Тоо-кен тармагындагы тобокел иштер
Кубат Чекиров, Би-Би-Си Бишкек

Сүрөттүн булагы, president.kg
Президент Садыр Жапаров дүйшөмбүдө мындан үч жыл мурда кытай инвесторун жергиликтүү эл кууп жиберген Солтон-Сары алтын кенине барды. Бул Нарын областындагы эң чоң алтын кени. Бул аймактагы тоо кендерин иштетүүгө инвестициялык саясаттын келечеги ушул кендеги кырдаалдын кандай чечилгенине жараша болот.
"Мамлекет башчысы инвестор өз убагында тиешелүү инфраструктураны куруп баштап, бирок 2019-жылы жергиликтүү тургундар тараптан нааразылыктан соң бардык ишмердүүлүгүн токтоткон Бучук тилкесин карап чыкты.
Бул тилкедеги чалгындалган алтындын кору 12 тоннаны түзөт, ошону менен бирге геологдордун божомолдору боюнча баалуу металлдын запасы дагы 22 тоннаны түзүшү мүмкүн.
Садыр Жапаров бул ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады",-деп кабарлады президенттин расмий сайты.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Кытай компаниясы Jhong ji Mining Солтон-Сары алтын кенинин "Бучук" участкасын чалгындап чыгып, ал жакка жол салып, электр кубатын жеткирип, 2021-жылы кен казуу иштерин баштоого камданып жаткан эле. Бирок 2019-жылы августта жергиликтүү эл көтөрүлүп, уу заттарды иштеткендиктен, жайыттагы мал кырылып жатат деп айыптап, кытайлык жумушчулар менен кагылышып, аларды кууп жиберген. Ошондон кийин өкмөт компаниянын ишин убактылуу токтоткон.
Ошол учурдагы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов малдын өлүмү, суунун жана жердин ууланышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн, кен аймагындагы жерден жана суунун курамынан эч кандай уу зат табылбаганын айткан. Жергиликтүү элдин ичинде өкмөттүн мындай билдирүүсү көп нааразылык жараткан.

Андан бери өткөн үч жыл ичинде жергиликтүү элдин ичиндеги каршылык маанай өзгөргөн жок.
"Эки миңден ашык адамдын колу турат, каршыбыз, иштебесин деген. Видео кайрылуу бар",-деди Солтон-Сарыдагы иштерге башынан аралашып келаткан активист Чомураев Турдубек.
Солтон-Сары алтын кени президенттин көзөмөлүндө турган орчундуу экономикалык маселелердин бири.
Турдубектин айтымында, Садыр Жапаров ушул жылдын 16-мартында жергиликтүү депутаттар менен активисттерди чакырып алып, Солтон-Сары алтын кениндеги кырдаалды сүйлөшкөн экен.
"Эгер күчкө салып берип койсоңор, 2019-жылдагыдай окуя кайталанып бериши мүмкүн деп айттым президентке. Инвесторлор биздин мыйзамды сыйлабайт экен. Ошонун негизинде чыр чыкты деп айтканбыз. Эл каршы болсо, анда иштетпей жаап коебуз, маселе эмес деген болчу",-деди президенттеги ошол жолугушууга катышкан активист.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тоо-кен тармагын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар көптөн бери келаткан маселе. Бул тармакта иштеп жаткан чет элдик компанияларга жергиликтүү деңгээлдеги каршылыктар көптөн бери токтобой жатканы белгилүү.
Чаткалдагы Терек-Сай жана Нарындагы Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан компанияларга каршылык жыйындар бул тармактагы чыр-чатактардын эң соңкулары.
Андан мурда Кадамжайда жергиликтүү эл Шамбесай кенин, Тогуз-Торо районунун тургундары Макмал алтын кенин, Ала-Букада Иштамбердидеги алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышкан.
Кыргызстанга ири инвесторлор негизинен тоо-кен тармагына келип жатат. Анын ичинде кытай компаниялары активдүү. Кыргыз өкмөтү Иштамберди, Талды-Булак, Бозумчак, Кара-Казык алтын кендери продукция берип баштайт деп билдирип келатканына көп жыл болду.
Ошондой эле Жерүй, Тереккан алтын кендерине, Терек алтын-сурма кенине конкурстар ийгиликтүү болуп, инвесторлор келген. Бирок кен чыккан аймактарда жергиликтүү эл менен чечилбеген чыр-чатактардын айынан тоо кендерин иштетүү анчалык натыйжалуу болбой жатат.
Тоо-кен тармагындагы кырдаал үч жыл мурда Коопсуздук кеңешинде өзүнчө каралып, мамлекеттик органдардын лицензия берүү системасын тамырлаган коррупция, экологиялык зыян, жергиликтүү калктын инвесторлорго каршылыгы биринчи кезекте чечүүнү талап кылган маселе болуп каралган.
Соңку убакта тоо кендерин инвестор чакырып иштетүүдө жергиликтүү элдин кызыкчылыгын көбүрөөк эске алган мыйзамдык өзгөрүүлөр каралып жатканы кабарланган, бирок жакшы талкууга коюла элек. (КС)



































