Ашраф Гани: “Башкача бүтүрө албаганым үчүн кечирим сурайм”

Ашраф Гани

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ашраф Гани Кабулдан чыгып кетүүгө коопсуздук кызматы тарабынан мажбурланганын өткөн айда Facebook аркылуу айткан
Published

Афганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып, Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) баш калка алгандан кийин ооган элинен кечирим сурады.

“Кабулдан чыгып кетүү жашоомдогу эң оор чечим болуп калды”, - деп, Гани “башкача бүтүрө албаганы” үчүн кечирим сурады.

Талибан согушкерлери 15-августта борбор шаарга бастырып киргенде Гани заматта Афганистандан чыгып кеткен.

Ал өз элин таштап кетүү ниети болбогонун, бирок “бул жападан жалгыз жол болгонун” билдирди.

Ошондой эле, ал БАЭге $169 млн алып чыгып кетти деген “негизсиз” айыптоолорду да четке каккан.

Шаршемби күнү Twitter платформасына чыккан билдирүүсүндө, Гани чоң жаңжал чыгып кетпеши үчүн өлкөдөн чыгып кетүүдөн башка аргасы калбаганын айткан.

“Мен президенттик сарайдын коопсуздук кызматынын талабы менен чыгып кеттим. Алар кала турган болсом, 1990-жылдардагы жарандык согуш маалындагыдай шаарда көчө кагылыштары болуп кетерин айтышты”, - деп жазган. Ал “Кабул менен анын алты миллион калкын куткаруу” үчүн кеткенин кошумчалады.

Анын айтымында, ал өзүнүн 20 жылын Афганистандын “демократиялык, өнүккөн жана көз карандысыз өлкө” болушуна көмөк көрсөтүүгө арнаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Менин дагы башкаруум, менден мурдагы президенттердикиндей болуп бүткөнүн терең кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп кошумчалады Гани.

72 жаштагы мурдагы президент Гани өлкөдөн чыгып кеткени үчүн башка афган саясатчыларынын катуу сынына кабылган. Ал “өлкөдөн чыгып кетүүгө түрткөн жагдайлар” боюнча жакынкы аралыкта маалымат берерин да айтты.

18-августта Facebook сайтындагы билдирүүсүндө Гани “колго түшүрүлүп, өлтүрүп коюу ыктымалдыгы өтө жогору” болгондуктан, өзүнүн коопсуздук кызматтары тарабынан Афганистандан чыгып кетүүгө “мажбур” кылынганын айткан.

Анын айтымында, Талибан Кабулдагы президенттик сарайга кирер замат “ар бир бөлмөгө кирип, аны издей башташкан”.

Ири суммадагы акча менен чыгып кеткени жөнүндөгү маалыматтарды четке каккан Гани, “ал тургай бут кийимин алмаштырганга уруксат берилбегенин” айткан.

Август айынын ортосунда Афганистандын бийлигин басып алган Талибан, бул аптанын башында убактылуу жаңы өкмөт курамын түзгөнүн жарыялаган. Жаңы өкмөткө жалаң эркек кишилер кирген.

Шаршемби күнү Кабулда жана Афганистандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан облусунда ондогон аялдар жаңы министрлер кабинетине каршы чыгышып, аялдар кошулбаган өкмөттү кабыл албасын айтышкан. (EA)