчүн эл аргасыздан ушундай ишке барды. Эгер баш мыйзамда элдин талабына жооп бербеген президентти мыйзамдуу жол менен чегинтүүгө мүмкүнчүлүк болсо, эл мынчалыкка барбайт эле. Экинчиден, президенттер канча мөөнөт бийлик жүргүзсө дагы эч кимге жооп бербейт. Капчыгын толтурат, адилетсиздикти жайылтат, коррупцияны өстүрөт”,-дейт мурдакы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов. (KC)
































