You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Элдик курултай: максаты жана жыйынтыгы
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда Курултай институтунун коомдогу орду боюнча көптөгөн талкуулар айтылып жүрөт. Мындан үч жыл мурун уюм кыргыздын ата-бабадан калган салт-санаасына таянып, коомдун өнүгүүсүнө жаңыча багыт берүүчү орган катары түзүлгөн. Жер-жерлерден дайындалган 700 делегат 20-декабрда кайрадан борбордо чогулат. Бирок курултай өз миссиясын канчалык деңгээлде ишке ашырып жатат жана коомдун өнүгүүсүнө кандай салым кошо алды деген суроолор ачык бойдон калууда.
Баймурат Бекмуратов алыскы Баткендин Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынан курултайга делегат болуп шайланды.
Айтымында, 7-декабрда айыл өкмөткө караштуу төрт айылда эл жыйынга чогулуп, алардын көйгөйүн жана сунушун бийликке жеткирүү үчүн аны тандап алышкан.
Он алты миңден ашуун тургуну бар бул айылдык аймакта Кыргызстандын көпчүлүк айылдары сыяктуу эле чечиле элек көйгөйлөрү арбын.
"Айыл эли жол, жерди трансформациялоо, таза суу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо сыяктуу бир топ көйгөйүн жогору жакка жеткирүү үчүн мени жиберип жатат",- деди ал.
"Курултайдын максаты бир айылдын көйгөйүн чечүү эмес"
Профессор Бекбосун Бөрүбашовдун айтымында, курултайдын негизги миссиясы көйгөйлөрдү талкуулап тим болбостон, аларды чечүү жолдорун сунуштоо болуп эсептелет. Бирок, учурда бул орган өзүнүн милдетин толук кандуу аткара албай жатат.
Бөрүбашов белгилегендей, келечекте курултай коомдук аң-сезимге жана бийликке таасир этүүчү уюмга айланышы керек.
"Курултай саясий система болуп эсептелет, бирок башкаруу системасына кирбейт. Анын максаты бир айылдын көйгөйүн эмес, жалпы коомдун көйгөйүн чечүүнүн жолдорун сунуштоо",- деди ал.
Курултайды ата-бабалардын салт-санаасына таянган институт катары сүрөттөгөн профессор, жер-жерлерден делегат болуп келгендер акылдын, сөздүн күчү менен коомду жана бийликти туура жолго багыттай алгандай таасирге ээ болуусу керек дейт:
"Илимге таянсак коомду өнүктүрүүнүн төрт чоң багыты бар. Экономикалык, саясий, социалдык жана маданий. Делегаттар ушул боюнча мыкты сунуштарды бергенге жөндөмдүү болуусу керек. Уюштурууда ушуга көңүл бурбай жатабыз. Анын ордуна делегаттарга сенин айылыңда кандай көйгөй бар? Ошолорду айтып бер деген мамиле болуп жатат. Кыргызстандын айылдарында дагы, шаарларында дагы көйгөйлөр коёндой окшош. Бирок элдик курултайга келгендердин максаты көйгөйүн айтуудан мурун, аны чечүүнүн жолдорун сунуштоо болуусу керек. Биз ошол деңгээлге жете албай жатабыз",- деди Бөрүбашов.
Айтымында, жарандык коом күчтүү деген Кыргызстанда алардын ишмердүүлүгүн эффективдүү багыттоо үчүн курултай маанилүү аянтча катары каралышы керек болчу.
Жарандык коомдун өкүлдөрү ушул орган аркылуу биригип, мамлекеттик жана коомдук маселелерди чечүүгө багытталган конструктивдүү программаларды сунуштагыдай уюмга айланышы керек эле.
"Эл көтөргөн көйгөйдүн бир тобу чечилди"
Курултайдын катчылыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мамбеткерим Чекиров жүрүп жаткан даярдык боюнча айрым маалыматтарды билдирди.
Ал өткөн жылдагы курултайдын жыйынтыгы жана делегаттарды тандоо маселеси боюнча оюн ортого салды.
Чекировдун айтымында, былтыр жыйынга чогулгандардан 3000ден ашуун сунуш түшүп, алардын бир тобу ишке ашкан.
"Былтыркы жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү маалыматтын баары президентке жөнөтүлүп жатат. Азырынча ачыктай албайм. Бирок мурдагы жылдагы курултайга салыштырмалуу бул жолу иштин аткаруу көлөмү жогору болду", - деди ал.
Ошондой эле аймактардан делегаттарды тандоодо көңүл бура турган жагдайлар арбын экенин кошумчалады.
Чекиров делегаттарды тандоодо алардын кесипкөйлүгүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду. Элдин бул маселени туура түшүнүп, татыктуу адамдарды тандоосу маанилүү экенин айтты.
"Курултайда ички жана тышкы саясатка байланыштуу олуттуу маселелерди көтөрүп, долбоорлорду сунуштаган делегаттар керек. Интеллигенция өкүлдөрү, жогорку билимдүү адамдар болушу зарыл. Канчалык билими терең адам келсе, ошончолук чоң маселелер көтөрүлүп, натыйжалуу чечимдер кабыл алынат. Жаратман, көз карашы жаңыча болгон жигит-кыздар активдүү ролду ойношу керек",- деди ал.
Катчылыктын маалыматына караганда, жергиликтүү бийлик уюштуруу иштерине гана көмөктөшөт, ал эми делегаттарды сунуштоону жана тандоону эл чечет.
Элдик курултай алгачкы ирет 2022-жылы ноябрь айында өткөн. Ал учурда тиешелүү мыйзам жоктугуна байланыштуу, президент бекиткен убактылуу жобонун негизинде уюштурулган. Ошол кезде бир катар депутаттар жана эксперттер аны мыйзамсыз деп каршы болушкан.
Кийин "Элдик курултай жөнүндөгү" мыйзам долбоору сунушталып, парламентте бир топ талаш-тартышка туш болгон. Мыйзам долбоору кайра-кайра артка кайтарылып, көптөгөн талкуулардан кийин гана кабыл алынган.
Ошентсе дагы адистер мыйзамдын иштөө механизмдери жана мазмуну боюнча айрым кемчиликтер бар экенин белгилешет.