You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Үй карантинин бузган жети киши жаза алат
Кыргызстанда жети киши үй карантиндин эрежесине баш ийбегени үчүн административдик жоопко тартылат. Арасында эскертүүлөргө карабай, дааватка чыгып, айыл кыдыргандар бар.
Үй карантиндин эрежелерин сактабаган Ысык-Көл облусунун эки, Нарын облусунун беш жараны Жоруктар жөнүндөгү кодекске ылайык 20 миң сомдон башталган айып пулду төлөөгө милдеттендирилет.
“19-апрелде Каракол шаарынын тургуну үй шартындагы карантиндин эрежелерин бузуп, үйдүн сыртындагы “карантин” деген жазууларды сыйрып, тартылган ленталарды жулуп, качып кетүүгө аракет жасаганы аныкталды. Аталган факты Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-1-беренесинин 1-бөлүмү (Өзгөчө кырдаалдар режиминин шартында чектөө киргизилген чаралардын талаптарын бузуу) менен катталган. Жогорудагы берененин негизинде жаран С.Н. 1-категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазасын алат”, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
ИИМ мындан сырткары Ат-Башы районунда Индиядан келген эки жаран үй карантининде болууга тил кат жазып бергенине карабай, көчөгө чыгып кеткенин кабарлады. Маалыматка ылайык, алар блокпосттордон алдоо жолу менен өтүп, айыл кыдырып дааватка чыгышкан. Аталган жарандарга да жогорудагыдай жаза берилет.
Буга чейин Нарында коронавирус алгач катталганда аны тараткан киши Индиядан келгени, үй карантиндин режимин сактабай көп киши менен байланышта болгонун маалымат каражаттары жазышкан.
Коомдук тармактарда бул окуялар талкууга алынып, түрдүү пикирлерди жаратты. Кыргызстанда вирус биринчи болуп Сауд Арабиядан кичи ажылыктан келгендер менен алардын жакындарынан чыккан.
Кичи ажылык сапарларын уюштурган “Аййылдыз” туристтик агенттигинин өкүлү Максатбек Чалов эпидемиянын башталышын дин тутунган адамдарга такоо туура эмес экенин, бул багытта атайын коомдук пикир жаратуу аракетин байкаганын Би-Би-Сиге айтып берди.
“Вирус дүйнөдө тарап жатканына карабастан Кыргызстанда коронавирусту умрага баргандар таратты деген коомдук пикир жаралды. Бул менимче туура эмес. Динден алыс адамдар табалап эле жатып калды. Алды бизди жоопко тартыш керек дегенге чейин барышты. Биз өлкөгө чыккынчыдай бааланып калдык. Биз жумушубузду өтө тактык менен аткаргандыктан мамлекеттик органдарга, Казыят, Муфтиятка умрага барып келгендердин баарынын байланыштарын, даректерин берип, токтотуп калганга мүмкүн болду деп эсептейм. Эгер вирус умрадан гана келчү болсо, Өзбекстандан ал жакка күнүнө 400 адам кетет. Эмнеге аларда эпидемиянын башталышына умра себеп болгон жок?”.
Өкмөт өкүлдөрү үй карантининде болбой чыгып кеткен жарандар көп экенин айтып келет. Аларды көзөмөлдөп туруу үчүн телефонго атайын программаларды орнотушкан.
"Бул абдан оор жумуш болуп жатат. Эл укпайт экен, түшүнбөгөндөр да чыгып жатат. Биз геолокацияны түзгөнбүз. Өздөрүнүн каалоосу менен көзөмөлдө болууга кол коюп беришкен. Ошол жерден биз айрымдарын көрүп, алар тынбай эле кыдырып басып жүргөндөй ой кетет”, - деген эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламентте.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жарандар көзөмөлдөн качыш үчүн телефонун таштап чыгып жатышканын айткан.
Парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков өкмөттү жоопкерчиликсиз жарандарды катуу жазага тартууга чакырган.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Кубанычбек Калмаматов 30-апрелге карата үй карантиндегилер тууралуу маалымат берди:
“Республика боюнча 253 мобилдүү топ иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 81 миң 36 киши көзөмөлдөн өттү. Алардан 52 миң 328и карантинден чыгарылды. Ушу тапта үй карантининде 28 миң 708 киши бар”.
11-майга чейин вирустун очогу деп табылган 114 калктуу конушту медкызматкерлер кыдырып текшерип чыгышат.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 5-февралдан бери 51 миң 600гө чукул үлгү анализге алынып, болжолдуу жүзү калып, калганы жасалды.
Байланышта болгондор бүгүнкү күнгө 3000ден жогору. Обсервацияда 864 киши жатат.
30-апрелге коронавирус жуктургандардын саны 746га жетти, алардын 462си айыкты.