Мурдагы аткаминерлер, жаш лидерлер: партиялар тизме тактоодо

Published

Бүгүн парламенттик шайлоого партиялардын талапкерлерди жылдыруу мөөнөтү аяктады. Шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын жарымы гана курултай өткөрүп, талапкерлер тизмесин ачыкташты. 

Партиялык тизме парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн бүйүр кызыткан, ызы-чуулуу,  эң талуу жери. Шайлоого чейин тизмедеги алдыңкы орундар кимге тиери кызык болсо, шайлоодон кийин мандаттарды бөлүштүрүү дайым чыр менен коштолот.

Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү дээрлик бардык партиялар жаштарды жана жарандык активисттерди  алдыга жылдырып жатат.  

“Маселе тизменин алды-артында жайгашууда эмес, жашы-кары дебей ар бирөөнө шайлоодо добуш топтоого конкреттүү участок бөлүнүп берилет.  Эгер ошол жерден көп добуш топтой алсаң, алдыңкы орунда кала бересиң, болбосо артка ыргыйсың. Тизмедеги өйдө-ылдый орун эмес, алган добушуна жараша мандат берилет. Эл ошону түшүнбөй эле, мобу саясатчылар тизменин башында экен ошону шайлайм деп атканы жаңылыштык. Көп партияларда мына ушул маселеден көп ызы-чуу болбоду беле. Арыз жаздырып, аны видеого тартып алышып, кийин БШКга арызданышып кайрылышпады беле. Кийин мандат бөлүштүрүп келгенде эле эч ким тааныбаган байлар, криминалдар келип калган учурлар болду эле го”, -деди саясатчы Айбек Бузурманкулов.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” партияларындагы мандат бөлүштүрүүдөгү  айрым чырлар Жогорку Сотко чейин жеткен. Мандат талашкандар арасында азыркы вице-премьер министр Аида Исмаилова, депутаттар Курманкул Зулушев, Алиярбек Абжалиев жана башкалар бар эле.

Бул жолу партиялар тизмедеги алдыңкы “жарнамалык” орундарын кандай шарттар жана макулдуктар менен соодалап жатканы белгисиз.

Бирок айрым партиялардын "алтын" орундарына мурда кийин өкмөттө иштеп байыгандар, эски саясатчылар илингенине коомдо нааразылык көп айтылып жатат. Бирок шайлоого чыгымдуу процесс экенин эске алганда, андай чечимдер артында эмне турат, айтпаса да түшүнүктүү.

Эксперттер кыргыз саясатында дагы деле вождизм (жогорку бийликке ээ болгон адамга берилип кызмат кылууга негизделген бийликтик мамиленин тиби) өкүм сүрөрүн белгилешет. Бул өзгөчө шайлоо маалында байкалат, шайлоочулардын чандасы гана программаларга көңүл бурбаса,  негизинен добуштар партия лидерлерине, тизмедеги адамдарга берилет.   

 “Тилекке каршы, шайлоочулар партиялардын программасына үстүртөн көңүл бурушуп, талапкерлер тизмесине көңүл бурушат. Тигил же бул талапкер биздин аймактан, жердеш экен деп, ошонусуна көңүл буруп коюушу мүмкүн. Дагы бир маселе, көптөгөн шайлоочулар шайлогоо бир же эки күн калганда деле кимге добуш берерин билишпейт. Ошондон улам, алардын добушун сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калып атат”,-  деди “Таза Шайлоо” ассоциациясынын мүчөсү Тагир Осмоналиев.

Боршайком билдиргендей, он партия активдүү үгүт өнөктүгүнө чейин эле жарыштан чыкты.  Айрымдары биригүүлөргө барса, айрымдары беш миллион сомдук күрөө акыны көтөрө алган жок.

Калгандары шайлоого даярдык менен алек, үгүткө расмий старт 4-сентябрда берилет.

БШК быйыл жаңы “Талапкер” аттуу маалыматтык ресурс иштеп чыкты. Ал жерде партия тууралуу жалпы маалымат, тизмелер жайгаштырылат.  Шайлоо тууралуу жаңы эрежелерге ылайык, партиялар тизмесин каттаткандан кийин беш күндүн ичинде кайсы бир ЖМКда программасын жарыялап, аны милдеттүү түрдө БШКнын сайтына да бериши керек.

“Шайлоочу партия кандай программа менен шайлоого баратат, кандай көйгөйлөрдү кантип чечкени атат, билиши керек. Бул ошондой эле партиялардын убадаларынын аткарышына көзөмөл болот”,деген эле буга чейин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Мыйзам боюнча тизмелер  БШКга 24-августка чейин тапшырылат. Андан кийин он күн талапкерлердин документтери текшерилип,  каттоого алынат.  

Кыргызстан парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.