Кыргызстан Казакстанга аскер жөнөтөбү деген маселе парламентти түйшөлттү
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Social media
Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмуна мүчө мамлекттердин катарында Кыргызстан дагы Казакстанга аскер күчтөрүн жөнөтөбү же жокпу деген маселе парламентте талкууланды.
Ошол эле учурда имараттын сыртында бир нече киши чогулуп, аскер жөнөтүүгө караманча каршылыгын билдирүүдө. Алар негизинен ЖККУ буга чейин Кыргызстанга зарыл учурда көмөк көрсөттү беле, коңшу өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө негиз барбы деген сыяктуу суроолорду коюуда.
Парламенттеги жыйын учурунда атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев бул маселе өтө талылуу экенин белгилеп, Казакстандан улам жаңы маалыматтар келип жатканын билдирди. Ал ошондой эле Казакстандын жалпы аймагында терроризм коркунучу бар деген маалымат дагы түшкөнүн кошумчалады. Ушул сыяктуу бир нече жүйөнү келтирип, аскер жөнөтүү чечими бийлик үчүн дагы жөнөкөй эле маселе эместигин билдирди. Депутатардын суроолоруна жооп берип жатып эки өлкөнүн ортосундагы жети өткөрмө бекеттин төртөө жабылганын айтып, бирок муну Казакстан тарап “керек болсо жаап салабыз деген ишарат кылды” деп түшүнүп албоого чакырды.
Айрым депутаттар гуманитардык жардам жөнөткөн шартта дагы ЖККУнун жобосун сактап, көмөктөшкөн болобуз десе депутат Нуржигит Кадырбеков адам өмүрүнө байланышкан чечим боюнча жоопкерчилик алууга даяр эместигин билдирип, кайчы пикирлер айтылды. Камчыбек Ташиев депутаттык тажрыйбасы бар экенин айтып, шайлоого даярданчу учур эмес деп депутаттын жүйөсүн кескин жооп кайтарды.
Бир топ ача пикирлер айтылган соң эмоцияга алдырып, ачык жарыялабай турган маалыматтар дагы айтылып калбасын деген жүйө менен парламент жыйынды жабык уланта турган болду.
Коомчулукта учурунда Кыргызстан бир нече жолу оор сыноолорду башынан өткөрүп, кырдаалдан өз алдынча чыкканы туура болгонун убакыт далилдеди. Казакстан дагы өз ишин өз алдынча чечсин дегендер бар. Бирок, Казакстандагы абал ал мамлекет эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн маанилүү экенин айтып чоң тобокелдердин алдын алуу үчүн Кыргызстан уюмдун чечимин колдошу керек деп бири-бирине кайчылаш пикирлер айтылууда.
Генерал Феликс Кулов Кыргызстан аскер жөнөтүп, бирок аларды жай тургандарога каршы коюп же бийликти коргоого пайдаланууга такыр болбой турганын жазды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Парламенттин депутаты Эльмурза Сатыбалдиев болсо аскер күчүн жөнөтүү Конституцияга дагы каршы келээрин айтып, аскер жөнөтүүгө каршы экенин Би-Би-Сиге билдирген.
Депутаттын жообун төмөнкү шилтемени басып, толук көрсөңүз болот
Бирок ошол эле учурда Кыргызстан уюмга мүчө экенин, анын кабыл алган чечимдерин аткаруу милдетин алганын айткандар бар. Генерал Токон Мамытов ЖККУ керек учурда Кыргызстанга качан жардам берди эле деген суроолордон тарта, анын мыйзамдык жагын дагы кенен талдап берди. Аны бул шилтемени басып, толугу менен көрсөңүз болот.
Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөрмө бекеттерин жапты деген кабардан улам азык-түлүк маселеси кандай болот дегендер дагы бар. 2-январда Маңгыстау областында башталган митинг Казакстандын башка шаарларына тездик менен жайылып, нааразылыкка чыккандар менен полиция, аскер күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар дагы болду. Каза тапкандар, жаракат алгандар бар экенин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу учурунда ырастаган эле.
Буга чейин Казакстанга Орусия менен Белорусиядан аскер күчтөрү келди.































